BlogerBol3.0 — бул өлкөбүздүн бардык аймактарынан келген жаңыдан баштап жаткан блогерлерди коомдук тармактарда коомдук маанидеги контент менен бөлүшүүгө үйрөтө турган аянтча.
Бул жолу төмөнкү үч темага басым кылынды: маданият жана тарых, экология жана сарамжал керектөө, гендердик теңдик жана үй-бүлөдө зордук-зомбулуктун алдын алуу.
Долбоордун координатору Исмаил Карыпов белгилегендей, долбоордун максаты – жөн гана адамдарды чогултуп алып окутуу эмес, негизгиси – коомдук тармактарда жакшылык, адамдар жана бардык жандыктарга жакшы мамиле жөнүндө жаркын маанайдагы, окутуп-үйрөтүүчү контентти түзсө болоорун көргөзүү болду.
Биринчи күнү блогер жана тиктокер Зара Сыдыгалиева вирустук контенттин коомдук тармактарда таркатылышынын өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берип, лайфхактары, аспаптары жана көндүмдөрү менен бөлүштү.
«Баштаааа!» инстаграм-каналынын негиздөөчүсү Азат Рузиев жаркын маанайдагы контентти жаратуу боюнча практикалык окутуу өткөрдү. Ал акыркы кезде адамдар жаңылыктарга көп кызыкпай калганын, окутуп-үйрөтүүчү же маселени чечүү жолдорун көрсөткөн контентке, башкача айтканда эксплейнер (түшүндүрүү) жанрындагы кыска видеолорго кызыгуу чоң экенин белгиледи.
Ал ошондой эле ЖИни сапаттуу жана башка эч кимдикине окшобогон видеоконтентти жаратууда кантип колдонсо болорун айтып берди.
Маданият жана тарых бөлүмүндө Назикбек Кадырмышев (Элери Битикчи) коомдук тармактарда жайылтса боло турган адамдарга аз белгилүү тарыхый фактылар жана изилдөөлөр жөнүндө айтып берди.
Ал блогерлерди ошондой эле тарых тууралуу айтып берүүнүн стилинин өзгөчөлүгү менен тааныштырып, чечмелөөнүн жана түшүндүрүүнүн мисалдарын келтирди.
Гендердик маселелер боюнча адис Азиза Мурзашева гендердик теңчилик жана үй-бүлөдөгү мамилелер маселелери боюнча маалымат берди.
Ал зордук-зомбулук деген эмне экенин, эки адамдын ортосундагы мамилелерде кайсы жагдайлар тынчсыздандырышы керектигин, зордук-зомбулук болгон учурда эмне үчүн унчукпай коюу туура эмес экенин айтып берди. Ошондой эле жаңыдан үйрөнүп жаткан блогерлер шыктандыруучу контенттердин мисалдары менен таанышышты.
Тренер жана психолог Азат Мурадил жана эксперт Гүлмира Эсенгелди катышуучуларга климаттын өзгөрүшү, Кыргызстандагы экологиялык маселелер, блогерлердин, экоактивисттердин максаты жана экологиялык маселелер боюнча маалымат булактары тууралуу айтып беришти.
Үчүнчү күнү блогерлер өзүлөрүнүн идеяларын сунушташты. Жюри питчингдин жыйынтыгы боюнча, 25 катышуучунун ичинен идеялары мыкты деп табылган 14 кишини тандап алды. Алар Интерньюстун стипендиаттары болушат жана жакынкы беш ай аралыгында менторлордун жардамы менен өзүлөрү тандап алган теманын алкагында контентти жаратып турушат.