Миссия

 

Кыргызстандагы Интерньюс  20 жылдан ашык убакыттан бери өлкөдөгү көз карандысыз медианын өнүгүүсүнө жардам берип келе жаткан медиа тармагындагы кесипкөйлөрдүн командасы болуп эсептелет.

Бул күндөрү Интерньюс медиа коомчулук менен бир нече долбоорлордун алкагында кызматташууда. Бул долбоорлор ЖМКлардын каржылык туруктуулукка жетүүсүнө, редакцияларга техникалык колдоо көрсөтүүгө жана ар түрдүү актуалдуу журналисттик ишмердүүлүк боюнча окутууларды уюштурууга багытталган.

Ошондой эле, «МедиаК» долбоорунун алкагында журналисттер заманбап техникалык көндүмдөргө үйрөтүлөт, ал эми аймактык медиаларды окутууда сапаттуу кыргыз тилдүү журналистиканы өнүктүрүүгө басым жасалат.

«МедиаК» долбоорунун алкагында дата-журналисттерге жана аймактык медиалардын өкүлдөрүнө окутуулар өткөрүлүп турат. Кыргызстандагы Интерньюс эл аралык сынактарды алдыңкы орундарды алып келген  күчтүү дата-журналисттер коомчулугунун өлкөдө пайда болуусуна өбөлгө түздү.

Медиа тренддердин алкагындагы төкмө акындардын чыгармачылыгына колдоо көрсөтүү долбоору ишке ашырылып келет.

Жалган маалыматтарга жана көз жазгырууга каршы туруу максатында фактчекерлердин жана коомдук тармактарга байкоо жүргүзгөн адистердин иш алып баруулары координацияланып келет.

Гранттык колдоо коомдук маанидеги контенттиТВ үчүн сериалдарды, кыска метраждуу жана анимациялык тасмаларды, гендерге жана конфликтке сезимтал  укмуш мультимедиалык окуяларды жаратканга жардам берет.

КРдеги Интерньюс медиа мыйзамдуулукту жакшыртуу жана журналисттерди укуктук жактан коргоо жаатында көп жылдан бери Медиа полиси институту менен кызматташат.

Интерньюс жыл сайын жалпы медиа жамааты үчүн «Медиа Топтоо» форумун жана кесипкөй журналисттер арасында «УмтулууСтремление» сынагын уюштуруп келет.

Андан сырткары КРдеги Интерньюс социалдык-маанилүү контентти көтөргөн туруктуу блогосфераны түзүү максатында блогерлер жана инфлюенсерлер менен биргеликте жаштардын долбоорун ишке ашыра баштады. Бул багыттаагы иш чаралардын алкагында жыл сайын өткөрүлүүчү блогердердин «КурулTime» фестивалы уюштурулууда. 

 

TRACK долбоору 2020-жылдан бери жемкорлук көрүнүштөрдү, натыйжасыз башкарууну ачыктоо жана аныкталган кыянаттык фактылар жөнүндө маалыматты коомчулукка жеткирүү боюнча жарандык сектордун жана көз карандысыз ЖМКлардын мүмкүнчүлүктөрүн ийгиликтүү өнүктүрүп келет.

Долбоор жыл сайын журналисттик иликтөө боюнча окутууларды, бейөкмөт уюмдар үчүн маалыматтык кампанияларды өткөрүү боюнча семинарларды уюштуруп, иликтөөлөрдү жүргүзүүгө гранттарды берип, иликтөөчү журналисттердин “Чындык” форумун өткөрүп жатат.

2022-жылдан тарта ишке ашырылып жаткан Интерньюстун жана Европа Биримдигинин  REVIVE — жаңы долбоору зордук-зомбулукту жана чыр-чатакты туудурган жана аймактагы тынчтык менен туруктуулукка таасир этүүчү жалган маалыматтардын, жек көрүүнү тутандыруунун жана зордук-зомбулукка үндөөнүн алдын алууга багытталган.

2022-жылдын октябрында дагы бир аймактык долбоор ишке ашырыла баштады. Бул долбоордун максаты  чек арадагы чыр-чатактарды чагылдырууну жакшыртуу жана чек арага жакын жерде жашаган эл арасындагы этникалык жана башка келишпестиктерди жоюш үчүн ЖМКлардынмедианын жана жарандык коомдун мүмкүнчүлүктөрүн өстүрүү. 

КРдеги Интерньюстун өлкөдөгү ЖМКлардын туруктуу өнүгүүсүнө, журналисттердин коопсуздугуна, медианын ишмердүүлүгүн укуктук жөнгө салууга байланыштуу актуалдуу темалар боюнча медиа форумдарды, тегерек столдорду жана дискуссияларды уюштуруу боюнча мыкты тажрыйбасы бар.