Кыргызстанда журналистика тууралуу заманбап тасмалардын жоктугу медианын оош-кыйышын чагылдыруудагы боштук болуп турат.
Журналисттер жөнүндөгү фильмдер дүйнөдө журналистиканын ийгилигин жана көйгөйүн чагылдыруу үчүн инструмент катары эсептелет. Алар медианын калыптануу тарыхын чагылдыруу менен катар, журналисттерге өз ишмердүүлүгүн талдоого, кесиптик этикага баа берүүгө жана жаңы ыкмаларды өздөштүрүүгө өбөлгө түзөт.
Бирок Кыргызстанда азыркы журналистика жөнүндө фильмдер дээрлик жок. Ал тургай бул темадагы чет элдик кинолор да кыргыз тилине которулган эмес. Эмне үчүн? Алдыда ушул суроонун тегерегинде сөз кылабыз.
Кино тарыхындагы журналистика
“Spotlight”, “All the President’s Men”, “The Insider”, “Newsroom”, “The Morning Show” жана башка ондогон тасмалар менен сериалдар дүйнөлүк журналистиканын үлгүсүн жана анын татаал жагдайларын чыгылдырат. Бул фильмдер журналисттердин коомдогу ордун, иликтөөчү журналистиканын күчүн жана анын социалдык-экономикалык, саясий системага тийгизген таасирин ачып берет. Мындай кинолор журналисттер үчүн уюштурулган тренингдерде мисал катары колдонулуп, окутуу куралына да айланган.
Кыргыз киносунун тарыхына үңүлсөк, журналистика темасы режиссер Төлөмүш Океевди көбүрөөк кызыктырганын байкайбыз. Анын 1975-жылы тартылган “Кызыл Алма” тасмасында телевидениеде дикторлук кылган аялдын ролу бар. Ал – башкы каармандын жубайы. Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизиндеги бул тасма нагыз журналисткага арналбаса да, анда журналистиканын өкүлүнүн образы чагылдырылган.

Режиссер Океев 1980-жылы “Алтын күз” деген дагы бир көркөм тасма тарткан. Анда кырк жашка чыккан журналисттин ишин таштап айылга кеткени, ал жактан өзүн өзү таанып билгени баяндалат. Бул фильм үчүн Төлөмүш Океев 1981-жылы Вильнюста өткөн Бүткүл союздук 14-кинофестивалда “Заманбап теманы алып чыкканы үчүн” деген сыйлыкка татыган. Фильмдин сценарийин Мар Байжиев жазган.
Аталган эки эмгек “Кыргызфильм” студиясына таандык. Алар азыр YouTube платформасында бар, бирок экөө тең орус тилинде.

Ал эми белгилүү режиссер жана саясатчы Садык Шер Нияз 2007-жылы тарткан “Биринчи кадр” комедиясында да журналисттердин образы чагылдырылган сюжеттер бар, бирок фильм журналистикага эмес, киночулардын ишмердигине арналган.
2018-жылы “Эфир” деген сериал тартылып, боштукту бир аз толтургандай болду. Ал жөнүндө бир аздан соң кененирээк окуйсуз.
“Журналисттер өзү демилге кылсын”
Журналисттер тууралуу кинотасмалар коомдук түшүнүктү жакшыртып, медиадагы негизги маселелерди чагылдырууга жардам берет. Алар журналистиканын чынчылдыгын, кесиптик этикасын көрсөтөт. Мындай тасмалар журналисттердин коомдогу ордун жана алардын маалымат таратуудагы жоопкерчилигин чагылдырып, медианын өнүгүшү жана көйгөйлөрүн терең талдоого шарт түзөт.
PR адиси Айгүл Жунушалиева журналистика темасы кино тармагында чындап эле маанилүү деген ойдо:
“Тарыхый контексттен алганда, андай мазмундагы фильмдер өткөнгө кылчайганга, окуяларды талдаганга мүмкүндүк берет, диалогго тартат. Журналистика кесибин тушүнүүгө, анын түйшүгүнө, маанисине көңүл бурууга жардамдашат. Андан тышкары, журналисттердин ийгиликтери жана катачылыктары жаш кабарчыларга үлгү болуп, анын коомдогу ролун терең түшүнүүгө көмөктөшөт деп ойлойм”.
