Дата журналистикасы
Журналистика боюнча стипендия – бул жаңылык журналистикасынын жаңы түрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн башка
ЖМКларга жана коомчулукка көрсөтүү максатында ачык маалыматтардын незиндеги инновациялык материалдарды даярдоо аракеттерин колдоо.
«Медиа-К» долбоорунун алкагында Кыргызстандагы Интерньюс уюму IDEM, Дүйнөлүк банк (WB) жана Анастасия Валеева негиздеген Кыргызстандын маалыматтар мектеби менен биргеликте стипендиаттарды аныктоону жылда колдоп келишет.
Алар өнөк ЖМКлардын биринде командада иштешип, малыматтар журналистикасынын ар түрдүү кырлары боюнча окутууларга катышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Стипендия алуучулар Анна Капушенконун жана Савия Хасанованын миграция боюнча жасаган макаласы Журналисттердин эл аралык тармагынын (Ijnet) эсеби боюнча 2018-жылдагы 100 мыкты журналисттик эмгектин катарына кирген.
Маалымат журналистикасы. Дата бөлүмдөрүн түзүү жана скрейпинг боюнча мастер-класстар уюштурулду
Март айында Кыргызстанда өнөктөш редакциялардын дата-бөлүмдөрүн күчтөндүрүү максатында бир катар окутуу иш-чаралары болуп өттү, алар "Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу" (EGED) программасынын алкагында колдоого алынган. Бул программа маалыматтарды...
Дата-резиденциялар журналисттерге практикалык көндүмдөрүн жакшыртууга жардам берет
Өткөн жума ичинде москвалык машыктыруучулар Арнольд Хачатуров менен Алексей Смагиндин жана бишкектик насаатчылар Айзада Токтогулова менен Чолпон Узакбаеванын катышуусунда төрт редакцияга жардам көрсөтүү максатында дата-резиденциялар өткөрүлдү. «Клооп...
Дата-сторителлинг: Александр Богачевдон маанилүү үч кеңеш
Дата-сторителлинг боюнча тренингге конок катары чакырылган тренер Александр Богачевдун жетекчилиги менен өз долбоорлорунун үстүндө жемиштүү иштешкен жергиликтүү дата журналисттердин жана редакциялардын дата-бөлүмдөрүнүн жакшы даярдыгын көрсөттү. Дата-журналистика...
Онлайн медиа үчүн дата-сторителлинг курсу башталды
Кыргызстандык журналисттер үчүн дата-сторителлинг боюнча үч күндүк интенсивдүү тренинг башталды. Тренер Александр Богачев дата-сторителингге кантип келгенин айтып берди. Ал билими боюнча дарыгер, алгач көп жыл терапевт болуп...
Кыргызстандагы аялдардын орду тууралуу дата макала
Бүгүн аялдардын саясий, экономикалык жана социалдык тармактардагы жетишкендиктери белгиленип жатат. Кыргызстанда аялдардын укуктары кандай деңгээлде экенин карап, «ПолитКлиника» стипендиаттары дата-макаланы даярдашты. Алгачкы тапта баары жакшы көрүнөт – эркектерге...
«Клооптун» дата-анализи: Кыргызстанда журналисттерге кол салышат, куугунтукташат жана соттошот
«Клооп» акыркы беш жылдагы маалыматтарды талдап, Кыргызстанда журналисттерге кол салуу жана кысым үчүн дээрлик эч ким жазага тартылбасын аныктады. Беш жарым жыл ичинде — 2015-жылдын январынан тартып...
Кыргызстандагы Интерньюс жаңы дата-журналисттерди даярдоону улантууда
Кыргызстандагы дата-журналистика ийгиликтүү тармакка айланды, аны «МедиаК» долбоору ар түрдүү өнөктөштөр: USAID жана ACTED менен бир нече долбоорлордун алкагында бешинчи жылдан бери жүргүзүп жатат. Өткөн жылы стипендиялык программа...
Дата-макала. Кыргызстанда студенттер кандай кыйынчылыктарга туш болушат
Кыргызстанда кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде окуткан мектептер бар. Мектеп окуучуларынын басымдуу бөлүгү кыргыз тилинде окуса, студенттердин үчтөн биринин гана мамлекеттик тилде билим алуу мүмкүнчүлүгү бар. Кыргызстандын жогорку...
Дата 4.0 . Дата-журналистика боюнча стипендиалык программанын бүтүрүүчүлөрү тажрыйбалары менен бөлүштү
Кыргызстандагы Internews уюму дата-журналисттеринин төртүнчү тобун даярдады, аны kloop-кыргызча, azattyk.org, PolitKlinika, kyrgyzmedia.kg жана economist.kg сайттарынын кызматкерлери түзүштү. Жалпысынан стипендиаттар тарабынан 30га жакын материал даярдалган. Kloop.kg сайтындагы ...
Дата-макала. Кыргызстанда ашыкча жүктөм менен окуткан мектептер жүздөп саналат
Кыргызстанда ушундай ашыкча жүктөм менен окуткан мектептер жүздөп саналат — жыл сайын окуучулардын саны көбөйүп жатканы менен мектептердеги орундар дээрлик өзгөрбөй жатат. Бийлик жаңы мектептерди куруп жатат, бирок...