“Зомбулукка каршы күрөшүүдө эркек журналисттердин орду начар”
– Аялдарга жана балдарга карата зомбулукка каршы күрөшүүнүн дүйнө жүзү боюнча 16 күндүк акция болду. Дээрлик көпчүлүк медиада бул боюнча адатка айланган жыйындар жана акциялардан башка терең бир тагдырларды кейстерди алып чыгуу жокко эсе.
“УТРК Баткен” телеканалынын жетекчиси Сабыр Абдумомунов гендер маселесине сүңгүп кирип, аялдардын жана балдарга карата зомбулук маселесин, дегеле учурдагы кыз-келиндердин жагдайын системдүү чагылдырууга эмгегин арнаган саналуу эркек журналисттердин бири.

Буга чейин “Азаттыктын” “Эже-сиңдилер” берүүсүнө продюсерлик кылып, көмүскөдө калган аял укугу, аялдарга карата зомбулук, фемицид, ыдык көрсөтүү, басым жасоону жектеген бир катар берүүлөрдүн чыгышына шарт түздү. Ал алгач радио берүү, андан соң радио талкуу, кийин теле ток-шоу болуп чыккан программа эң ириде жеке өзүндөгү гендердик сезимталдыктын жакшырышына көп өбөлгө түздү дейт:
– Мен институционалдык да, башка да билим алдым. Биз ушул программанын негизинде көптөгөн кейстерди алып чыкканга, табу маселелерди алып чыкканга аракет кылдык. Бул үчүн “Азаттыктын” аянтчасы өзүнүн ачыктыгы жана эл аралык стандарттарды кармаган медиа катары гана уруксат берди. Мынчалык табу маселелер мамлекеттик жана жеке медиаларда бүгүнкү күндө алып чыгылбайт, уят көрүшөт. Көрөрмандын, аудиториянын сынына, талкуусуна калуудан коркушат.
Адатта кыз-келиндердин тагдырына арналган берүүлөрдү кыргыз медиасында аял журналисттер даярдашат. Аялдарга жана балдарга зомбулук жасалган учурда гана эркек журналисттер окуяны баяндап берген учурлар болбосо, бул көйгөйдү туруктуу чагылдырган мырзалар жокко эсе. Абдумомунов буга кыргыз коомчулугунда патриархалдык түшүнүк күчтүү калыптанганы себеп деп эсептейт:
– Зордук–зомбулукка каршы күрөшүүдө эркек журналисттердин орду начар. Биз патриархалдык коомдо жашайбыз. Илгертен патриархалдык түшүнүк эң күчтүү калыптанган өлкөлөрдүн катарына киребиз. Ошондуктан эркек журналиcттер гендер маселесине анча маани беришпейт. Гендер маселеси менен көбүнчө аялдар алектенгени адат болуп калган.
“Зомбулукту кабыл алгысы келбеген журналисттер бар”
Ар кандай түрдө зомбулук көргөн аялдар менен балдарга психологиялык, юридикалык жактан жардам берип, убактылуу баш калкалоочу жай уюштуруп келген Оштогу “Ак-Жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова да Абдумомуновдун пикирин бекемдейт.

Ал зомбулук маселеси менен кайрылган эркек журналисттердин саны бир топ аз экендигин, алар интервью алып жатып айрым жагдайларды кабыл алгысы келбегендигин айтат:
– Зомбулук маселеси менен кайрылган журналисттердин 40 пайызы эркектер. Эркек журналисттер интервью алып жатканда кадимкидей эле суроо берип олтурушат. Бирок сьемкадан кийин“сиздер ар дайым аял затын коргойсуздар, бирок ачыкталбай калган жагдайлар болот да, медалдын эки тарабын карасаңыздар болбойбу” деп камерадан сыртта пикирин билдирип калышат. Келишпеген көз–караштарын ортого коюшат. Бирок айрымдар кадр артында деле “эже, бул маселени биз түшүнгөн эмес экенбиз, бул жагын биз башкача ойлоп жүрүптүрбүз, чынында мындай кылсак болот экен” деп өзүнүн кемчиликтерин моюнга алган учурлар болот. Бирок тилекке каршы андайлар азыраак.
Журналисттик иликтөө, аналитика, экономикалык анализ же соттук процесстер – бул кыргыз медиасында эркек журналисттер алектенген негизги багыттар. Көп эле медиаларда аталган тармактарды эркек журналисттер жакшы жасайт деген түшүнүк калыптанган.
Деген менен психолог Дөөлаткан Кабыкованын айтымында аялдарга жана балдарга болгон зомбулук маселесин эркек журналисттер көбүрөөк айтып турса, жакшы натыйжа бермек.

