Медиа-К долбоору

Media-К    Интерньюстун Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларды колдоо боюнча ири индустриалдык долбоору.

 

Долбоордун үч жылга созулган биринчи баскычы Интерньюс командасы тарабынан 2017-жылдын октябрь айынан тартып 2020-жылдын октябрь айына чейин Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ агенттигинин (USAID) колдоосунда FHI360 кызматташтыгы менен ийгиликтүү ишке ашырылды.

2020-жылдын июль айында долбоор 2022-жылдын 30-сентябрына чейин эки жылга узартылган.

Медиа-К долбоорунун алкагында сынактын негизинде тандалган негизги шериктерге:

онлайн редакцияларга, телекөрсөтүү жана радио компанияларына институттук колдоо көрсөтүүсү жыйынтыкталды.

 

 

Долбоор ишмердүүлүгүнүн 2020-2021-жылдардагы багыттары:

 

Сапаттуу контентти өндүрүүгө гранттар

Медиа сын

Шайлоого байланышкан сапаттуу контентти колдоо

Кыска мөөнөтүү тренингдер жана семинарлар

Шайлоону чагылдыруу боюнча тренингдер жана семинарлар

Дата-журналистиканы колдоо

COVID-19 кризисинен кийин көз карандысыз ММКларды ыкчам колдоо

Көз карандысыз ММКлардын санариптик коопсуздугу

Укуктук колдоо көрсөтүү жана ММКлар көз карандысыздыгын коргоо боюнча аракеттерди координациялоо

Медиа Топтоо индустриалдык форуму 

Телекөрсөтүү аудиториясына изилдөө жүргүзүү – пиплметрияны колдоо

«Индустриялык медиакомитет» (ИМК) телеберүүчүлөр бирикмесинин мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү

Жергиликтүү маалыматтык чөйрөнүн бүтүндүгүн коргоо

Медиа-К долбоорунун жаштар компоненти

 

Толук маалымат бул жерден таба аласыз.

Дата-макалалар. Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебей жатат

  «Клооптун» жана «Азаттыктын» журналисттери ачык булактардагы расмий маалыматтарды талдап, аялдарды мажбурлап никеге тургузуу үчүн уурдоо боюнча берене дээрлик иштебей тургандыгын аныкташты. Демек, катаал жаза эч нерсеге алып келбейт....

Кененирээк
Датасы: 4 июня 2021

«ПолитКлиника». Маалыматтар аттардын таанымалдыгы тууралуу эмнени айтышат

  «ПолитКлиниканын» дата-стипендиаттары БШКдан алынган маалыматтардын негизинде Жеңиш жана Майрам аттарынын ар кайсы жылдардагы таанымалдыгын талдоого алышты. Авторлор бүгүнкү күндө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин урматына коюлган аттар дээрлик...

Кененирээк
Датасы: 12 мая 2021

Кыргызстандан үч изилдөөчүлүк долбоор The Sigma Awards – 2021 шорт-баракчасына киришти

The Sigma Awards – 2021 сыйлыгына талапкерлердин шорт-баракчасы жарыяланды. Жюри (калыстар тобу) маалыматтык журналистика боюнча кадыр-барктуу эл аралык сынактын финалдык бөлүгүнө катышуу үчүн 141 долбоорду тандап алды. Үстүбүздөгү жылы...

Кененирээк
Датасы: 10 мая 2021

«ПолитКлиниканын» дата-стипендиаттары Кыргызстандын калкынын дары-дармектерге жеткиликтүүлүгү жөнүндө макала даярдашты

  Маалыматтарды анализдөө өлкө калкынын үчтөн бир бөлүгүнүн дары-дармек каражаттарына түздөн-түз жетүү мүмкүндүгү жоктугун көрсөттү.   Макала республиканын ар кайсы региондорунда, анын ичинде алыскы аймактарында дарыкананын бардыгын көрүүгө мүмкүн...

Кененирээк
Датасы: 4 мая 2021

Дата-калькулятор. Эсептеңиз: Үйлүү болуу үчүн канча жыл каражат чогултасыз?

Жамааттык Медианын редакциясы Lalafo.kg сервисинин маалыматтарынын негизинде кыймылсыз мүлккө канча жыл акча топтооруңузду аныктай турган калькулятор түздү. Анын жардамы менен кыялыңыздагы турак жай үчүн канча жыл каражат чогулта турганыңызды...

Кененирээк
Датасы: 27 апреля 2021

24.kg маалыматтык сайтынын дата-бөлүмү жергиликтүү шайлоолордогу партиялардын тизмесин талдоого алды

24.kg маалыматтык сайтынын дата-бөлүмү БШКнын жергиликтүү шайлоолорго катышкан талапкерлер жөнүндөгү маалыматтарын талдап чыкты жана алардын ондон бир бөлүгү мурдагы жылы өз талапкерликтерин добушка коюшкандыктарын аныктады. Авторлор сандар жана графикалар...

Кененирээк
Датасы: 12 апреля 2021

Дата 4.0. Кыргызстандагы баалар жана алардын калктын жакырдыгына тийгизген таасири жөнүндө

2020-жыл татаал болду. COVID-19 пандемиясы дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын экономикасына сокку урду. 2021-жылдагы дата-журналистика боюнча Интерньюс программасынын стипендиаттары КР Улуттук статистика комитетинин жана Дүйнөлүк банктын маалыматтарын пайдалануу...

Кененирээк
Датасы: 25 марта 2021

"ПолитКлиника" сурамжылоо: Кыргызстан негизги азык-түлүктөрдү каяктан алып келет?

​Нансыз тамак даамсыз: Кыргызстан негизги азык-түлүктөрдү каяктан алып келет?     “ПолитКлиника” редакциясы негизги азык-түлүктөрдүн кайсынысы Кыргызстанда өндүрүлүп, кайсынысы импорттолуп, кайсынысы чет өлкөлөргө жөнөтүлө турганын карап көрдү. Бул үчүн 2020-жылдагы импорт...

Кененирээк
Датасы: 18 марта 2021

kyrgyzmedia.kg сайтта биринчи дата-сурамжылоо жарыяланды

  "8-мартка 8 суроо: Кыргызстан аялдары жөнүндөгү билимиңизди текшериңиз"  сурамжылоо kyrgyzmedia.kg сайтта жарыяланды. Кыргызстанда аялдар ийгиликке жетишкен бир топ тармактар бар. Бирок, ошол эле учурда алар көп маселелерде эркектер...

Кененирээк
Датасы: 10 марта 2021

Data-4.0. Интерньюстун дата-журналистика боюнча стипендиялык программасына болгон сурам өсүүдө

  2021-жылы Интерньюска дата-журналистика боюнча стипендиялык программага катышуу үчүн 64 арыз келип түшүп, алардын ичинен 18 арыз тренингге тандалды, бул Кыргызстанда маалыматтар менен иш алып барууга кызыгуунун күчөшүнөн кабар...

Кененирээк
Датасы: 9 февраля 2021