Интерньюс Кыргызстандагы блогдердик чөйрөнү өнүктүрүүнү колдоп келет, мисалы: кызматташуу, өсүү жана өнүгүү үчүн аянтчаларды түзүүдө. Биз жаш социалдык медиа контент жаратуучуларын айлана-чөйрө, билим берүү, медиа сабаттуулук, маданият, тарых жана салт сыяктуу ар түрдүү темалар боюнча конструктивдүү диалогго тартабыз.
Жаштарды жана блогерлерди колдоо “KurulTime” сыяктуу ири иш-чараларды камтыйт. Бул Борбор Азиядагы биринчи масштабдуу блогерлер фестивалы.
BloggerBol” – бул өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген блогерлерди социалдык тармактарда социалдык маанилүү контентти жайылтууга үйрөтүүчү платформа. Ошондой эле Кыргыз Республикасындагы социалдык жоопкерчиликтүү блогерлердин профессионалдык өсүшүнө көмөктөшүүчү башка биргелешкен иш-чараларды өткөрөбүз.