Европа Биримидиги каржылаган “Динамикалык чөйрө үчүн туруктуулук жана ар кыл маалымат менен аракеттешүү” (REVIVE) долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн Борбор Азиядагы медиакеректөөгө экспресс-баалоонун жыйынтыктары сунушталат.
Бул талдоо Европалык коңшулук кеңеши тарабынан 2022-жылдын августунан ноябрына чейин жүргүзүлүп, медиакеректөөнүн Казакстандагы, Кыргызстандагы, Тажикстандагы жана Өзбекстандагы окшоштуктарын жана айырмачылыктарын көрсөтөт.
Иш-чарада жүргүзүлгөн талдоонун негизги жыйынтыктары сунушталат, мисалы, Борбор Азиянын калкы маалыматтын жана жалган маалыматтын кандай турлөрүн керектейт, ошондой эле эл аралык жана аймактык геосаясий окуялардын Борбор Азиядагы медиакеректөөгө таасири, аймактын тургундары жаңылыктардын кандай альтернативдүү булактарына ыктай тургандыгы тууралуу маалыматтар берилет.
Талдоонун алкагында Орусиянын Украинага кол салуусуна Борбор Азия калкынын мамилеси да изилденди. Жаштар, кары адамдар, тили боюнча азчылыктар сыяктуу жалган маалыматка көбүрөөк кабылган топтордун мамилесине өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чара учурунда контент өндүрүүчүлөр, жарандык коомдук уюмдар максаттуу аудиторияга жеткен натыйжалуу контентти кантип өндүрө алыша тургандыгы жана өкмөттөр, өнүктүрүү багытында иш алып барган негизги донорлор Борбор Азия тургундарынын анык, туура маалыматтарга жетишине кандай жардам берише алгандыгы тууралуу маалыматтар берилет.
“Борбор Азия өлкөлөрүндөгү медиакеректөөнү изилдөөнүн жыйынтыктарын сунуштоо – REVIVE долбоорундагы маанилүү окуя болуп саналат. Биз аймактагы абалды изилдөөдөн сырткары, борборазиялык ЖМКларга сапаттуу контентти өндүрүү, аудиторияны терең аңдап билүү жана аны көбөйтүү боюнча колдонмо сыяктуу документти сунуштоону максат кылганбыз”, – деди REVIVE долбоорунун жетекчиси Вадим Садоншоев.
Европа Биримидиги каржылаган “Динамикалык чөйрө үчүн туруктуулук жана ар кыл маалымат менен аракеттешүү” (REVIVE) долбоору Борбор Азиянын калкы негиздүү чечимдерди чыгара алышы үчүн аларды сапаттуу маалыматтар менен камсыздоо аракетиндеги көз карандысыз медиасубъектерге колдоо көрсөтүүгө жана жалган маалыматтарга туруктуу медиааудиторияны калыптандырууга багытталган. Долбоорду эл аралык бейөкмөт уюуму Internews ишке ашырып келет.
Долбоордун максатына жетиш үчүн Интерньюс төмөнкү эки көрсөткүчкө басым кылат:
1) журналисттердин жана контент өндүрүүчүлөрдүн сапаттуу контентти коопсуз өндүрүү жана жайылтуу, биргелешкен өлкөлөр аралык долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө;
2) активдүү жарандардын жана жаштардын медиачөйрөдөгү сабаттуулугун жана сапаттуу маалыматтар менен иштешүүсүн жогорулатууга.
Толук талдоону бул жерден таба аласыз.
Долбоор 18 айга эсептелген. Негизинен көз карандысыз медиа-кесипкөйлөр, контент өндүрүүчүлөр, жарандык активисттер жана бейөкмөт уюмдар менен иш алып барылат.
Долбоордун жалпы бюджети 3,8 млн еврону түзөт.
Кененирээк маалымат алыш үчүн REVIVE долбоорунун аймактык байланыш координатору Ольга Королёва менен [email protected] эл. почтасы жана +7 707 139 5395 (WhatsApp, Telegram) телефону аркылуу байланышкыла.