Казакстанда, Кыргызстанда жана Тажикстанда бир эле маалда “Медиа сабаттуулук кербени” аттуу маалыматтык өнөктүгү башталууда.
Бул жылы жумалык “Маалыматтын жаңы санариптик чеги: коомдук маалыматтын кызыкчылыгында медиа жана маалыматтык сабаттуулук” деген темада 24-октябрда башталып, 31-октябрда жыйынтыкталат.
Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча октябрдын акыркы аптасында глобалдык медиа сабаттуулук жумалыгы өтүп келет.
Өнөктүктүн максаты – үч өлкөнүн аудиториясын жалган маалыматка, манипуляциялоого жана кастык тилине көбүрөөк туруштук бере алуусуна көмөктөшүү.
Борбордук Азиядагы медиа сабаттуулук жумалыгын белгилөөгө Казакстандан, Кыргызстандан жана Тажикстандан үч уюм кошулду. Жумалык Борбордук Азиядагы “Ишенимдүү окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу (CARAVAN)” долбоорунун колдоосу менен өтөт. Долбоорду Европа Биримдиги каржылап, Internews ишке ашырууда. Сегиз айдын ичинде үч өлкөдө үч уюм жергиликтүү өнөктүктөрдү, регионалдык иш-чараларды өткөрүү үчүн биригишет. Ошентип, “Медиа сабаттуулук кербени” Борбордук Азиянын бир нече өлкөлөрүн кыдырып чыкмакчы.
“Медиа сабаттуулук кербени” аудиторияга жаңылыктарды жакшыраак түшүнүүгө, тең салмактуу фактыларды бир жактуу маалыматтардан айырмалоого, келтирилген жүйөлөрдү талдоого, ошондой эле окуяларды калыс чагылдыруу менен үгүттүн ортосундагы айырманы түшүнүүгө жардам берүү максатын көздөйт.
Казакстанда “Тимур Бекмамбетовдун Маданий демилгелеринин жеке фонду” “Фактчекер: санариптик мейкиндиктеги калпты ашкерелөө” өнөктүгүн баштап жатат, анын алкагында “Фактчекер” онлайн-тренажер форматында веб-оюнду чыгарып, социалдык тармактарда билим берүү контентин жайылтып, ошондой эле казакстандыктардын көңүлүн медиа сабаттуулук темасына бурган иш-чараларды өткөрүү пландалууда.
Кыргызстанда жамааттык ЖМКлардын Ассоциациясы жалган маалыматтарды жана фейктерди аныктаган интерактивдүү картаны ишке киргизип, өлкөнүн 30 аймагында окутуучу викториналарды өткөрөт. Сериал-подкастта жалган маалымат, санариптик алдамчылык боюнча кейстер талданат, “Акмат жана Ташмат” комикстеринин каармандары тамашалуу формат аркылуу сынчыл ой жүгүртүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө сөз кылышат. Комикстерди өлкө боюнча медиа бурчтардын жазылуучулары окуй алышат.
Тажикстанда “Равзана” коомдук бирикмеси factcheck.tj платформасы менен бирге “Жалаң гана чындык” өнөктүгүнүн алкагында компанияларда жана университеттерде мастер-класстарды, тренингдерди уюштурат, үзгүлтүксүз түрдө контент (лонгриддерди, инфографикаларды, кыска видеороликтерди жана рилстерди) даярдайт, онлайн-квиздерди жана конкурстарды өткөрүп, микроблогерлердин арасында чакан марафонду баштайт.
Калктын сынчыл ой жүгүртүүсүн жана санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү жалпы өнөктүктүн маанилүү өңүтү болуп саналат. Бул көндүм адамдарга фейктерди таанып-билүүгө, маалыматтын тууралыгын талдоого жана анын булактарын баалоого жардам берет. Мындан тышкары, өнөктүк медиалар ортосундагы регионалдык кызматташтыкка көмөктөшүп, тажрыйба алмашуу жана жалган маалымат менен күрөштө күч-аракеттерди бириктирүү үчүн шарттарды түзүп жатат.
“Биздин максатыбыз – Борбордук Азиядагы адамдарга көбүрөөк маалымдар болууга, манипуляциялоолордон жана жалган маалыматтардан коргоого жардам берүү. Биз ар бир адам чөлкөмдө медиа мейкиндиктин туруктуулугун колдоо менен маалыматты сын көз менен баалап, аң-сезимдүү тандоо жасай ала турган шарттарды түзүүгө умтулуп жатабыз”, – деп белгиледи долбоордун жетекчиси Вадим Садоншоев.
30 айга эсептелген CARAVAN долбоору 2024-жылдын 1-апрелинде ишке ашырыла баштаган. Ал аймакта медиасабаттуулукту жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүнүн үстүндө иш алып барган өнөнктөрдүн ортосундагы көп мөөнөттүк жана ишенимдүү мамиле-алакаларды түзүүгө багытталган, бул өз кезегинде Борбор Азия өлкөлөрүнүн тургундарына маалыматтарды туура кабылдоого, өз пикирин түзүүгө жана маанилүү чечимдерди кабыл алууга жардам бермекчи.
Сегиз ай аралыгында үч өлкөдө үч уюм жергиликтүү кампанияларды уюштуруп, аймактык иш-чараларды уюштуруу үчүн биригишмекчи.
“Медиа сабаттуулук кербени” “Ишенимдүү окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу (CARAVAN)” аттуу регионалдык долбоордун алкагында өтөт. Долбоорду Европа Биримдиги каржылап, Internews ишке ашырууда.
Байланыш үчүн маалымат:
Тынымгуль Эшиева, CARAVAN долбоорунун маалыматтык өнөктүктөрүнүн аймактык консультанты, Моб: +996555755307, E-mail: [email protected]