Медиа-К долбоору

«Медиа-К» – бул Кыргызстандагы Интерньюстун көз карандысыз медиаларга колдоо көрсөтүү боюнча тармактык ири долбоору

 

Кыргызстандагы Интерньюстун командасы FHI360 менен биргеликте жана АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин колдоосу менен долбоордун алгачкы үч жылдык фазасын 2017-жылдын октябрынан 2020-жылдын октябрына чейин иш жүзүнө ашырган болчу.

 

2020-жылдын июлунда долбоор 2022-жылдын 30-сентябрына чейин дагы эки жылга узартылган.

 

«Медиа-К» долбоорунун алкагында сынактын негизинде тандалык алынган негизги өнөктөргө: онлайн редакцияларга, ТВ жана радиокомпанияларга институционалдык колдоо көрсөтүү аяктады.

 

Кыргызстандагы Интерньюстун командасы долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруунун жыйынтыгында Кыргызстанда медиакоомчулуктун тилектештиги жакшыргандан сырткары калктын медиасабаттуулугун өстүрүүгө зор салым кошкон төкмө-акындар коомчулугунун, күчтүү иликтөөчү журналисттердин жана дата-журналисттердин, инфлюэнсер-блогерлердин пайда болушу менен сыймыктанат.

 

«Медиа-К» долбоору өспүрүмдөр үчүн «Акыркы сабак» деген аталыштагы кыргыз тилиндеги биринчи сериалдын тартылышына колдоо көрсөттү. Бул сериал 2022-жылдагы кино жаатындагы эң көрүнүктүү көрүнүштөрдүн бири болду.

Социалдык-маанилүү контентти жаратуу алкагында 12 даректүү жана кыска метраждуу көркөм тасма тартылган. Алардын бир тобу эл аралык кинофестивалдарда сыйлыктарды утуп алышты.

2022-жылдын күзүнөн баштап «Фридом Хаус» уюмунун катышуусу менен жана USAIDдин колдоосу менен долбоордун жаңы беш жылдык этабы башталды.

 

Кыргызстандагы Интерньюс кезектеги беш жылда көз карандысыз медиаларга колдоо көрсөтүүдө аймактык редакцияларга жана кыргыз тилиндеги контентке басым кылмакчы.

 

Жаңы фазанын алкагында көз карандысыз медиалардын мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу, алардын каржылык туруктуулугун бекемдөө боюнча иштер башталды. Ошондой ЖМКлардын санариптик коопсуздугун камсыздоого көңүл бурулуп, сөз эркиндигин коргоо үчүн укуктук жардам көрсөтүлүп келет.

 

«Медиа-К» төмөнкү багыттагы иштерин улантмакчы:

— сынактын негизинде социалдык маанилүү контентти өндүрүүгө гранттарды бергенди;

— медиасындын өнүгүүсүнө көмөктөшкөндү;

— медиа адистер үчүн тренингдер менен семинарларды уюштуруп турганды;

— дата-журналистикага колдоо көрсөткөңдү;

— жалган маалыматтар менен күрөшкөн фактчекерлер менен байкоочулардын тармагын өнүктүргөндү;

— кенен аудиториянын арасында медиа сабаттуулукту жайылтканды;

— аймактык журналистиканын мүмкүнчүлүктөрүн өстүрүүгө жардам бергенди.

 

Интерньюстун командасы жыл сайын Тармактык «Медиа топтоо» форумун жана кесипкөй журналисттердин арасындагы Улуттук «Умтулуу-Стремление» сынагын, ошондой эле Блогерлердин курултайын өткөрүп келет.

 

Толук маалымат бул жерден таба аласыз.

Интерньюс медиасынды өнүктүрүү боюнча долбоорго катышууга өтүнмөлөрдү кабыл ала баштады

Кыргызстандагы медиасынды андан ары өнүктүрүү максатында 2023-жылдын 11-12-майында тренинг уюштурулуп, анын жыйынтыгында долбоордун финалисттери тандалып алынат. Алар тажрыйбалуу медиа адистин жетекчилиги астында эки айлык менторлук программадан өтүшөт.   Кыргызстандагы...

Кененирээк
Датасы: 7 марта 2023

Дата-стипендиаттар редакцияларын күчтөндүрө алышты

Интерньюстун дата-журналистика боюнча 2022-жылдагы программасынын бүтүрүүчүлөрү сертификат алышып, маалыматтар менен иштөөдөгү тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Алар «Тазабек», «Баштан Башта» жана «ПолитКлиники» редакцияларынын журналисттери.   Акыркы жылда дата-стипендиаттарга ментор болгон Андрей...

