АКШ Элчилиги 2018-жылы демократияны өнүктүрүү Комиссиясынын чакан гранттар программасынын алкагында конкурс жарыялаган.

Бул программа Кыргызстандагы демократиялык институттар менен жарандык коомду өнүктүрүү боюнча кыргыздын коммерциялык, өкмөттүк эмес уюмдары менен бирикмелерине, жарандык коомдун коммерциялык эмес уюмдарына (ЖКУ) жана массалык маалымат каражаттарынын көз каранды эмес жергиликтүү уюмдарына чакан гранттарды бөлүү менен колдоо көрсөтөт.

 

Гранттын жогорку чеги 50 000 $, орточо өлчөмү 25 000 $ же андан азыраак өлчөмдө. Билдирүү сунуштар жыйнагынын SF-424 формасында толук тексти, маалыматтары толтурулган анкета, бюджет тууралуу жана башка далилдүү документтер 2017-жылдын 9-декабырына чейин [email protected] дарегине жөнөтүлүшү зарыл.

 

Сунуштар англис тилинде(милдеттүү түрдө) жана орус же кыргыз тилинде берилиши зарыл. Электрондук почтадагы темасында сөзсүз “Демократияны өнүктүрүү боюнча комиссияга” деп  жазылып, андан соң долбоордун аты жазылышы керек.

Толук маалымат сайттан аласыздар.

 

Долбоордун болжолдуу темалары:

 

  • Элдин бардык катмарынын жарандык укуктарын алга жылдырууга көмөкчү боло турган күчтүү жарандык коомду калыптандырууга өбөлгө болуу.
  • Маалыматтардын эркин агымы (анын ичинде көз каранды эмес массалык маалымат каражаттарын колдоо кирет).
  • Жарандык билим берүү жана өкмөт менен мекемелердин жүргүзгөн иштерин терең түшүнүү багытындагы маалыматтык- пропагандалык иштер.
  • Өкмөттүн ишинин ачык-айкындыгы, мамлекеттик финансы жана чечимдерди кабыл алуу жаатындагы иштерин жарандарга түшүндүрүү.
  • Укуктун биринчилиги менен укуктук реформаларды алга жылдырууга жарандык коомдун катышуусу.
  • Аймактар аралык, улуттар аралык диалог жана чыр-чатактардын себебин чечүү.
  • Диний эркиндик.
  • Күч колдонулуучу экстремизмге каршы күрөш.
  • Адам сатууга каршы күрөш.
  • Айрыкча аялдардын, жаштар менен социалдык аз камсыз болгон топтордун экономикалык мүмкүнчүлүктөрү менен ишкердигин жайылтуу.
  • Экология тууралуу кабардар болуу.

 

 

АКШ Элчилигинин алдындагы  АКШнын демократияны өнүктүрүү Комиссиясы 1994-жылы уюшулуп,  элчилик Кыргызстанда демократия менен демократиялык баалуулуктардын кенири жайылышын, мыйзамдын биринчилиги менен адам укугун  урматтоого негизделген жарандык коомдун өнүгүүсүн колдоо максатын көздөгөн. Демократияны өнүктүрүү Комиссиясы болгон каражатка жараша конкурстук негизде грант берет.

 
Бөлүшүү