3 май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү

 

Жыл сайын май айынын башында дүйнө жүзү боюнча  Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнүнө арналган иш-чаралар өткөрүлөт. Быйыл ЮНЕСКО 2-майдан 5-майга чейин Уругвайдын Пунта-дель-Эсте шаарында жыл сайын өтүүчү  Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнүнө арналган конференциясын өткөрүп жатат.

 

Конференция  "Журналистика санариптик курчоодо" деген темада өтүүдө, анда санариптик доордун сөз эркиндигине, журналисттердин коопсуздугуна, маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүнө жана жеке жашоонун купуялуулугуна тийгизген таасири сыяктуу маселелер каралып, соңунда ушул көйгөйлөрдү чечүү боюнча конкреттүү сунуштамалар иштелип чыгат.

 

Жыл сайын 3-майда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын  кайрылуусу жарыяланат.  2022 жылкы билдирүүсүндө Антонио Гутерриш:

 

 "Бириккен Улуттар Уюму дүйнө жүзү боюнча журналисттерге жана ЖМК кызматкерлерине колдоо көрсөтүп келет. Он жыл мурда биз ЖМК кызматкерлерин коргоо жана аларга каршы жасалган кылмыштар үчүн жазасыз калууну токтотуу үчүн Журналисттердин коопсуздугу боюнча иш-чаралардын Планын даярдаганбыз.

Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнүндө биз маалымат каражаттарынын чындыкты бийликке жеткирүү, калпты ашкерелөө жана күчтүү, туруктуу институттарды, коомду куруу үчүн жасаган маанилүү иштерин даңазалайбыз.

Биз дүйнө жүзү боюнча өкмөттөрдү, медиа уюмдарды жана технологиялык компанияларды бул маанилүү аракеттерди колдоого чакырабыз", -деди БУУнун башчысы.

 

Ошондой эле  2022-жылы басма сөз эркиндигинин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ЮНЕСКОнун дүйнөлүк / Гильермо Кано сыйлыгын тапшыруу аземи өтөт.

Бул жылы Беларусиянын журналисттер бирикмеси (БАЖ)  сыйлыктын лауреаты болду.

 

2022-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү  басма сөзгө эркиндигине,  жеке жашоого болгон кысымды токтотуу боюнча конкреттүү чечимдерди иштеп чыгуу үчүн жана прессага тиешелүү бардык башка маселелерди изилдөө үчүн  кызыкдар тараптарды, атап айтканда: – саясатчыларды, журналисттерди, ЖМКлардын өкүлдөрүн, активисттерди, киберкоопсуздук боюнча медиаменеджерлерди, медиаюристтерди жана медиаэксперттерди бириктирет.

 

Жыл сайын 3-май өкмөттөргө басма сөз эркиндигин коргоо, колдоо керектиги тууралуу эскертип турат, ал эми өз кезегинде ЖМКлардын кызматкерлери да басма сөз эркиндиги жана кесиптик этика тууралуу ойлонуучу күн.

 

Эң башкысы – ЖМКларды колдоо күнү,  анткени басма сөз эркиндиги дал ошолор аркылуу чектелет.

Бул күн ошондой эле кесиптик милдетин аткарып жатып  жанын берген журналисттерди эскерүү күнү.

 

Үчүнчү май Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү катары ( World Press Freedom Day) 1993-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 1991-жылы ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын жыйырма алтынчы сессиясында кабыл алынган сунушка ылайык жарыяланган. Бул, өз кезегинде, 1991-жылы медиа плюрализм жана көз карандысыздык боюнча Виндхук декларациясын даярдаган африкалык журналисттердин чакырыгына жооп болгон.
Бөлүшүү