Earth Journalists Network (EJN) Internews 2024-жылдын октябрь жана ноябрь айларында Колумбиянын Кали шаарында өтүүчү БУУнун биологиялык ар түрдүүлүк боюнча конференциясын (UNCBD COP16) чагылдырууга кызыккан журналисттер үчүн стипендия алууга сынак жарыялады.
Earth Journalists Network бул иш-чарага катышууга жана чагылдырууга кызыккан журналисттер үчүн жаңы стипендиялык программаны ишке киргенин маалымдайт. Бул кирешеси төмөн жана орто өлкөлөрдүн журналисттерине конференцияны чагылдырууга мүмкүндүк берет жана ошол жердеги кабыл алынган негизги жыйынтыктар, чечимдер тууралуу жыйындар залдарынан тышкары аудиторияга жеткиликтүү болушун камсыздоону максат кылат.
Стипендия биоартүрдүүлүк маселелерин журналисттик чагылдырууну күчөтөт жана тереңдетет жана биологиялык ар түрдүүлүктүн кыскарышынын кеңири таралган, катастрофалуу жана көп учурда бааланбаган кесепеттерине көңүл бурат.
Маанилүү! Бул англис тилин жакшы билген журналисттер үчүн стипендиялык программа.
Стипендиялык логистика
Стипендиаттар 2024-жылдын 21-октябрынан 2024-жылдын 1-ноябрына чейин боло турган БУУнун биологиялык ар түрдүүлүк боюнча сүйлөшүүлөрүнө катышуу үчүн Калиге барышат. Кайрадан кайтуу 2024-жылдын 19-октябрына жана учуу 2024-жылдын 2-ноябрына пландаштырылган.
EJN стипендиялык программага катышуу менен байланышкан эконом-класстагы авиабилет, жатакана, тамактануу, саякатка медициналык камсыздандыруу жана трансфер үчүн кеткен кайтарылгыс чыгымдарды камтыйт.
Уюштуруучулар ошондой эле басма сөздү аккредитациялоо процессине көмөктөшөт жана сапарга байланыштуу логистикалык колдоо көрсөтөт.
Эсиңизде болсун, EJN визалык чыгымдарды төлөп берет, бирок талап кылынган визаларды алуу процесси бир гана стипендиаттын жоопкерчилигинде экенин эске алыңыз.
Кеминде беш журналист толук убакыттагы стипендия программасына катышуу үчүн тандалып алынат.
Жакынкы айларда катышуучулардын тизмесин кеңейтүү каралышы мүмкүн.
COP16га чейин, стипендиаттар конференцияны чагылдырууга даярдануу үчүн маалыматтык ресурстарды жана техникалык колдоону алышат, анын ичинде сиз команда менен жолугушуп, камтуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулай турган виртуалдык семинарды жана COP алдындагы ишиңизди колдоо үчүн бардык суроолорго жооп алсаңыз болот.
Калиде жүргөндө стипендиаттар атайын иштелип чыккан бир катар иш-чараларга катышат, алар: биологиялык ар түрдүүлүк боюнча эксперттер менен бул КОПтун негизги маселелери боюнча ориентациялык сессиясы, күнүмдүк брифингдер жана жогорку кызмат адамдары менен маектер.
Алар ошондой эле EJN тренерлеринин – мурда БУУнун саммиттерин чагылдырган тажрыйбалуу журналисттердин насаатчылык колдоосуна ээ болушат. Насаатчылар жер-жерлерде талкуу боюнча зарыл болгон түшүндүрмөлөрдү беришет, керек учурда, макалаларды чыгарууда стипендиаттарга жардам берүү үчүн сын-пикир айтып, багыт беришет. Стипендиаттар, ошондой эле, менторлор тобу менен өз ара жана натыйжалуу чагылдыруу үчүн пикир алмашып турушат.
Стипендия алган журналисттер саякаттоо учурунда өздөрүнүн коопсуздугу үчүн жана бардык саякатка жана иш-чарага катышуу талаптарын сактоого милдеттүү.
