24.kg маалыматтык сайтынын дата-бөлүмү жергиликтүү шайлоолордогу партиялардын тизмесин талдоого алды

12 апреля 21

24.kg маалыматтык сайтынын дата-бөлүмү БШКнын жергиликтүү шайлоолорго катышкан талапкерлер жөнүндөгү маалыматтарын талдап чыкты жана алардын ондон бир бөлүгү мурдагы жылы өз талапкерликтерин добушка коюшкандыктарын аныктады.

Авторлор сандар жана графикалар аркылуу кайсы партиялардан башка саясий топторго өтүү болгонун көрсөтүп беришти.

2020-жылдагы парламенттик шайлоолордун жокко чыгарылышынын себептеринин бири – шайлоочулардын “Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан” партияларынын рекорддук пайыздагы эң көп добуш алууларына карата нааразылыгы болгон. Бул партиялардын биринчисин мурунку президент Сооронбай Жээнбеков, экинчисин – мыйзамсыз баюуга күнөөлөшкөн Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланыштырышат.

Үстүбүздөгү жылы бул саясий уюмдар жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго катышкан эмес. Бирок маалыматтар, бул партиялардагы талапкерлердин бир бөлүгү башка саясий бирикмелердин тизмеси боюнча катталгандыгын көрсөтөт.

 

 

Толугу менен орус тилинде төмөндө көрүңүз:

2020-жылдагы шайлоолорго катышкан ар бир онунчу талапкер кайрадан мандат алууга аттанган.

 

 

 

24.kg маалыматтык сайтынын дата-бөлүмү 11-апрелдеги шайлоолорду күзүндө болуучу парламенттик шайлоого негизги даярдык деп атап жатышканын белгиледи. Партиялар региондордогу өздөрүнүн ордун бекемдөөнү каалашат. Ош менен Бишкекте негизги орундарды алышкандар, парламенттик шайлоолордун контролдук пакетин да кошо алышат. Журналисттер саясий уюмдар аталыштарын өзгөртүшөт, бирок Жогорку Кеңештин мандаттары үчүн, балким, 2020-жылдагы талапкерлер күрөшүшөт деген корутундуга келишет.

 

Дата-редактор: Андрей Дорожный.

Сүрөттөр: Надежда Хабичевская.

Материалдар Дүйнөлүк банк жана IDEM менен биргеликте Кыргыз Республикасында USAIDдин колдоосу менен ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс “Медиа-К” долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан түзүлдү. Программанын ментору – Анастасия Валеева. Материалдагы ой-пикирлер жана тыянактар сөзсүз түрдө Интерньюстун жана анын өнөктөштөрүнүн көз карашын чагылдырбайт.

Бөлүшүү