Болот Темиров: тергөөнүн негизги максаты – Temirov Live командасын жана анын иш алып баруусун ашкерелөө

 

Фото 24.kg

 

Журналист Болот Темировдун иши боюнча Бишкектин Свердлов райондук сотундагы отурум 5 жана 6-сентябрда улантылды.

Ишти кароодо сот Акылбек Адимов төрагалык кылды.

 

Отурумда Темиров ага карата коюлган айыптар боюнча көрсөтмөлөрдү берди.

«Мени камагандан баштап укук коргоо органдарынын баардык жетекчилери жана мамлекет башчы пресс-конференцияларда, интервьюларда мени өз сүрөтүмдү башка бирөөнүн аскер билетине чаптап алган деп айтып келишүүдө, бирок да ошол эле кылмыш ишинин материалдарында бул тууралуу эч бир факт жок. Мамлекеттик ЖМКлар аркылуу мени жана менин командамды каралоо токтобой жүрүп жатат. Мен жана командабыздагы журналисттер журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзө албасын, бийликтин эң жогорку эшелонундагы жемкорлук көрүнүштөрдү ачыктай албасын деген максатта баардык аракеттер жасалууда. Иш алып баруубузду болушунча татаалдантууга аракеттер көрүлүп жатат”, - деди Темиров.

Журналистке карата төрт кылмыш иши козголгон. Болот Темировдун билдирүүсүндө, буга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурастын компаниясы Жалал-Абадда бир канча тендерлерди утуп алгандыгы тууралуу журналисттик иликтөө жана атайын кызматтын жетекчисинин үй-бүлөсүнүн күйүүчү май бизнеси тууралуу материал себепкер болгон.

Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгы кылмыш иштерине байланыштуу тергөө учурунда айыпталганга айып коюлган жаңы кылмыш фактылары аныкталганын билдирди. Аныкталган фактылардын негизинде калыс юридикалык баа бериш үчүн КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (“Документтердин жасалмасын жасоо”) жана 378-беренеси (“Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) боюнча кылмыш иштери козголгон.

 

Журналисттин пикиринде, сот жана прокурор буйрукту аткарышууда жана эртеби-кечпи алар жоопкерчиликке тартылышат.

 

“Урматтуу сот, суроо берип жатып, буюмдарды чөнтөгүмөн алып чыгууда өз эрким менен кылганыма басым кылганыңыз менен, иш жүзүндө башкача болгон. Тергөөчү мага жана менин командама чөнтөктөн бардыгын алып чыгууга буйрук берген. Биз алып чыктык. ШИИБге бизди алып келгенде, мен автобуста бир сааттай кармашты. Ошондо мени кармат турган кызматкерлер алар буйрукту аткарып жаткандарын айтышты. Сиз дагы аткарып жатасыз. Урматтуу сот жана урматтуу прокурор, мыйзамсыз буйруктарды аткаруу – бул сиздердин жумушуңуздар эмес”, - деди Болот Темиров.

 

Журналист тергөө башынан эле кайсы бир кызыкчылыкта жүргүзүлгөнүн жана баардыгын укук коргоо органдары уюштурганын айтты. Анын чөнтөгүндө табылган баңгизат пакетин органдардын кызматкерлери салып койгонун билдирди.

 

“Сотто Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Мухтар Токтогулов журналист камалган күнү Болот Темировдун жактоочулары наркологияга кирип барган деп калп айткан. Ал наркологиялык текшерүүнү башынан аягына чейин тарткан. Сийдикти анализге алышкан. Жыйынтыктары терс чыкты. Бул тууралуу наркологиянын кызматкер айымы да айткан. Бирок убакыт өткөндөн кийин текшерүүнүн видеосу кесилип, монтаждалып коомдук тармактарда жарыяланды. Анда сийдикте баңгизат табылды дегенсип айтылат. Мухтар Токтогулов видеожаздырууларды белгисиз адамдарга берген, алар болсо видеону коомдук тармактарда тарата башташкан. Ал, мен жана наркологиянын кызматкерлеринен башка кабинетте эч ким жок болчу. Имараттын сыртынан тартылган видеолор да бул айтканымды тастыктайт. Мен бул жерде тергөө кайсы бир кызыкчылыкта иш алып барып жатканын көрүп турам. Ал алдын ала мени күнөөлөөнү жана ушундай кылып көрсөтүүнү максат кылган”, - деди Болот Темиров.

 

Отурумда Темиров аны кармашкан күн тууралуу айтып берди. Анын айтымында, атайын күчтөрдүн жоокерлери жана милициянын башка кызматкерлери Temirov Live редакциясынын кеңсесине “Баардыгыңар жерге жаткыла!” деп кыйкырып киришкен.

 

“Алгач алар редакциянын кызматкерлеринин колдорун байлап, анан экөө келип менин үстүмө отурушту. Мен так камералардын алдында жаттым, алардын бири видеобайкоо камерасы эле. Баардык аракеттер видеого тартылган, бул окуяга чейин камералардын баардыгы иштеп жаткан”, - деп эскерди Темиров.

 

Анын пикиринде, баңгизатты бутун көтөрүүсүн талап кылышкан учурда салып коюшкан болушу керек. Темиров видеобайкоо так ушул учурда убактылуу токтотулганын белгилейт.

 

“Мени байлашкандан кийин тергөөчү Асан Асанакунов кирип келди, аны суракка чакырууга сиз [сот Адимов — ред. билд.] макул болбой койдуңуз, аны алып келүүгө баардык аракеттер көрүлдү деген жүйөөлөрдү айтып”, - деп билдирди Темиров.

 

Мурдараак тергөөчү Асанакунов эргүүдө экендиги айтылган. Ошого байланыштуу ал процесске келбеген.

 

“Тергөөчү Асанакунов редакциянын офисине кирип келип, “Бул жерде ким башчы?” деп сурады. Андан кийин, менин кебетем кандай экенин билбей туруп, мени колу менен көрсөттү да полдон тургузууну айтты, анан тинтүүнүн протоколун мурдума такады. Мен адвокатсыз эч нерсеге кол койбой турганымды жана эч нерсени окубасымды билдирдим”, - деп белгиледи Темиров.

Анын пикиринде, баардыгын тергөөчү эмес атайын күчтөрдүн командири Данияр Б. башкарып жатты. Акыркыга кийинчирээк бет капчан бирөө басып келген, бирок анын ким экендиги эч жерде көрсөтүлгөн эмес.

Темиров шымынын алдыңкы чөнтөктөрүндө тамекиси, зажигалкасы жана телефону болгонун билдирди.

 

“Арткы чөнтөгүмөн бир пакетти алып чыгышты, мен ошондо, бул атайы жасалган иш экенин түшүндүм. Мен шок абалда болчумун, нааразылыгымды билдире баштадым”, - деп кошумчалады журналист.

 

Аны камакка алуу тууралуу сөз болгондо беткапчан белгисиз адам чыгып кеткенин, анын ордуна Бишкек ШИИБинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүм жетекчиси Мухтар Т. келгенин Темиров эскерди.

 

Соттолуучуну бир сааттан кийин наркологияга алып барышкан, ал жактагы баардык тесттер терс болгон.

 

“Эмки күнү саат 10го чейин мен милицияда болдум”, - деп белгилейт Темиров.

 

svodka.akipress.org, 24.kg интернет басылмаларынын материалдарынын негизинде

Бөлүшүү