Анткени психологиялык жактан алганда эркектер эркек кишинин сөзүн көбүрөөк угушат жана ынанышат дейт ал:
– Өтө резонанстуу окуяларды эске албаганда, балдарга жана аялдарга карата жасалган зомбулук үй–бүлөлүк маселе катары кабыл алынат. Бирок эркек журналисттер ушул маселени көтөрсө, коомго жакшыраак таасир кылмак. Кайсыдыр бир байкуш зомбулук көргөн болсо гана бир аз убакытка ызы–чуу болот, кайра токтойт. Аны да көп учурда аялдар көтөрөт. Болбогон нерсени коомчулукка алып чыгып талкуу жараткан блогерлер деле бул маселеге келгенде үн чыгарбай калышат.
“Эркек журналисттер зомбулук менен системалуу түрдө күрөшүүсү керек”
Ал эми аялдардын потенциалын көтөрүү максатында демилгеленип, беш жылдан бери ишке ашып келе жаткан “Кыйын” долбоорунун автору, журналист Кайыргүл Урумканова учурда журналисттер жынысына карабай зомбулукка карата активдүү каршы чыгып жатат деп ойлойт:
– Зордук-зомбулук болгон кезде эркек журналисттер деле “биз мындай кылбашыбыз керек” деп макала жазып жатканын биз көрүп жатабыз. Негизи эркек журналисттердин минтип жазып турганынын таасири чоң болот. Анткени аялдар гана өзүнүн көйгөйүн айта бербестен, эркектер да айтканда зомбулук кылып жаткан адамдар тилектештик жок экенин көрүп, түшүнүшү мүмкүн.

Албетте, улам ачыкталып жаткан зомбулук окуялары тынымсыз чагылдырылып жатат жана баяндоочулардын катарында мырзалар да бар. Резонанстуу окуялар катталганда зордукчулду жектеп пикир билдирген журналисттер да жок эмес. Бирок мындан натыйжа аз болот дейт Кайыргүл Урумканова. Анын баамында эркек журналисттер системалуу түрдө аялдарга жана балдарга карата зомбулук маселесин көтөрүп турса натыйжа бир топ жакшы болмок.
– Негизи ар бир кыймыл–аракетти бир эле айтып тим болбостон, стабилдүү түрдө жасаш керек, ошондо гана өзүнүн натыйжасын берет. Бизде эркектер көбүнчө системалуу түрдө мындай долбоорлорду иштетпей келишет. Зомбулук болгон учурда гана эркектердин үнүн угуп калабыз, стабилдүү түрдө зордук–зомбулукка каршы жана аялдардын потенциалын жогорулатуучу долбоорлорду алып барган эркек журналисттер аз деп айтсак болот.
Мисалы, Ecslusive.kg басылманын Ютуб-каналында гендердик зомбулукка каршы, аялдардын укуктары жана алардын лидерлиги темаларында видеолор такай чыгып турат. “Кайра кан төгөбүз”: Ногойбаева жолдошунун туугандары коркутуп жатышканын айтты” чыгарылыштын көрүүлөрү 500 миңден ашкан.
Жыйынтык
Медиа айдыңы журналисттердин аял-эркегине карабай көп тармактуулукту талап кылат. Балким, башка кесиптин ээлерине өз кесибин жакшы өздөштүрүүсү мыктылык катары сыпатталат. Бирок журналист элге толук, объективдүү маалымат бериши үчүн бардык кесиптерден бери дегенде базалык түшүнүгү болушу керек. Антпесе же маалымат элге чаржайыт берилип калат же анын бейтараптуулугуна күмөн жаралат.
Зомбулук маселесинде деле жагдай ушундай. Эгерде журналист аялдардын жана балдардын мыйзам кепилдеген укуктарын билбесе, алар кайсы учурда зомбулукка дуушар болуп жатканын да аңдай албайт. Натыйжада үстүртөн, терең изилденбеген, ал тургай бурмаланган маалымат элге сунушталат. Айрым учурда аң сезимдик денгээлде зордукчулдардын аракетин жактаган материалдар жаралып калышы ыктымал жана жаралып жатат.
Буга өзүн блогер катары таныштырып жүргөн Али Эргешовдун “9 жаштагы кызга чын эле ыдык көрсөткөнбү?”, журналист Адыл Акжол уулунун “Өзүнө кол салган Айтургандын окуясы” деп аталган материалдары мисал боло алат.
Ушул материалдарга медиасынчылар өзүнүн реакциясын “Иликтөө эмес: Эргешовдун материалына медиасын” менен “Адыл Акжол уулу Айтургандын окуясын чагылдырганда кандай алешемдиктерди кетирди?” макалаларда кылышкан.
Мындай жагдай өз кезегинде коомдо эки ача пикир жаратып, журналисттерге, медиа өкүлдөрүнө болгон ишенимди начарлатышы мүмкүн. А журналисттик этика бизден зомбулуктун кандай түрү болбосун эч кандай сезимдерге, түшүнүктөргө байланбай тең салмактуу берүүнү талап кылат.
Кенжебү Маматсадыкова, медиасынчы.
Бул макала USAID каржылап, Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун “Медиа–К” долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Бул макала көз карандысыз автордуку же авторлор тобунуку жана анын мазмуну USAID’дин, АКШ өкмөтүнүн, Internews’тун же Freedom House’тун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.