Дата 4.0. Кыргызстандагы баалар жана алардын калктын жакырдыгына тийгизген таасири жөнүндө

2020-жыл татаал болду. COVID-19 пандемиясы дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын экономикасына сокку урду.

2021-жылдагы дата-журналистика боюнча Интерньюс программасынын стипендиаттары КР Улуттук статистика комитетинин жана Дүйнөлүк банктын маалыматтарын пайдалануу менен, негизги тамак-аш азыктарынын индексине талдоо, ошондой эле кыргызстандыктардын жашоо деңгээлинин төмөндөөсү боюнча божомол берилген маалыматтарды жарыялашты.

 

kloop.kg жана azattyk.org. маалыматтык сайттарынын кыргыз тилдүү дата-журналисттеринин биргелешкен командасы Айбике Адилет кызы, Дастан Үмөтбай уулу, Элвира Султанмурат кызы тамак-аш азыктарынын кымбатташы калктын жакырдыгынын өсүшүнө кандайча таасирин тийгизээри жөнүндөгү өздөрүнүн алгачкы макалаларын даярдашты.

 

 

 

Кыргызстанда азык-түлүк кымбаттап, элдин кирешеси азаят

 

 

 

 

Кыргызстанда азык-түлүктүн баалары өсүүдө. Көптөгөн товарлар сөздүн түз маанисинде кол жеткис сонундукка айланып, ага жарандардын бюджетинин басымдуу бөлүгү жумшалууда.

 

Жамааттык ММКлар Ассоциациясынын журналисттери Касиет Кубанычбек кызы, Зыйнат Самар кызы жана дата журналист Назигүл Жусупова Кыргызстандын жашоочулары менен алардын этти канчалык көп пайдалана алаары тууралуу маектешишкен.

 

 

Алар эт сатып алуу үчүн сизге бир айда канча күн иштөөгө туура келээрин эсептеген калькуляторду түзүшкөн.

 

Сиз тесттен төмөнкү шилтеме аркылуу өтө аласыз:

 

Эсептеңиз: Эт сатып алуу үчүн сиз бир айда канча күн иштешиңиз керек?

 

 

Материалдар Дүйнөлүк банк жана IDEM менен биргеликте Кыргыз Республикасында USAIDдин колдоосу менен ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс “Медиа-К” долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан түзүлдү.
Программанын ментору – Андрей Дорожный.
Материалдагы ой-пикирлер жана тыянактар сөзсүз түрдө Интерньюстун жана анын өнөктөштөрүнүн көз карашын чагылдырбайт.

 

Бөлүшүү