Дата- журналистика. Жаңыдан баштагандарга тажрыйбалуу устаттан кеңештер

 

Тренер, дата-журналист жана визуалдаштыруу боюнча адис Андрей Дорожный жаңыдан баштагандарга үч кеңеш берди жана жаш инфографика түзүүчүлѳр кетирчү 5 негизги ката жѳнүндѳ айтып берди:

 

Жаңы баштаган дата-журналисттер үчүн үч кеңеш

 

  1. Кызыгыңыз. Журналисттердин негизги функциясы - байкоо жана кызыгуу, бардыгы жѳнүндѳ жана баарын билүүгѳ аракет кылуу. Кѳчѳдѳ баратып начар жолду же кандайдыр жарашыксыз тигилген бадалды байкап калдыңыз. Муну үчүн маалыматтарды кайдан таап, бул жѳнүндѳ окурмандарга кантип айтып берсе болорун карап кѳрүңүз. Же болбосо, сиздердин шаарда оңбогондой автотыгын түзүлдү, сиз анын себебин, кандай автоунаалар тыгында калганын, кандай адамдар кечигип жатканын ж.б. изилдей баштайсыз. Бул деген лайв-стайл: сиз дайым окуяларды издегенче жүрѳсүз. Бул жашоодогу жыгымдуу вайп.
  2. Маалыматтарыңыздын бардык булактарын текшериңиз. Окурман биздин бир эле окуябызды окубастан, бардык материалдарыбызды окушу үчүн биз сапаттуу маалыматтарды пайдаланышыбыз зарыл, ошондо гана окурмандын ишенимине татыйбыз.
  3. Техникалык жактан тажрыйба арттырыңыз. Дата-журналист жазганга гана эмес, техникалык жактан да жѳндѳмдүү болушу керек. Фотография, видео менен иштѳѳнү, аны мобилдик телефонуңузда калыптоону да билиңиз, визуалдаштыруу жана талдоо жѳндѳмдүүлүктү арттыруунун үстүндѳ иштеңиз. Мунун баары атаандаштыкка туруштук берүүгѳ жардамы тиет. Азыр текстти роботтор деле жазышат. Ошондуктан биз окуяларды түрдүү ыкмалар менен айтып берүүнү билишибиз керек. Окуяны текст менен гана эмес, фото, видео, графика аркылуу да айтып берсе болот. Биз ар бир окурманыбызга жетип, биздин окуя мүмкүн болушунча кѳп сандагы аудиторияга жетиши бизге абдан маанилүү.

 

Визуалдаштыруудагы типтүү беш ката.

 

  1. Биринчиси, биз эмнени визуалдаштырууну ѳзүбүз да билбегенде. Визуалдаштыруунун маңызы – алгач визуалдаштырууну каалаган маалыматты алып, аны визуалдык тилге которобуз. Визуалдык тил англис, француз тилдери.. сыяктуу эле, эгер сиз эмнени айтууну ѳзүңүз билбесеңиз, анда сиздики такыр окшобойт.
  2. Экинчи ката – интерактив үчүн интерактивдүү графика жасаганыбыз. Интернетте адамдар кандайдыр бир фильтрлерди басууну же тандоону жактыра беришпей турганын түшүнүү зарыл. Алар ачууну каалашат, эгер мурда жылдыруу эле керек болсо, эми жылдыруу жана сүрүү керек. Эгер интерактивсиз кылууга мүмкүн болсо, анда статикалык сүрѳт эле жасаңыз, аны социалдык тармактарга жана сайттарга коюуга ыңгайлуу, интерактивге караганда жасаганга кыйла арзан да түшѳт.
                    3.Үчүнчү кѳп кетирген ката – визуалдаштыруунун туура эмес түрүн тандап алуу. Визуалдаштырууну тандоонун аныкталуу эрежелери бар. Чарт-тюнерлер деген бар – мында графиканы кантип туура тандоону кѳрсѳңүз болот: www.chartjs.org Мындай да сайт бар: datavizcatalogue.com Анда графикалардын түрлѳрү бар, кѳп тилде, англис, орус тилдери да бар.

Сиз кирип, ѳз окурманыңызга айтып берүүнү каалаган нерсени эмне абдан жакшы чагылдыра турган графиканы тандасаңыз болот.

4. Биз кѳбүрѳѳк туш болгон дагы бир ката – мисалы, мамыча түрүндѳ диаграмма кылганда нѳлдѳн баштап жасабаганыбыз. Кээде биздин графикабыз кооз болсун, кандайдыр бир цифралар кѳрүнүп турсун деп кесип коюуну каалайбыз. Мамыча түрүндѳгү бардык визуалдаштыруулар 0дѳн башталышы керек. Бул – алтын эреже.                   5. Маалыматтарды визуалдаштыруудагы акыркы кеңеш: түстѳрдү туура пайдаланыңыз. Бизде түстѳр кооздук үчүн пайдаланылбайт. Визуалдаштырууда түс долбоорлоонун бир бѳлүгү. Негизги үч учурда биз түстѳрдү пайдаланабыз: категориялык шкала: иттер, мышыктар, балыктар… Же ѳлкѳлѳр: Кыргызстан, Казакстан, Ѳзбекстан. Биз ошол ѳлкѳлѳргѳ дал келе турган түстѳрдү тандайбыз.    

Үч-бештен ашык түс тандабаган жакшы, себеби адамдар андан ашыкчасын жакшы кабыл албайт. Экинчиден, биз түстѳрдү сандык маалыматтарды кѳрсѳтүү үчүн пайдаланабыз: картадагы түс канчалык күңүрт болсо, кѳрсѳткүч ошончолук жогору, ошондо кѳздѳрүбүз иштегенче эсептейт. Үчүнчүдѳн, биз түстү акцент берүү үчүн пайдаланабыз. Бизде ѳлкѳлѳрдүн рейтинги бар дейли, ошонун ичинен бизге маанилүүсүн баса белгилеп кѳрсѳткүбүз келди, мисалы, Кыргызстанды. Ошентип, биз түстѳр аркылуу окурмандын кѳңүлүн башкарабыз, биздин визуалдаштыруубузда эмне маанилүү экенин ал дароо кѳрѳт.

 
Бөлүшүү