Динамикалык чөйрө үчүн туруктуулук жана ар кыл маалымат менен аракеттешүү (REVIVE)

Интерньюс тең салмактуу чечимдерди кабыл алганга жана жалган маалыматка туруштук бергенге мүмкүндүк берген ишенимдүү маалыматтар менен Борбордук Азиянын тургундарын камсыздоо аркылуу эркин ой-пикирлерди бекемдөөнү көздөгөн 18 айлык “Динамикалык чөйрө үчүн туруктуулук жана ар кыл маалымат менен аракеттешүү” (REVIVE) программасын ишке ашырат. Бул долбоор Европа Биримдиги тарабынан каржыланат.

Ал эки жыйынтыкка багытталган:

  1. Журналисттер жана контент өндүрүүчүлөр сапаттуу контентти коопсуз өндүрүү жана жайылтуу, биргелешкен өлкөлөр аралык долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтишет.
  2. Активдүү жарандар жана жаштар медиачөйрөдөгү сабаттуулугун жогорулатып, сапаттуу маалыматтар менен иштешет.

Долбоордун башкы максаты – Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн жарандары пропагандага жана жалган маалыматка туруштук бере алган, тең салмактуу чечимдерди кабыл алууга жарай турган таза маалыматтык чөйрөнү түзүүгө көмөктөшүү.

Интерньюс каралоочу сөздөргө каршы туруу жана жарандардын туура эмес маалыматка туруктуулугун жогорулатуу үчүн көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарын, көз карандысыз журналисттерди, контент өндүрүүчүлөрдү, бейөкмөт уюмдарды жана жарандык активисттерди тартып, өнүктүрүүдө жана өнөктөштүктө көңүл чордонуна кардарларды коет. Интерньюс медиа-өнөктөрдүн миссияларын же максаттарын өзгөртүүгө мажбурлабайт, же жаңы медиа-өнөктөрдү жаратканга умтулбайт, тескерисинче, учурдагы катышуучуларды колдоп, аларга ишенимдүү маалымат менен кененирээк аудиторияны камтууга жардам бергенге умтулат.

Өнөктөрдүн жана кызмат колдонуучулардын коркунучтурга жана учурдагы өзгөрүүлөргө туруктуулугун камсыздоо үчүн, программанын баардык иш-чараларында алардын коопсуздугу эске алынат. Анан да Интерньюс далилдүү ыкмаларды издөөдө, долбоорду иштеп чыгууда жана медиа, контент өндүрүүчүлөр тарабынан контентти өндүрүүдө аймактык изилдөөлөргө таянып иш алып бармакчы.

Ийкемдүү мамиледе жергиликтүү мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатууга жана жергиликтүү уюмдарга жаңы билимдерди берүүгө, жаңы көндүмдөргө үйрөтүүгө артыкчылык берилет. Борбордук Азиядагы медианын мүмкүнчүлүктөрүн жана медиа сабаттуулугун жогорулатуу боюнча ийгиликтүү долбоорлорго таянган бул программа долбоордук ишмердүүлүктү өнүктүргөнгө жана интеграциялаганга, өлкөлөр аралык байланыштарды бекемдегенге мүмкүнчүлүк берет.

Борбордук Азиядагы маалыматтык чөйрөдөгү негизги муктажыктарды канааттандырүү үчүн Интерньюс төмөнкү иш-чараларды өткөрөт:

 

