Кыргызстанда өткөн ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча “Жолдун кесилишинде: Демократия үчүн ЖМК эркиндигин коргоо” 24-борборазиялык конференцияда Checkit Media’нын башкы редактору Асель Сооронбаева жалган маалымат менен күрөшүү боюнча медианын тажрыйбасы менен бөлүштү.
Бул конференция Бишкекте 6-7-июлда өтүп, анда: жалган маалымат менен күрөшүү, алгоритмдердин жана жасалма интеллекттин доорундагы сөз эркиндиги, журналисттердин санариптик коопсуздугу, кастык тил, журналисттер коопсуздугунун укуктук маселелери, медиа жана санариптик сабаттуулук жаатындагы демилгелер, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү ЖМКлардын өзүн өзү башкаруу органдары сыяктуу чөлкөмдөгү актуалдуу маселелер боюнча талкуулар болду.
Асель Сооронбаева “ЖМКлардын эркиндигин коргоодо жалган маалыматтарга каршы туруу” панелдик талкуу учурунда өлкөдөгү фактчекингдик демилге кантип пайда болгонун, кантип төрт редакция COVID, вакцина, маска, 5G’га байланыштуу жалган маалыматтар менен күрөшүү максатында “Медиа-Блокпосттун” алдында бириккендерин айтып берди.
Долбоор тууралуу:
Жалган маалыматка каршы жети редакция бирикти
“Башында биз ойлогонбуз, бул убактылуу эле деп, бирок кийин бизде парламенттик, президенттик жана жергиликтүү шайлоолор өттү. Андайн кийин чек-ара жаңжалы болду. Аларды бардыгы жалган маалыматтар жана маалыматтардын бурмалоолору менен коштолду”, – деп белгиледи Сооронбаева.
Быйыл январда фактчекерлердин биримдигине дагы үч редакция кошулуп, биримдик төрт платформада жеке барактарын ачкан.
Асель Сооронбаева белгилегендей, Checkit Media видеоформатка жана кыргыз тилиндеги контентти өндүрүүгө басым кылат, анткени медиакеректөө боюнча изилдөө көрсөткөндөй, жергиликтүү аудитория ушуга ыктайт.
Ал ошондой эле Checkit Media’нын акыркы изилдөөсү жөнүндө айтып берди – журналисттер өлкөнүн башкы каналында медиабөлүм ачылганын, ал жерде анын атын жамынып фейктер менен троллдордун фабрикасы иштеп жатканын аныкташкан. Бул бөлүм бийликти мактап, каршылаштарын: активисттерди, эркин медиаларды ж.б. каралап турат. Медиабөлүмдүн кызматкерлеринин коомдук тармактардагы фейк-аккаунтар менен байланыштары тастыкталган.
Иликтктөөнүн айтымында, 2022-жылдан баштап УТРКнын Байкоочу кеңеши жоюлуп, телеканалдын редакциялык саясатын толугу менен Президенттин администрациясы аныктап турат. Андан сырткары атын ачыктагысы келбеген УТРКнын мурдагы кызматкери медиабөлүмгө тапшырмаларды президенттин Маалыматтык саясатынын жетекчиси берип турарын билдирген.
Сооронбаева белгилегендей, Мамлекеттик ЖМКлардын иш алып баруусуна күнүнө бюджеттен 2.5 млн сом ($29 миң) сарпталып турат. Бул каражаттын 1.3 млн сому ($15 миң) өлкөнүн башкы каналын – УТРКны каржылаганга жумшалат.
Checkit Media’нын УТРКдагы фейк-фабрика тууралуу иликтөөсүн бул жерден көрсө болот: