Тренинг борбору

Тренинг борбору – бул медиа иш-чараларды, тренингдерди, ошондой эле аудио- жана видеолор иш жүзүндө өндүрүү мүмкүнчүлүгү менен мастер-класстарды өткөрүүгө арналган заманбап аянтча.

Өзүнүн көп жылдык ишмердүүлүгүндө Интерньюс кынтыксыз беделге жана жеке окутуу программаларына ээ ата-мекендик жана чет өлкөлүк тренерлер туурасында кеңири базага ээ болду.

Жаңы борбордогу тренингдер телекөрсөтүү, радио, онлайн-басылмалар үчүн маалыматтык-маанайшат контенттерди өндүрүү, жарнак өндүрүү, медиамаркетинг жана ММК, социалдык тармактардагы менеджмент, маалыматтарды визуалдаштыруу жана инфографика, журналисттик иликтөөлөрдүн өзгөчөлүктөрү, мультимедиялык продуктуларды өндүрүү сыяктуу багыттар боюнча өткөрүлүп келет.

 

Борбор башталгыч журналисттер үчүн жайкы мектептерди, алдыңкы адистердин мастер-класстарын, жергиликтүү медиаэксперттер үчүн ТОТ өткөрмөкчү.

Борбор медиа иш-чараларын өткөрүү үчүн жай сунуштай алат. Жабдылган окуу жайыбызга 60тан 100гө чейин адам батат. Студиялык техникасы иш-чараны дароо бир нече камерага тартууга, болуп жаткан окуянын түз эфирин жүргүзүүгө жол бермекчи. Борборубуз интернетке жогорку ылдамдыктагы жеткилик берип, Wi-Fi-га жетүү түйүндөрү менен жабдылган.

 

Интерньюс Ошто тележурналистика мектебин өткөрөт

Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өлкөнүн түштүгүндөгү телекомпанияларда эмгектенген жаш кабарчылар менен оператор-монтажерлорго, тележурналистика мектебине билим алууга сынак жарыялайт. Окутуу Ошто 2019-жылдын Бештин айынын (декабрь) 9нан 15не чейин өтөт. Тележурналистика мектеби...

Кененирээк
Датасы: 4 ноября 19