Блогерлердин үчүнчү тобу коомдук тармактар үчүн кыргыз тилиндеги социалдык маанилүү контентти түзүү боюнча лабораторияны аяктады.
13 блогер-стипендиат 2024-жылдын июнь айынын ортосунан ноябрь айынын ортосуна чейин беш ай аралыгында ар түрдүү контент жаратышты.
Лабораторияга Кыргызстандын ар башка аймактарынан: Чүй, Ош, Нарын жана Талас облустарынан улан-кыздар катышты.
Бул убакыт аралыгында 222 материал даярдалып, алар менен коомдук тармактардын 1,3 млн колдонуучулары таанышканы жетишти.
Блогерчиликти жаңы өздөштүрүп жаткандар үч багыт боюнча контент даярдашты:
— Маданият жана тарых: маданий мурас болуп саналган салт-санаалар, тиричилик, искусство;
— Экология: климаттын өзгөрүшү, анын кесепеттерин жумшартуу жана ага ыңгайлашуу, айлана-чөйрө, жашыл экономика;
— Гендердик теңчилик: аял-затына жана балдарга карата үй-бүлөдөгү гендердик маселелер жана зомбулук көрсөтүү.
Долбоордун координатору Исмаил Карыпов маанилүү контентти даярдоо боюнча чоң иш жасалганын белгиледи.
Окутуу семинарларында блогерлер кыргыз элинин тарыхы, салты жана маданияты боюнча көп жаңы билим алышып, унутулуп бараткан салттар, ырым-жырымдар, көчмөн элдин жашоосунда колдонулган эмеректер, буюмдар тууралуу маңыздуу жана кызыктуу контент жаратышты.
Ошондой эле экологиялык жактан таза керектөө жана аудиториянын экологиялык аң-сезимине таасир этүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча көптөгөн актуалдуу маалыматтарды алышты.
Быйыл #BloggerBol лабораториясы темалар боюнча билимди тереңдетүүгө жана техникалык көндүмдөрдү жакшыртууга багытталды.
Лабораторияга катышуу менен жаңы баштап жаткан блогерлер баракчаларына жазылгандардын санын көбөйтө алышты, ал эми айрымдары жарнама да тарта алышты.
Программаны аяктагандарга Кыргызстандагы Интерньюстун сертификаттары тапшырылды.
#BloggerBol – бул коомдук тармактарда кыргыз тилиндеги коомдук маанидеги сапаттуу контентти жаратууга кызыккан блогерлер менен контент-жаратмандар үчүн аянтча болуп эсептелет.
Тема боюнча:
#BlogerBol3.0. Коомдук тармактар үчүн коомдук маанидеги контентти жаратуу боюнча лаборатория
Ылдыйда #Bloggerol3.0. лабораториясына катышкандардын эң кызыктуу материалдарына шилтемелер келтирилет:
Калдыктар жана таштандылар жөнүндө, «Кыскача» каналынын автору Кутман Каленов.
Ырым-жырымдар, үйдүн энергетикасы жана аны арчалоо тууралуу материалды Перизат Бегиш кызы даярдады.
Саякатчы-блогер Бектур Мойдунов Нарын облусунун Баш-Кайыңды капчыгайындагы шаркыратма тууралуу кызыктуу видео жаратты.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Гүлнур Жээмбекова өз баракчасында кыргыз камычысы тууралуу айтып берди.
Айсулуу Койчубек кызы «Кыргызча блогдо» экологиялык жактан таза керектөө тууралуу баяндайт.
Дилбара Орозкожо кызы өз баракчасында Чыңгыз Айтматовдун «Жамиля» повестинин айланасындагы окуяга кайрылды.