«Бир дуйно» фестивалдын алкагында 10 инновациялык лаборатория жана мастер-класстар өткөрүлөт.

«Адам нарктуулугу үчүн!» темасындагы ХII Эл аралык укук коргоочу документалдык фильмдер-2018 фестивалы

БУУнун адам укуктары боюнча Жалпы декларациясынын 70 жылдыгына арналды

жана “Бүгүн эртеңки күн үчүн иштейбиз” деген девиз боюнча өтөт.

 

Жыл сайын өтүүчү «Бир Дүйнө-Кыргызстан» уюштурган фестиваль Бишкекте, 2018-жылдын 12-16-ноябрында Бишкекте өткөрүлөт.

 

 

 

Конкурска Кыргызстан, Норвегия, Швеция, Китай, Чехия, Швейцария, Россия, Германия, Польша, Бельгия, АКШ, Австралия, Индия, Улуу Британия, Канада, Украина, Парагвай, ТАРдай 18 мамлекетинен 55 фильм келген. Комиссия алардын ичинен эң мыкты жана күчтүү картиналарды тандаган.

 

Бул жылдагы документалдык фильмдердин сценарийи балдардын, аялдардын жана аялуу топтордун, жабык мекемелердеги кыйноолорго, мигранттарга, дискриминациядан запкы тарткан жана соттук адилеттүүлүккө жеткенге мүмкүнчүлүгү жок адамдарга арналган. Ошондой эле кинотасмалар экологиялык жактан кооптуу аймактарда жашаган жана оор менен жакырчылыктан жабыр барткан адамдар айтат. Темалардын палитрасы өтө түрдүү, бирок аларды бир нерсе бириктирет – ар бир адамдын татыктуу жашоосуна жалпы адамзаттык камкордук.

 

Фестивалдын идеясын бул жылы Бишкек шаарынын мэриясы, борбордун акимияттары колдоду жана документалдык тасмалар шаардын ар бир районунун кинотеатрларында: «Манас», «Россия», «Октябрь» жана «Ала-Тоо» кинотеатрларында көрсөтүлөт. Көрүүчүлөр үчүн эшик ачык. Ар бир тасмадан кийин документалисттер менен жолугушуу өтөт жана көрүүчүлөр алар менен баарлаша жана өзүнүн кызыккан суроолоруна жооп ала алышат. Талкууга аудитория менен кошулуп тасманын каармандары, бийлик өкүлдөрү, эксперттер жана журналисттер катышат.

 

Фильмдерди талкуулноонун жыйынтыгы боюнча бардык сунуштамалар жергиликтүү жана мамлекеттик бийлик органдарына, адам укугу боюнча улуттук укук коргоо институттарына жөнөтүлөт жана тилектештик тармактары боюнча жайылтылат.

 

Фестивалдын акыркы күнүндө конкурстук эмес негиздеги, иденттүүлүгү айкашкан коомчулук туш болуп жаткан дискриминациялоо жана социалдык адилетсиздиктерге тийиштүү ар кандай маселелерди ачкан фильмдер көрсөтүлөт.

 

«Биздин фестиваль бир нече жылдан бери – долбоор эмес, тилектештердин, активисттердин, искусство адамдарынын жана укук коргоочулардын биргелешкен волонтёрдук иши экендигине сыймыктанабыз», - дейт Бир Дүйнө Кыргызстан укук коргоочу кыймылынын директору Төлөйкан Исмаилова.

 

Кинофестиваль Кыргызстандын бийлигинин аймактарда чакан жана орто ишкердикти колдоо, инвестицияларды тартуу, региондорду өнүктүрүүгө жана жумушчу орундарды түзүүгө багытталган долбоорлорду кредиттөө боюнча финансылык институттардын жана фонддордун ишин активдештирүүнү колдоонун жаңы форматында өтөт1.

 

Фестивалдын алкагында бийлик жана бизнестин өнөктөштүгү аркылуу жетишүүгө мүмкүн болгон, туруктуу өнүгүүнүн максатына арналган 10 инновациялык лаборатория жана мастер-класстар, ошондой эле калктын аялуу катмарларынын көйгөйлөрүн чечүү үчүн креативдүү ыкмалары өткөрүлөт. Лабораториялар

жарандык агартуу үчүн платформаларды түзөт, чечим кабыл алууда жарандардын катышуусун стимулдаштырат, анын ичинде өнүгүү маселелеринде КРда ак ниет башкаруунун принциптерин сүрөмөлөп жатып, мамлекеттик деңгээлде дагы жаңы саясатты шарттайт

Бул мастер-класстык сабактарды «Бир Дүйнө Кыргызстан» улуттук жана эл аралык өнөктөштөрдүн патронаждыгы алдындагы белгилүү атактуу чет элдик жана регионалдык эксперттер өткөрүшөт. А кинодокументалисттер үчүн мастер-класста өзүнүн тажрыйбасы менен казакстандык «Партизандык кино» медиа-тобу бөлүшөт.

 

Адам укуктары боюнча документалдык фильмдердин Эл аралык фестивалы 2007-жылдан бери өзгөрүүдөгү дүйнөдө укук менен эркиндиктин негизги темаларын көтөрүп жаткан активдүү аракеттеги Жарандык Платформа болуп эсептелет. Бул Борбор Азиядагы укук коргоо тармагындагы документалдык чындыкты талкуулоо үчүн ар кайсы өлкөдөгү кинематографисттерди тартуу менен талкуулоого кеңири мүмкүнчүлүк берген фестиваль болуп эсептелет.

Бөлүшүү