Кененирээк
Датасы: 30 января 2023

ЖМКлар жаңылыктарды кайдан алышат? Kaktus.Media, 24.kg жана Bulak.kg сайттарындагы материалдардын булактарына талдоо жүргүзүү

Акыркы кезде Кыргызстандын аткаминерлери журналисттерге терс маанайдагы жаңылыктарды таратып, абалды курчутуп жатасыңар деген кинелерди көбүрөөк коё башташты. Асел Сооронбаева Кыргызстандын ЖМКлары материалдарды даярдоодо кандай маалымат булактарын колдоноорун аныктап чыкты....

Кененирээк
Датасы: 26 января 2023

Интерньюс уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү дата-журналистиканын негиздерин окутуу программасын улантууда

  Жаңыдан баштаган журналисттер үчүн беш күндүк тренинг 23-январдан 27-январга чейин Бишкекте өтөт.    Бул жолку дата журналистика боюнча программасынын өзгөчөлүгү алгачкы жолу 2018-жылдагы дата-журналистикасынын биринчи топтомунун бүтүрүүчүсү- Савия...

Кененирээк
Датасы: 23 января 2023

ПолитКлиника: Миллиарддык маалымат. Өкмөт мамлекеттик маалымат каражаттарына асман чапчыган акчаларды коротот

“ПолитКлиниканын” дата-журналисттери президенттин билдирүүсүнөн кийин КТРКны каржылоо азайганбы жана мамлекеттик маалымат каражаттарына канча каражат сарпталып жатканын изилдеп көрүүнү чечти. Мындан эки жыл мурун ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Садыр...

Кененирээк
Датасы: 13 декабря 2022

#MediaKyzdar 3 сезон: «МедиаЖаса-22» долбоорунун медиакыздары сүйлөйт

  #MediaKyzdar подкастынын үчүнчү сезонунун биринчи эпизодун MediaJasa-2022 долбоорунун кыздары менен жаздым жана бул сезондо медиакыздар менен жаңы медианын ролу, биз медиа катары кимбиз, анын кантип чагылдырылганы тууралуу сүйлөшкүм...

Кененирээк
Датасы: 13 декабря 2022

Media-K долбоору кезектеги беш жылга Кыргызстандын медиасына колдоо программасын жарыялады

Интерньюс Кыргызстандагы USAID каржылык колдоо көрсөткөн индустриалдык «Медиа-К» долбоорунун үчүнчү беш жылдык фазасынын бет ачаарын өткөрдү.      — Биздин жаңы долбоор аркылуу кезектеги беш жылда USAID Кыргыз Республикасындагы...

Кененирээк
Датасы: 18 ноября 2022

Интерньюс 2023-жылга карата дата-журналистикасы боюнча программага кабыл алуу башталгандыгын жарыялайт

  Интерньюс беш жылдан бери Кыргыз Республикасындагы USAID уюмунун колдоосу менен "Медиа-К" долбоорунун алкагында өлкөдө дата-журналистикасын өнүктүрүп келет. Бул аралыкта биздин дата-стипендиаттардын ондогон эмгектери эл аралык медиа чөйрөдө таанылды....

Кененирээк
Датасы: 18 ноября 2022

#Spotlight. Адиль Турдукулов: "Кыргызстандагы ЖМКлар - коомду коргоо куралы"

Spotlight рубрикасынын алкагындагы журналист-иликтөөчүлөр менен видеоинтервьюнун бешинчи чыгарылышында Тынымгүл Эшиева "Теле Академиянын" жетекчиси Адилет Турдукулов менен маектешти.   Интервьюда Адиль Турдукулов шаардагы темалар, бейөкмөт уюмдары менен кызматташуу жөнүндө жана...

Кененирээк
Датасы: 10 ноября 2022

Дилбар Алимова: "Бийлик журналисттик иликтөөлөргө өзү кызыкдар болушу керек"

Кыргызстанда иликтөөчү журналисттердин аракети менен ири коррупциялык иштердин бети ачылып, мыйзамсыз жосундар коомчулукка маалым болууда. «ПолитКлиника» медиасынын негиздөөчүсү жана башкы редактору Дилбар Алимова журналисттик иликтөөнүн түйшүгү жана жоопкечилиги, бийликтин...

Кененирээк
Датасы: 1 ноября 2022