Кыргызстандагы Интерньюс жыл сайын иликтөөчү журналистика боюнча «Чындык» форумун уюштуруп турат.
Акыркы беш жыл ичинде өлкөбүздө иликтөөчү журналисттердин коомчулугу бутуна туруп, төрт форум өткөрүлүп, анын катышуучулары бул жанрдын өлкөбүздөгү жана борбор азия чөлкөмүндөгү абалын, өнүгүүсүн, келечегин талкуулап келишет.
Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндө журналисттик иликтөө жанры чоң жетишкендиктерге жеткен алдыңкы катардагы өлкө болуп эсептелет. Журналисттер форумдун алкагында өткөн семинарларда, мастер-класстарда жемкорлук көрүнүштөрдүн бетин ачуу боюнча жаңы аспаптар, ыкмалар, санариптик коопсуздукту камсыздоо боюнча жаңы маалыматтар менен таанышып, сапаттуу иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн маанилүү болуп эсептелген документтер менен иштөө тууралуу тажрыйбалары менен бөлүшүп турушат.
Форумга спикерлер жана тренерлер катары абройлуу эл аралык OCCRP уюмуна (Жемкорлукту жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө борбору) мүчө болгон эксперттер жана иликтөөчу журналисттер чакырылып турат.