КТРК жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча адистер иштешти

Кыргызстандагы Интерньюс өкүлчүлүгү “Коомдук телерадиоберүү корпорациясы” жөнүндөгү мыйзамга оңдоо киргизүү үстүндө жигердүү иш алып барууда.

 

 

2014-жылы “Коомдук берүүнү колдоо”долбоорунун чегинде өлкөбүздүн коомдук биринчи телеканалынын мыйзамдуу түрдө саясий, финансы жана редакциялык көз карандысыздыгын камсыздоо иш аракети жүргүзүлгөн.

 

Ошол учурда иштеп турган мыйзамга оңдоо киргизүү ишин тизүүдө, Медиа Полиси Институтунун эксперттери чакырылган, даяр мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөн. Бирок бир нече себептерден улам бул мыйзам долбоору катоодон өтпөй калган.

 

 6 июнда Интреньюс офисинде болуп өткөн тегерек үстөлдө “Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын” мыйзамына өзгөртүү киргизүү мыйзам долбоору коомдук угузуу чегинде өкүлчүлүк директору Элина Каракулова төмөндөгүчө пикирин айтып кетти:

 

- Жогорку Кеңешке жаңы медиа басым жасаган депутаттардын келиши менен мыйзам долбоорун кайрадан демилге кылышты жана 12 майдан баштап ЖКнын сайтына киргизилген. Бир айдан бери коомдук талкуулар жүрүүдө. Биз коомчулуктан, жарандык коомдон, юристтерден, КТРКнын Байкочуу Kеңешинин өкүлдөрүнөн конструктивдүү сунуштарды күтөбүз.

 

 

Коомдук телеберүүнүн Кыргызстан үчүн гана эмес, бүт Борбордук Азия региону үчүн маанилүү экендигин Элина Каракулова  белгилеп кетти, себеби КТРК жана “Ынтымак” телеканалдары сыяктуу мындай берүүлөрдүн тажрыйбасы кошуна мамлекеттер үчүн көрсөткүч болуп жатат.

 

 

- Коомдук телеберүү гана коомдук кызыкчылыкка туура келген контент түзө алат. Ошондуктан, бул мыйзамдолбооруна абдан чоң көңүл бурулууда – деп оюн жыйынтыктап кетти Элина Каракулова.

 
Бөлүшүү