Интерньюстун Бизнес-жумалыгы. Биринчи күн

 

Бизнес-жумалыктын биринчи күнүндө ар түрдүү медианын өкүлдөрүнүн катышуусунда медиабизнестин учурдагы абалы тууралуу талкуу болуп өттү.

 

 Kaktus.media сайтынын негиздөөчүсү  Дина Маслова пандемия учурунда жана 2020-жылдагы саясий “катаклизмдерден” кийин  редакциянын  кризистен чыккан тажрыйбасы менен бөлүштү. Айтымында, бүгүнкү күнгө чейин токтобой жаткан кризис редакциянын  менеджментке жана иш процесстерине болгон мамилесин өзгөртүүгө мажбур кылган.

   

– Кризисттин эң күчөп турган маалында аудитория өсүп, бирок так ушул мезгилде жарнамадан түшкөн киреше төмөндөдү, - деп белгиледи Дина Маслова.

 

 Бир нече ай аралыктан иштегенине карабастан, редакция  командалык демди сактап, ынтымакты бекемдей алышкан. Өткөн жылдагы Октябрь окуялары учурунда журналисттер кеңседен абдан ырааттуу иш алып барышты. Ушул учурдан баштап редакция аралыктан иштөөнү токтотуп, кадимки режимде иштөөгө өтүшкөнүн белгиледи.

 

 НТС телеканалынын директору Миржан Балыбаев карантин маалында жаңылыктар тобу иш-чараларга бара албай,  телеберүүлөрдү даярдоодо кыйынчылыктар жаралганын айтты.  Анын айтымында, бул мезгилде эфирди толтуруу үчүн контент боюнча оор кырдаал түзүлгөн. Ошол убакта "Кыргызфильм" фондусундагы Совет мезгилинде тартылган  документалдык жана көркөм тасмаларды көрсөтүү менен  маселени жарым-жартылай чечүүгө мүмкүн болду.

 

 Миржан Балыбаев парламентарийлердин телеканалдар эфирдик убакыттын 70 пайызын кыргыз тилинде көрсөтүүгө милдеттүү деген норманы мыйзамдаштыруу демилгесине да токтолду.  Ал белгилегендей, жада калса «Баластан» сыяктуу ири телеканал да өзүнүн эфирдик убактысынын 5 пайызын гана өздөрү даярдаган мамлекеттик тилдеги материалдар менен толтура алышат, мамлекеттик тил боюнча сунушталып жаткан мыйзамдын нормаларын ишке ашырууга жакынкы арада өтүү мүмкүн эмес.

 

– Демилгечилер өз мыйзам долбоорунан баш тарткысы келбегени кейиштүү, - деп билдирди НТСтин директору.

 

 Катышуучулар телеканалдардагы каракчылык жана автордук укуктун сакталышы боюнча темага да токтолушту.  Өлкөдө мыйзамдарды сактабаган телерадиокомпаниялар бар экени, бул жаатта абал өтө көңүл жаздымында экени, көзөмөлдөөчү органдар бул каналдарды жаппай, пираттык контент аркылуу коммерцияга жол берип жатканы айтылды.

 

1.1 Studio продюсердик борборунун негиздөөчүсү  жана башкы продюсери Асхат Табалдиев

Кыргыз Республикасында блогингдин тез өнүгүшү жана блогерлердин курултайын ийгиликтүү өткөрүү жөнүндө сөз козгоду.

   

Ал мындай деп баса белгиледи: ар бир адам өзү каалагандай иш алып бара турган чөйрө болгону менен курултайдагы баарлашуу,  блогерлер жамаатын бириктире турган аянтча керек экенин көрсөттү.

 

 Медиа-консультант, Digital Sales House I DO MARKETING компаниясынын негиздөөчүсү Айбек Куренкеев  Кыргызстандагы интернет-жарнактарына саресеп салган. 

 

 Ал  республикада мобилдик интернеттин жайылуу деңгээли жогору экенин белгиледи, айтымында 6,5 миллион калкка 10 миллион сим-карта туура келет. Бул колдонуучулардын бир бөлүгүндө ар кандай уюлдук операторлордун эки-үч сим-карталары бар экенин көрсөтүп турат.

Мобилдик интернеттин орточо кирүүсү 89 пайызды түзөт. Негизги колдонуучулар 25 жаштан 34 жашка чейинки жаштар, алар  Интернетке жарнакты жайгаштырышат, алар көбүнчө интернет аркылуу акча табышат, ар кандай товарларды, кызматтарды көбүрөөк керектешет жана  сатышат.

   

Айбек Куренкеев аудиториялардын көпчүлгү колдонгон платформалар: бул Google, Instagram жана YouTube экенин көрсөттү. Алардын кийин "Одноклассники", Facebook жана "ВКонтакте".  Ал ошондой эле YouTube'ду издөө көбөйгөнүн белгиледи, жаштар  «гуглитеткенге» караганда  көбүрөөк  "ютубитетип" башташыптыр.

 

 Беларусиядагы  көз карандысыз медиалардын жана жергиликтүү жарнама компанияларынын лидери болгон  CityDog.by медиа борборунун  негиздөөчүлөрүнүн бири Ирина Виданова медиа үчүн акча табуу (монетизация) модельдерине  токтолгон.

   

– Көз карандысыз медиа – бул биринчиден бизнес эмес  миссия-деп билдирди ал.

 

Ирина Виданованын айтымында, эксперимент жасоодон коркпош керек Учурда, бардык медиа мультиплатформалуу болгон үчүн, атаандашуу күч алган. Бирок мындай атаандаштыкты утуп алуу мүмкүн эмес, муну эмне кылсак болот  деп ойлонуу туура.

 

CityDog.by медиа борборунун негиздөөчүсү акыркы тренддер жөнүндө  жана контентти монетизациялоонун бир нече моделдерин айтып берди алар: түздөн-түз төлөмдөр, жазылуу, кайрымдуулук, краудфандинг, клубга мүчөлүк.

Ал өз аудиториясына сапаттуу журналистиканы тартуулоо үчүн ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып  келген "Украина чындыгы" басылмасын ийгиликтүү модель катары мисал келтирип анын практикасын колдонууну сунуштады.

 

 
Бөлүшүү