Быйыл январда дата-журналистиканын негиздери менен таанышкан 8 редакциянын кызматкерлери 14-16-августта Бишкекте өткөн үч күндүк тренингге катышышты.
Окуусун уланткандардын арасында «Тазабек», «Турмуш», «ПолитKлиника», «Т-Медиа», Peshcom, Govori TV, MediaHub редакцияларынын командалары болду.
КРдеги Интерньюстун Маалыматтар менен иштөө журналистикасы программасынын менторлору үч күндүк тренингди гибриддик форматта өткөрүштү.
Савия Хасанова маалыматтарды талдоо жана скрейпинг кылуу, бириктирилген таблицада татаал формулалар менен иштөө көндүмдөрүнө үйрөттү. Александр Богачев онлайн-сессия өткөрүп, визуалдаштыруу жана картография боюнча видео сабактарды даярдады.
Савия Хасанова программага катышкандар кызыктуу темаларды сунуштагандарын жана бул тема боюнча ар түрдүү булактардан маалыматтарды чогултууда чоң иш жасагандарын белгиледи.
Дата-журналисттер материалдарында шаардын инфратүзүмү, армиядагы жоокерлер арасындагы өлүм учурлары, Yandex-таксинин баа саясаты боюнча көйгөйлүү темаларды көтөрүшкөн.
Хасанова учурда окуп жаткан дата-стипендиаттарга байланыштуу үч маанилүү нерсени белгиледи:
Биринчиден, командалардын көбү өзүлөрүнүн дата-сеттерин түзүшкөндүктөн Улутстаткомдун маалыматтарына сейрек кайрылышууда.
Экинчиден, ютуб-каналдар үчүн видеоформаттагы материалдар көбүрөөк жасала баштады.
Үчүнчү маанилүү көрүнүш – бул жолу журналисттер карталар менен иштөөгө көп көңүл бурушууда.
“Бишкек смог” экотобунун мүчөсү Бермет Бөрүбаевадан кызыктуу билдирме түштү – ал уникалдуу маалыматтарды кол менен чогултуунун негизинде борбор калаанын кичи автобустарында жол акынын төлөмү боюнча маанилүү изилдөө жүргүзгөн. Жүргүнчүлөрдөн түшкөн акча-каражаттардын агымын муниципалдык органдар жакшы көзөмөлдөбөйт, буга байланыштуу шаардык бюджетке көбү жетпей калат.
MediaHub ютуб-каналынан келген Арген Бактыбек уулу бул программанын алкагында алардын командасы бир нече материалды даярдаганын, үйрөнгөн көндүмдөрүн дата-окуяларды жаратуудан сырткары иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн да колдонуп жатышканын билдирди.
– Мисалы, биз жакында ачылган бир казинонун ээсин аныктап жатып бир түн ичинде дата-сетти түздүк. Ал казиноун артында мурдагы аткаминер турганын көрсөткөн далилдердин өзөгүн түздү. Тренингдерде жаңы көндүмдөргө үйрөнгөндөн кийин биз маалыматтарды иштеп чыккан жана визуалдаштырган тиркемелерди кененирээк колдоно баштадык, алар бизге чоң жардам болууда, – деди Арген Бактыбек уулу.