Режиссер, Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер Нияз мындай тасмалар зарылдыгын белгилеп, эмнеге кыргыз киносунда бул темага азыр кызыгуу жоктугун мындай түшүндүрдү:
“Журналистика абдан кызыктуу тармак. Бекеринен “төртүнчү бийлик” деп аталбайт. Борбор Азияда кыргыз журналистикасынын салмактуу орду бар. Эгемендиктин 30 жылдык тарыхындагы коомдук-саясий олку-солку окуяларда журналисттерибиз мыктылыктын үлгүсүн көрсөтө алган. Журналистика – мамлекеттин жүзү, журналистика – ачык-айкындуулук, журналистика – демократия. Журналисттер тууралуу фильм тартылса, жакшы болмок. Бирок ага режиссерлордон да мурда журналисттер өздөрү кызыкдар болушу керек. Кино тармагында иштегендерге журналисттер өзү идея берсе, режиссерлор аны ишке ашырат деп бөркүмдөй ишенем. Журналисттер режиссерлор менен жолугушууларды уюштуруп, талкууласа, балким келечекте медианын күңгөй-тескейин чагылдырган мыкты тасма жаралып калар”.
Биз суроо салган кинорежиссерлордун дээрлик баары “Журналисттер өзү демилге көтөрүшү керек” деген пикирин айтышты. Дагы бир белгилүү режиссер маселенин башка өңүтүнөн карады, бирок макалада аты-жөнүн атоону каалаган жок.
“Кыргызстанда кино күйөрмандары жеңил тасмаларга, турмуштук окуялар чагылдырылган фильмдерге көбүрөөк кызыгат. Андай кинолор прокатта да жакшы киреше алып келет. Ал эми журналистика, же ушул өңдүү тармактык темадагы тасмаларга кызыккандар аз. Себеби, коомчулукта кинону талдай алган катмар өтө сейрек. Жакшы кино жаратыш үчүн чоң акча керек. Ошол кино кайра чыгымды акташы зарыл. Бирок бизде күйөрмандын табити салмактуу кинолордон бир аз алыс. Мен режиссер катары кино тартып, чыгымга учурагым келбейт. Андан тышкары, дагы бир себеп бар. Кыргызстанда сөз эркиндиги акыркы жылдары басымга кабылып жатканы айтылат. Бул көрүнүштү тасмада чагылдыра аламынбы? Азырынча андай эрдик кыла албайм”, – деди ал.
“УТРК Жалал-Абад” каналынын кызматкери Гүлзина Мөндөева журналистиканы кинодо чагылдыруу оңой эмес деген пикирде:
“Журналистиканын “ашканасын” түшүнүш үчүн бери дегенде бир-эки жыл журналист болуп иштеш керек. Сырттан баары сонун болуп көрүнгөнү менен анда саясат, маданият, жана толгон-токой интриганын баары аралашкан. Аны түшүнүү үчүн журналистика ааламына сүңгүп кирүү зарыл. Ошондуктан, сырткы көз караш менен кино тартуу мүмкүн эмес деп эсептейм. Журналистика тууралуу сценарий ойлоп таппай эле, элге таанымал журналисттердин жашоосун чагылдырган кинолорду жаратса болот. Мисалы, белгилүү алып баруучулар Гүлшан Молдоева, Бактыбек Мамытов өңдүү өз ишинин чеберлери жөнүндө биографиялык фильмдер жаралса, кандай сонун болмок”.
Телеканалдагы түйшүктү көрсөткөн “Эфир”
2020-жылы “Жетинчи канал” көрөрмандарга “Эфир” деп аталган сериал тартуулаган. Анын режиссеру Нарбото Анарбаев, сценарийин Жыргал Сулайманов жазган.
