Дата-журналистика. Саламаттык министрлиги кайыр садагаларды кантип айкынсыз коротуп жатат

Бул материал КРдеги USAIDдин колдоосу жана Дүйнөлүк банк, DFID жана IDEM менен өнөктөштүктө ишке ашкан «Кыргызстандагы Интерньюстун» «Медиа-К» долбоорунун дата-журналистика боюнча программанын Азиза Раимбердиева жана Саадат Төлөгөнова стипендианттары тарабынан даярдалды. Программанын ментору Анастасия Валеева.

 

Кыргызстандыктар өз ыктыяры менен медкызматкерлердин компенсациясына деп кайыр садагага акча которушат. Бул тууралуу маалымат help.covid.kg сайтында бар. Бирок, медиктер чын эле акча алыштыбы же жокпу текшерип билүү мүмкүн эмес.

12-мартта өлкөдө COVID-19дун биринчи учурлары чыкканга чейин Саламаттык сактоо министрлиги үчүн кайдыгер эмес адамдар акча которо алган атайын эсеп ачылган. Кыргызстанда коронавирустун алгачкы учурлары пайда болоору менен каржы министрлиги help.covid.kg сайтын ачкан, ал аркылуу үч эсепке кайыр садага которууга болот: Саламаттык сактоо министрлигине, Бишкек мэриясына, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине.

Биз Саламаттык сактоо министрлигинин атайын эсебине акчанын түшүшүн жана бөлүштүрүлүшүн көчүрүп алып, аларга талдоо жүргүздүк. Дал ушул эсепте кайыр садагага берилген акча көп. 19-июнга карата ал жакта 138 млн сомдон ашуун каражат топтолуп, анын ичинен 128 млн сому сарпталган. Бул сан Саламаттык сактоо министрлиги 2019-жылы төлөп берген бардык эмгек маяналардын бештен бир бөлүгүн түзөт.

Саламаттык сактоо министрлиги бул кайыр садагалар пандемия шартында жумушка тартылган медиктердин кошумча компенсациясына чыгымдалып жатканын айтууда. Бирок кайыр садагаларды бөлүштүрүү боюнча комиссиянын акыркы жыйынында 4 млн сомду жеке коргонуу каражаттарына сарптоону чечишкен.

Ведомствонун адистеринен айтымында, медкызматкерлердин бардыгына кошумча акы колуна эмес, банк карталарына которулууда. Бирок сайтта алуучулардын төрт категориясы көрсөтүлгөн:

  1. Жеке жактар: негизи медкызматкерлер болушу керек, бирок бул да так эмес.
  2. ССМден ССМге: биз төмөндө бул кандай экенин териштирүүгө аракет жасайбыз.
  3. Медициналык мекемелер: кимдерге акча төлөнүшү керектиги боюнча тизмени өздөрү түзүп, ССМге беришет.
  4. Банктар: дээрлик 1,3 млн сом. Саламаттык сактоо министрлиги бул каражат медиктерге акча которууларды тездетүү үчүн дейт.

Жыйынтыгында, бул маалыматтардын жардамы менен акча кайда коротулуп жатканын билүү мүмкүн эмес. Акча каражаттардын көбү медиктерге түз эмес, ортомчулар аркылуу жеткендиктен издер жоголуп кетет. А түгүл жеке адамдарга акча которууларды текшерсе болбойт, анткени аларды алгандар анонимдүү. Төмөндө баарын кенен караштырып, ошондой эле, кандай кылса болот болчу деген суроого варианттарды келтиребиз.

   

Толукча бул шилтемеден таба аласыздар:

Медиктерге 100 млндон ашык акча: Саламаттык министрлиги кайыр садагаларды кантип айкынсыз коротуп жатат

   
Бөлүшүү