  1. Коомчулуктун маалымат керектөөлөрүн түшүнүү. Интерньюс медиа керектөөгө баа берүү максатында Борбордук Азияда кабинеттик изилдөөлөрдү жана талаа изилдөөлөрүн жүргүзүш үчүн Европалык Кошуналык Кеңеш, көз карандысыз изилдөө борборлору менен кызматташат. Аудиториянын керектөөлөрүн жакшы билген контент өндүрүүчүлөр жалган маалыматтар менен ийгиликтүү күрөшө алышат жана пропагандага туруктуу болушат. Коомчулукка керек маалыматты сунуштоо коомчулуктун ишенимин арттырууга жана аны менен байланышты тереңдетүүгө жардам берет.
  2. Жергиликтүү контент өндүрүүчүлөрдүн жергиликтүү тилдеги контентиндеги олуттуу кемчиликтерди жоюу. Интерньюс контентти узак мөөнөт өндүрүүгө субподряддарды берүүгө жана усаттык колдоо көрсөтүүгө баардык жагынан көмөктөшүп, жергиликтүү контент өндүрүүчүлөрдүн маалыматтарынын сапатын, санын жакшыртууну жана программа камтыган ар бир өлкөгө, аймакка жана дүйнөгө тиешелүү маанилүү маалыматтар менен кеңири аудиторияны камтууга жетишүүнү көздөйт. Субгранттар, устаттык колдоо жана окутуу түрүндө Борбордук Азиядагы өлкөлөрдөн контент өндүрүүгө багытталган 18ден кем эмес долбоорду колдой.
  3. Аймактык кызматташууга, өлкөлөр аралык контент менен алмашууга жана аны таркатууга көмөктөшүү. Борбордук Азия тургундарынын жалпы маселелерин жана Интернеттеги зыяндуу контентке аялуулугун чечүү максатында Интерньюс биргелешкен аймактык долбоорлорду ишке ашырган жергиликтүү контент өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтөт. Интерньюстун колдоосу менен 50 контент продюсер төрт күндүк Аймактык инновациялык лабораторияда контент өндүрүү жана аны таркатуу көндүмдөрүн жакшырта алышат. Аталган лабораторияга өлкөлөр аралык журналисттик долбоорлорду даярдаш үчүн субгранттар берилет.
  4. Медиа сабаттуулукту жана ишенимдүү маалыматты колдонууну жакшыртуу. Интерньюс маалыматтык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча кампанияларды жана жаштардын демилгелерин колдойт, аймактык тармактар үчүн мүмкүнчүлүк берет. Аймактык деңгээлде Интерньюс ар бир өлкөдө медиа уюм, бейөкмөт уюм же академиялык мекеме сыяктуу жергиликтүү өнөктөр менен медиа сабаттуулук боюнча иштешет. Санариптик көндүмдөрдү жакшыртууга жана Борбордук Азияда медиага сынчыл көз карашта болууну жылдырууга багытталган жергиликтүү жана аймактык тилдердеги маалыматтык кампанияларды уюштуруу каралган.
  5. Интерньюс Казакстан менен Тажикстандын жаш активисттеринин медиа сабаттуулук жана сынчыл ой жүгүртүү боюнча демилелерине колдоо көрсөтүү иретинде Контент өндүрүү боюнча жаштардын эки лагерин уюштурат. Алар өндүргөн контент жаш аудиторияны маалымдаганга жана коомдук талкууга жана стабилдүүлүккө доо кетирүүчү жалган маалыматты жокко чыгарганга жардам берет.
  6. Интерньюс Central Asia Connect for Peace аймактык иш-чараны өткөрөт. Анын алкагында долбоордун катышуучулары тажрыйбалары жана кызыктуу контенттери менен бөлүшүп, жалган маалыматтар менен күрөшүүгө, медиа сабаттуулукту жогорулатууга биригишет.
  7. Сөз эркиндигине жана маалыматка жетүүгө көмөктөшүү. Кыргызстан медиаларынын аракет платформасы аркылуу өлкөдөгү журналисттер жана жарандык коом башынан кечирип жаткан маселелер талкууланып, жалпы коомго жеткирилет. Акция журналисттердин ишмердүүлүгүнө жакшы шарттарды түзүү үчүн сөз эркиндигин жана маалыматка жетүүнү жакшыртууга басым кылат.
  8. Максаттуу топтор жана маалымат керектөөчүлөр. Интерньюс адам укуктарына жана демократияга дем берген, тынчтыкты орнотууга, туруктуулукка жана жаңжалдарды болтурбоого көмөк кыла алган көндүмдөрдү, мүмкүнчүлүктөрдү жана ресурстарды өнүктүрүү үчүн узак мөөнөткө эсептелген, көп өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышкан өнөктөшүктү колдойт. Долбоор биринчи кезекте медикесипкөйлөргө, контент өндүрүүчүлөргө, жарандык активисттерге жана бейөкмөт уюмдарга багытталган.

Бюджет: долбоордун жалпы бюджети 3,8 миллион еврону түзөт. Долбоорду Борбордук Азиядагы өнөктөрү менен биргеликте Интерньюс ишке ашырат.

Долбоордун узактыгы: долбоор 2022-жылдын 1-августунан тарта 18 ай аралыгында ишке ашырылат.

 

 

Internews'тун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү контентти даярдоого билдирмелерди кабыл ала баштаганын жарыялайт

Жергиликтүү калк үчүн өлкөдө, аймакта, дүйнөдө болуп жаткан окуяларды жакшы түшүнүүгө жана бул окуялардын коомго, ар бир адамга кандай таасир этишин аныктаганга мүмкүнчүлүк берген сапаттуу контентти өндүргөндөр REVIVE долбоорунун...

Кененирээк
Датасы: 29 сентября 2022

ЕБ Борбордук Азиядагы жалган маалыматтар менен күрөшүү үчүн көз карандысыз ЖМКларга жардам берүүнү күчөтөт

                   19-сентябрда Астанада Европа Биримдиги (ЕБ) каржылаган “Динамикалык чөйрө үчүн туруктуулук жана ар кыл маалымат менен аракеттешүү” (REVIVE) долбоорунун бет ачаары...

Кененирээк
Датасы: 20 сентября 2022

Internews Борбор Азиянын беш өлкөсүндөгү REVIVE долбоорунун презентациясына чакырат

                  Internews Европа Биримдиги тарабынан каржыланган "Динамикалык чөйрө (REVIVE) үчүн ар түрдүү маалымат менен туруктуулук жана өз ара аракеттенүү" регионалдык долбоорунун...

Кененирээк
Датасы: 15 сентября 2022

Борбордук Азиядагы «.Үч.Чекит.Фест» регионалдык тынчтык орнотуу фестивалы өтүп жатат

Интерньюс тарабынан ишке ашырылган жана Европалык Биримдик каржылаган «Борбор Азиядагы радикалдашууга жана жалган маалыматка каршы туруктуулукту күчөтүү” долбоорунун жыйынтыктоочу иш-чарасы – Борбордук Азиядагы «.Үч.Чекит.Фест” регионалдык тынчтык орнотуу фестивалы 23-марттан...

Кененирээк
Датасы: 23 марта 2021

Чыр-чатакты чагылдыруу боюнча тренинг өтөт

«Клооп Медиа» чыр-чатакты чагылдыруу боюнча тренингге катышууга конкурс жарыялайт. Ага журналисттер, жарандык активисттер жана блогерлер катыша алат. Окутуу программасы эки жолку 3 күндүк тренингден жана эки жолку 3 аптага...

Кененирээк
Датасы: 22 августа 2018