Журналисттер Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын алдына акцияга чыкты

18-январда "Супер-Инфо" гезитинин, SUPER.KG порталынын жана SUPER TV'нын журналисттери Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын алдына акцияга чыкты. Журналисттер милиция маалымат каражаттарынын ишине жолтоо болбош керек деген талап менен чыккан.

 

Жоодар Бозумовдун борбор айнттагы видео.

 

https://www.facebook.com/nextvchannel/videos/614639335655714/

 

Буга кечээ, 17-январда "Ала-Тоо" аянтында өткөн митингде иштеп жаткан журналистти милициянын кармап, автобуска салып кеткени себеп болгон. Белгилүү болгондой Некст.тв каналынын журналисти аны кармап автобуска саларга тартип сакчыларына бир нече жолу маалымат каражаттарынын өкүлү экенин кайталаган. Бирок ага карабастан кармап кетишип, кийин кайра коё беришкен. Некст.тв каналынын өкүлдөрү журналистин милиция эмне себептен кармаганы белгисиз экенин билдирген.

"Коомдо болуп жаткан окуяларды чагылдырып жаткан журналисттерге милиция тарабынан кысым, жолтоо болбош керек", - деген акцияга бир катар журналисттер катышты. Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын башчысы алардын талабын, оюн угууга чыгып сүйлөштү.

17-январда өткөн "Ала-Тоо" аянтындагы митингде милиция тарабынан кармалган "Некст ТВ" каналынын журналисти Жоодар Бозумов SUPER.KG порталына кармалышы тууралуу пикирин билдирди.

Анын айтымында, милиция кызматкерлери кызматтык күбөлүгүн көргөзгөнүнө карабай кармап кетишкен.

"Кечээки митинг учурунда телефон аркылуу телеканалыбыздын социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу түз эфирге чыгып жатканбыз. Милиция кызматкерлери митингге катышып жаткан адамдарды кармап автобуска салып жатышкан. Бир убакта мени да кармап жөнөштү. Мен журналистмин деп, өзүмдүн кызматтык күбөлүгүмдү көргөзүүгө да жетиштим. Болбой эле автобуска салып коюшту. Автобустун ичинен дагы күбөлүгүмдү көрсөтүп жаттым. Ага карабай Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө алып барышты. Ал жактан кайра-кайра күбөлүгүмдү текшеришип анан коё беришти", - деди Бозумов.

Белгилей кетсек, бүгүн 18-январда SUPER.KG порталы, "Супер-Инфо" гезити жана SUPER TV'нын журналисттери милициянын маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө карата жасаган мамилеси боюнча нааразычылык акциясына чыгышты. Акциядан кийин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаев кабыл алып, журналисттин кармалганы үчүн ЖМК өкүлдөрүнөн кечирим сурады.

 

 

 
 

 Көбүрөк маалымат:

https://www.super.kg/kabar/news/259929/  

https://www.super.kg/kabar/news/259911/

Бөлүшүү