Интерньюстун дата-журналистика боюнча 2022-жылдагы программасынын бүтүрүүчүлөрү сертификат алышып, маалыматтар менен иштөөдөгү тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Алар «Тазабек», «Баштан Башта» жана «ПолитКлиники» редакцияларынын журналисттери.
Акыркы жылда дата-стипендиаттарга ментор болгон Андрей Дорожныйдын билдирүүсүндө, былтыр Кыргызстандагы маселелерди аныктаганга мүмкүнчүлүк берген аналитикалык материалдар даярдалган. Бардыгы алыстан иштегени менен, сапаттуу дата-окуяларды даярдаганга пайдубал түптөлгөн.
«ПолитКлиники» медиасынан бүтүрүүчү Чолпонбек Сабырбеков жаңыдан баштап жаткандарга беш кеңешин берет:
Анын айтымында, редакциянын стипендиаттары маанилүү темаларды көтөргөндү, гипотезаны түзүү баскычында маалыматтарды тандаганды, жеткиликтүү жана түшүнүктүү текстти жазганды, графиктерди жасаганды, маалыматтарды тапканды үйрөнүштү.
Өткөн жылы команда Грузияда өткөн дата-журналистика боюнча фестивалга катыша алды. Ошондой эле эмгектин бири борбор азиялык Мedia camp Award -2022 сынагынын кыска-тизмегине кирген.
Программанын алкагындагы журналисттердин портфолиосу.
«Тазабек» редакциясынан бүтүрүүчүлөр жаңылыкты даярдоодон дата-журналистика кантип келгендерин, кесипкөйлүктөрү кандай өскөнүн, эмне үйрөнгөндөрүн айтып беришти:
Алар энтузиазмды эч качан жоготпогонго, макаланы аягына чейин бүтүргөнгө аракет кылуу зарыл экенин жана башында жеңил темаларды тандоо маанилүү экенин айтышты.
Программанын алкагындагы журналисттердин портфолиосу.
«Баштан башта» редакциясынын журналисттери программанын алкагында кандай көндүмдөргө үйрөнгөдөрүн айтып беришти:
«Баштан Баштанын» журналисттери мамлекеттик органдар маалыматтарды бергенден качаарын жана ушуга байланыштуу альтернативдүү маалыматтарды колдонуу керектигин, аларды БУУ, БДССУ, ЮНИСЕФ сыяктуу ар түрдүү ачык булактардан чогултса болоорун айтып беришти.
Программанын алкагындагы журналисттердин портфолиосу.
Жаныдан баштагандарга кеңештер:
– Болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонгула;
– Адамдардын окуяларын айтып бергиле жана маалыматтар эмне үчүн керек экенин көрсөткүлө;
– Татаал темаларды тандагыла;
– Эң негизгиси – адамдар тууралуу жана адамдар үчүн жазгыла.