Пиплметрия

Кыргызстандагы Интерньюс USAID колдоосунда “Индустриялык медиакомитет” бирикмеси менен өнөктөштүктө телеаудиториянын туруктуу өлчөөсүн кийрүү боюнча иш жүргүзүп келет.

Пиплметрия өлкө тургундарынын медиа артыкчылыктарын талдоодо, өлкө ичиндеги медиа рыноктун өнүгүүсүндө, жана ошондой эле колдонуучулардын – телеканалдардын, жарнак берүүчүлөрдүн жана жарнак агенттиктеринин чечим чыгаруусу үчүн практикалык маалыматты туруктуу алуусунда маанилүү келет.

Пиплметрикалык өлчөмдөргө ылайык колдонуучулар телепрограммалардын учурдагы рейтингинен, КР телеканалдарынын күнүмдүк жана апталык аудиториясынын орточо көлөмүнөн, анын үлүштүк бөлүштүрүлүүсүнөн кабар алышып, ошондой эле жынысы, жаш курагы, киреше деңгээли ж. у. с. негизги көрсөткүчтөрдүн алкагында максаттуу аудиториянын сүрөтүн ала алышмакчы.

USAID жана Интерньюс Кыргызстанда пиплиметрияны ишке киргизүүнүн биринчи этабын колдоду

  "Медиа-К" долбоору 2021-жылдагы эң масштабдуу индустриалдык демилгени колдоону аяктады. Медиарынок  үчүн  акыркы жылдары телеберүү аудиториясын пиплметрлер менен өлчөө глобалдуу окуя болду.     Техникалык инфраструктура түзүлдү, ал 2020-жылдын...

Кененирээк
Датасы: 25 января 2022

Кыргызстанда Nielsen компаниясы санариптик телеаудиториянын көлөмүн өлчөө боюнча долбоорун баштады

Бишкек, 2020-жыл 30-январь.  “Индустриалдык медиакомитет” Ассоциациясы,  Nielsen Admosphere жана Intergras Technology эл аралык консорциумунун өкулдөрү Кыргызстандагы телевизиондук аудиторияны пиплметрлердин жардамы менен туруктуу санариптик негизде өлчөө долбоорунун жыйынтыктарына арналган бет...

Кененирээк
Датасы: 30 января 2020