Талапкерлерге коюлуучу талаптар
Стипендия алуу үчүн, төмөндөгү талаптарга ылайык талапкер керек:
– Кесипкөй журналист болуңуз же кадыр-барктуу ЖМКнын өкүлү болуңуз, же кирешеси төмөн же орто өлкөнүн классификациясы боюнча репортаж берген журналист болушуңуз керек.
– Биологиялык ар түрдүүлүктү чагылдыруу боюнча тажрыйбага ээ болуңуз жана конференцияны чагылдырууда кандай темаларды колдоно аларыңызды так аныктаңыз.
– 19-октябрда келип, 2024-жылдын 2-ноябрынан эрте эмес чыгып, COP16га жеке катышуу үчүн Калиге барууга даяр болуңуз.
– Англис тилин жакшы билиңиз.
– Учурдагы актуалдуу резюмеңиз менен бөлүшүңүз.
-Катышуучунун репортаждары абройлуу жалпыга маалымдоо каражатында жарыяланарын же уктурууну тастыктай турган редактордун, продюсердин же жетекчинин колдоо катын бериңиз. Фрилансерлер кайрыла алышат, бирок алар кабарлоону же жарыялоону көздөгөн маалымат каражатынан колдоо катын бериши керек.
– Документтер же веб-шилтемелер катары жүктөп алууга боло турган биоартүрдүүлүк темалары боюнча журналисттик ишиңиздин акыркы үлгүлөрүн бериңиз. Окуялар англис тилиндеги кыскача конспекти менен коштолсо, каалаган тилде жарай берет. Виде о материалдар биологиялык ар түрдүүлүк темаларында бурушу керек жана акыркы 12 айдын ичинде жарыяланышы керек.
Эскертүү: Өтүнмө процессин баштагандан кийин сизден төмөнкү документтерди толук жүктөө талап кылынат, андыктан аларды даярдап коюңуз.
Бул сынак үчүн арыздар сөзсүз англис тилинде гана кабыл алынат.
Талапкерлер англис тилиндеги стипендия программасына толук катыша алышы керек.
Арыздар каалаган ЖМКда (онлайн, басма сөз, телевидение, радио) иштеген журналисттерден кабыл алынат. Штаттан тышкаркы авторлордон жана ар кандай типтеги медиа уюмдарынын кызматкерлеринен – эл аралык, улуттук, жергиликтүү жана жамааттык негиздеги кайсы түрү болбосун баардыгынан арыздар кабыл алынат.
Мурда EJN тарабынан колдоого алынган Биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо программасына катышкан журналисттер кайра тапшырууга укугу жок.
Август айында, стипендия программасы үчүн стипендиаттар тандалып, бекитилгенден кийин, журналисттерге насаатчылык менен COP16ны аралыктан чагылдырууга виртуалдык стипендияга кайрылуу мүмкүнчүлүгүн ачуу пландалган.
EJN талапкерлердин этикага туура келбеген же туура эмес профессионалдык жүрүм-туруму, анын ичинде плагиат жана жасалма интеллект тарабынан даярдалган контентти өзүнө таандык деп тапшырганы аныкталса, дисквалификациялоо укугуна ээ экенин эскертет.
Баалоо критерийлери
Стипендияга арыздар 2024-жылдын 6-июлуна чейин кабыл алынат.
Чечимдер октябрдын аягына чейин чыгарылат.
Талапкерлер төмөнкү критерийлерге жооп бериши керек:
1. Климаттын өзгөрүшү, климаттык саясат жана башка экологиялык темалар боюнча көрсөткөн тажрыйба;
2. Потенциалдуу окуялардын идеяларын, стажировка учурунда даярдала турган макалалардын болжолдуу санын жана КБ жакындаган сайын өз планыңызды иштеп чыгууну улантууга берилген милдеттенмени камтыган КБ боюнча так жана жакшы иштелип чыккан планы;
3. КБда даярдалган макаланы жарыялоого же эфирге чыгарууга макулдугун берген абройлуу ЖМКга тиешелүүлүгү жана редактордун колу коюлган колдоо каты.