Тасмада коомдук-саясий турмуш, социалдык көйгөй, баалуулуктар, текеберлик менен адамгерчиликтин ортосундагы жарака, мамилелердин тиреши телеканал кызматкерлеринин ишмердиги аркылуу көрсөтүлгөн. 11 бөлүктөн турган сериалды тартуу 2019-жылы башталып, жети айга созулган. Анын демилгечиси, аталган каналдын ошол кездеги жетекчиси Алтынбек Жумаев сериал жаратуу идеясы жөнүндө ой бөлүштү:
“Журналистикага, телевидениеге өзүмдүн тиешем бар болгондуктан, ушул темада кино жаратууну көздөгөн элем. Мамлекеттик телеканалдарда жөнөкөй дикторлуктан жетекчилик кызматка чейин жеткендиктен, бул тармактагы түйшүктөрдү жакшы билем. Кыргызстан эгемен өлкө болгондон бери коомдун түптөлүшүнө, мамлекеттин өнүгүшүнө, саясий чөйрөгө журналисттердин кошкон салымын баамдап келгем. Ошондуктан, ички сезимимде козголоң бар эле. Журналисттердин иштеги шартын, жумуш процессин, интригаларды, бут тосууларды жакшы билем. Журналист болуу – оңой эмес. Журналист деле пенде, кээде адашат, кээде чоң маселени чечип салат. Мунун баарын кинодо көрсөткүм келген. Жеке менчик каналды башкарып жатканда ал идеяны ишке ашырдым”.
Жумаев бул долбоордо баш-аягы элүүдөй адам иштегенин айтып, “Эфир” сериалы жергиликтүү менчик телеканалда тартылган сапаттуу алгачкы тасма экенин белгиледи.

Режиссер Нарбото Анарбаев киноөндүрүш тармагы эми гана бутка туруп келатканын айтып, тематикалык мазмундагы тасмалардын доору жакын-арада башталат деп ишенет:
“Менин түшүнүгүмдө кыргыз режиссерлору азырынча элдин күнүмдүк жашоосун чагылдырган орчундуу, көйгөйлүү, актуалдуу маселелерди көрсөткөнгө басым жасап жатышат. Журналистика темасы биз алдыдагы жылдары кенен ачып бере турган олутуу темалардын бири”.
Тыянак
Кыргызстанда журналистикадагы жетишкендиктерди жана көйгөйлөрдү чагылдырган кинолордун жоктугу жалпы улуттук олуттуу көйгөй болбосо да, медиадагы актуалдуу маселелердин бири. Аны чечүү үчүн журналисттер менен кинематографисттер биргелешип иш алып баруусу зарыл. Журналистика жөнүндө фильмдердин пайда болушу өлкөдөгү медианын өнүгүшүнө, анын баалуулуктарын түшүнүүгө жана анын келечекке болгон таасирин кеңейтүүгө чоң салым кошот.
Бул макалага пикирлерди чогултуп отуруп, Кыргызстанда журналистиканы чагылдырган кинолордун жоктугунун бир нече себептерге бөлүп караса болорун байкадык:
Финансылык ресурс. Кинематография чоң инвестицияны талап кылат. Кыргызстанда бул тармакта каржылык колдоо жетишсиз, айрыкча тематикалык, тар чөйрөгө арналган тасмалар үчүн.
Суроо-талаптын төмөндүгү. Кыргызстанда кино көрүүчүлөрдүн көбү көңүл ачуучу же патриоттук тасмаларды жактырышат. Журналистика сыяктуу оор, терең талдоо талап кылган темаларга кызыгуу төмөн болушу мүмкүн.
Сөз эркиндигинин абалы. Медианын көз карандысыздык маселеси же сөз эркиндигине байланыштуу жагдайлар журналистика жөнүндө чындыкты көрсөткөн тасмаларды жаратууну татаалдаштырат.
Санжар Эралиев, медиасынчы.
Бул макала USAID каржылап, Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Бул макала көз карандысыз автордуку же авторлор тобунуку жана анын мазмуну USAID’дин, АКШ өкмөтүнүн, Internews’тун же Freedom House’тун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.