"Медиа Топтоо" Индустриалдык Форуму

«Медиа топтоо» Идустриалдык форуму – бул кесиптештер менен тажрыйба алмашууга, кызматташуунун жаңы жолдорун издөөгө багытталган ачык кесипкөй аянтча.

“Топтоо” – бул сөз чогултууну, чогулууну туюнтат. “Медиа топтоо” форумубуз – бул Кыргызстанда сапаттуу, көз карандысыз жана заманбап медианы өнүктүрүүнү каалаган тилектештердин жыйыны.

“Медиа топтоо” – өлкөнүн медиатармагындагы эң зор окуя. Буга катышуучулардын чоң кызыгуусу, форумга катыша турган жергиликтүү жана эл аралык спикерлер менен коноктордун саны жакшы далил боло алат. Форум биринчи жолу 2018-жылдын апрелинде өткөрүлгөн болчу. Ага 300гө жакын адам катышкан.

“Медиа топтоо” Кыргызстандын медиа тармагынын өнүгүүсүнө түрткү берет, аны өткөрүү – Интерньюстун башкы максаттарынын бири болуп саналат.

  • Темалар: санарип медиа жана телеберүү жаатындагы тренддер, максаттуу аудиторияны түшүнүп-билүү, заманбап медиаколдонуу, пиплметриянын маалыматтары менен иш алып баруу, сапаттуу контентти жаратуу, коомдук тармактар жана онлайн-видео, жарнама жана ЖМКлардын каражаттары.

Катышуучулар: ЖМКлардын кызматкерлери, медиаменеджерлер, SMM- жана PR-адистери, медиауюмдар, маркетинг жана жарнама тармактарынын өкүлдөрү.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар менен спикерлер ийгилик мисалдары менен бөлүшүп, практикалык мастер-класс жана тренингдерди өткөрүп, жарнак рыногунун жана онлайн стратегияларынын орчундуу маселелерин талкууга алмакчы.

 

mediatoptoo2019.internews.kg

Видео. Тасманы кандайча арзан, тез жана жөнөкөй жол менен жасоого болот

"Тасманы кандайча арзан, тез жана жөнөкөй жол менен жасоого болот (жасоого болбойт) «Амурские волны» тажрыйбасы, кемчиликтери жана ийгиликтери" Александр Уржановдун презентация. Бардык чыгып сүйлөгөн сөздөрдүн видеожазуулары кыргызча титрлери менен...

Кененирээк
Датасы: 27 мая 20

Видео. 2020-жылы нативдүү жарнак: татаал туурасында жөнөкөй сөздөр менен. Родион Скрябин.

"2020-жылы нативдүү жарнак: татаал туурасында жөнөкөй сөздөр менен" Родин Скрябиндын видеопрезентация.      Родион Скрябин «Палиндром» КБда CEO, «Лайфхакер» жана Burning Hut басылмаларында өнүктүрүү боюнча директору жана кеңешчиси. Диджитал...

Кененирээк
Датасы: 22 мая 20

Видео. "КРнын 47% аудиториясы үчүн контентти кандайча түзүү керек: көңүл чордонунда балдар."

Жанна Шегай. "КРнын 47% аудиториясы үчүн контентти кандайча түзүү керек: көңүл чордонунда балдар." Биздин өлкөдө 60 телеканал орун алып, бирок балдар аудиториясына иштеген болгону  "Баластан" бир канал бар. Бул...

Кененирээк
Датасы: 21 мая 20

Адамдарга чыныгы кызык болгон онлайн контентти кандайча жасоого болот. Никита Белоголовцев.

Медиа топтоо – 2020» III Индустриалдык форуму. "Адамдарга чыныгы кызык болгон онлайн контентти кандайча жасоого болот" Никита Белоголовцевдын видеопрезентация.     Никита Белоголовцев - "Яндекс.Дзен" платформасында сторителлинг багытынын жетекчиси.

Кененирээк
Датасы: 19 мая 20

III «Медиа топтоо – 2020» индустриалдык форуму. Биринчи күн. II сессия

III Индустриалдык «Медиа Топтоо -2020» форуму. Регина Юркинанын “Креативдүү жана техникалык тажрыйбалар сереби. Пандемия маалында иш алып баруу” аттуу экинчи сессиябыздын презентациясы. Видеону кыргыз тилинде коштомо жазуулары менен көрүңүз:

Кененирээк
Датасы: 13 мая 20

Видео.«Медиа топтоо – 2020» III Индустриалдык форуму. 1-күн. 1чи сессия

  «Медиа топтоо – 2020» III Индустриалдык форуму. 1-күн. 1чи сессия Форумунун ачылышы. АКШнын Кыргыз Республикасындагы  Дональд Лу элчисинин кайрылуусу. Элина Каракулованын презентациясы: "COVID-19: Кыргызстандагы медиа эмне болууда" ПАНЕЛДИК...

Кененирээк
Датасы: 12 мая 20

Про форум «Медиа топтоо – 2020» на телеканале TV1.KG

Орус тилинде окуса болот.

Кененирээк
Датасы: 22 апреля 20

"Медиа топтоо -2020" форуму онлайн форматта өтөт

  Толук маалымат төмөнкү сайтынан таба аласыздар:  mediatoptoo2020.internews.kg   Форумдан билдирүүлөрдү биздин соцтармактардагы баракчаларыбыздан окуп көрүүгө болот. Азыр жазылыңыз: Facebook Twitter Instagram Telegram

Кененирээк
Датасы: 18 апреля 20

«Медиа топтоо – 2020» онлайн III Индустриалдык форумуна катталыңыз

Биздин форум биринчи жолу онлайн-форматта 25-29-апрелге чейин Zoom платформасында өтөт.   Форумга кийинки сайттан катталууга болот:   mediatoptoo2020.internews.kg   Форум сайтынан силер таба аласыздар:   иш-чара программасын (жүктөө); чакыралган...

Кененирээк
Датасы: 17 апреля 20