EJN ошондой эле ар кандай типтеги медиа-компаниялардан, маалымат каражаттарынан жана географиялык аймактардан келген журналисттердин ар түрдүү тобун чогултууну көздөйт.
Материалдардын логистикасы
Стипендианттар алардын медиасы үчүн стипендия учурунда үзгүлтүксүз отчетторду же сын-пикирлерди чыгарышы күтүлүүдө. Журналисттер ар кандай маалымат каражаттарында, анын ичинде басма сөз каражаттарында, онлайн ЖМКда, радиолордо чагылдыра алышат.
Программанын жүрүшүндө журналисттер окуяларды өздөрү каалагандай чагылдыра алышат.
Бирок, программа белгилүү бир темаларга байланыштуу кошумча тренингдерди же иш-чараларды камсыз кылып, ошол темаларды чагылдырууга түрткү бериши мүмкүн.
Стипендианттар үчүн кээ бир негизги редакциялык стандарттарды (алар стипендиаттын башталышында берилет) жана төмөнкү көрсөтмөлөрдү карманышы маанилүү:
Басылманын тили: Бул стажировканын натыйжасында даярдалган макалаларды каалаган тилде чыгарса болот. Биз стипендиаттардан башка тилдерде жазылган макалалардын кыскача мазмунун англис тилине сапаттуу которуп берүүсүн жана кеңири аудитория менен бөлүшүү үчүн алардын жок дегенде бирөөсүн толугу менен англис тилине которулушун талап кылабыз.
Стипендиаттар бул максат үчүн DeepL же башка автоматтык которуу колдонмолору сыяктуу куралды колдоно алышат.
Колдоо үчүн ыраазычылык: Жарыяланган макалалар жана/же телеберүүлөр EJN колдоосун, маалымдаган дисклеймерди кошуусу керек: “Бул макала EJN Internews Journalists Network журналисттер тармагы тарабынан уюштурулган CBD COP 16 стипендиасынын алкагында даярдалган.
Кайра жарыялоо укугу: Грант алуучулар стипендия программасы тарабынан иштелип чыккан материалдарды өз медиаларында эркин жарыялай алышат же EJN Internews, анын өнөктөштөрү жана гранттык демөөрчүлөрү да аларды эркин редакциялоого, кайра басып чыгарууга, уктурууга жана жайылтууга укуктуу.
Саякат талаптары жана коопсуздук протоколдору
Стипендиаттар Колумбияга баруу үчүн бардык талаптарга жооп бериши үчүн жооптуу.
Талапкерлерден, алардын катышуусу Колумбиянын Өкмөтүнүн жана өткөрүү жеринин талаптарына ылайык келээрин тастыктоосу талап кылынат.
EJN саякат учурунда жана ден-соолука байланыштуу коркунучтардын баарына саресеп салып, көзөмөлдөп конференциянын алдында стипендиаттарга кабарлап турат. Бул программага катышуу үчүн бардык саякаттар ыктыярдуу болот.
Өтүнмө берүү процесси
– Бул шилтеме аркылуу каттоодон өткөндөн кийин өтүнмө берсеңиз болот.
Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин берилген арыздар каралбайт.
Эч кандай көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн арызыңызды акыркы мөөнөткө бир күн калганда тапшырыңыз.
Эгерде сиз тапшырууда кыйынчылыкка туш болуп жатсаңыз же гранттар боюнча суроолоруңуз болсо, [email protected] электрондук почтасына кайрылыңыз.
Сураныч, бул мүмкүнчүлүк боюнча Internewsтин башка электрондук дарегине кайрылбаңыз, анткени биз аны албайбыз.
Төмөнкү шилтемеден англис тилиндеги бардык маалымат жана каттоо формасын таба аласыз:
earthjournalism.net