ЕБ Борбордук Азиядагы жалган маалыматтар менен күрөшүү үчүн көз карандысыз ЖМКларга жардам берүүнү күчөтөт

                 

 19-сентябрда Астанада Европа Биримдиги (ЕБ) каржылаган “Динамикалык чөйрө үчүн туруктуулук жана ар кыл маалымат менен аракеттешүү” (REVIVE) долбоорунун бет ачаары болду.

 

Долбоор сапаттуу маалымат менен камсыздоо аркылуу эркин ой-пикирлерди бекемдөөгө багытталган, бул Борбордук Азиянын тургундарына тең салмактуу чечимдерди кабыл алганга жана жалган маалыматка туруштук бере алган аудиторияны калыптандырганга мүмкүндүк берет.

 

Долбоорду «Интерньюс» (Internews) эл аралык коммерциялык эмес уюму ишке ашырат.

 

Негизги максатка жетиш үчүн Интерньюс төмөнкү эки көрсөткүчкө басым кылат:

 

1). Журналисттер жана контент өндүрүүчүлөр сапаттуу контентти коопсуз өндүрүү жана жайылтуу, биргелешкен өлкөлөр аралык долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтишет.

2). Активдүү жарандар жана жаштар медиачөйрөдөгү сабаттуулугун жогорулатып, сапаттуу маалыматтар менен иштешет.

Астанадагы иш-чарага жергиликтүү жана эл аралык өнөктөр, өкмөттөрдүн өкүлдөрү жана медиа менен жарандык коомдун белгилүү эксперттери катышты. Алардын баардыгы контент өндүрүүчүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу жана Борбордук Азияда жалган маалыматтын жайылышынын алдын алуу боюнча биргелешкен улуттук жана аймактык демилгелердин алкагында активдүү кызматташууну баштоого умтулушат.

Түз эфирде болду:  www.facebook.com
   

Европа Биримдигинин Казакстандагы элчиси Кестутис Янкаускас мырза иш-чаранын ачылышындагы сөзүндө:

 “Евробиримдик Борбор Азия өлкөлөрү менен достук жана тынчтык мамилелерди өнүктүрүүгө жана аймактагы кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар. Баарыбызда ар тараптуу ишенимдүү маалымат алуу, ар кандай пикирлерди угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушубуз маанилүү, анткени ушундай жол менен гана биз маалыматты талдап, өзүбүздүн көз карашыбызды калыптай аоабыз. Берилген маалымат текшерилип, фактылар ачык көрсөтүлүшү керек. Сөз эркиндиги берилген маалымат үчүн жоопкерчилик жана журналисттердин этикасы менен тыгыз байланышта. Европа Биримдиги таза маалымат мейкиндигинин маселелери баарыбыз үчүн абдан маанилүү болгондугу үчүн бул долбоорду колдойт”, - деди.

Интерньюстун Казакстандагы аймактык директору Марат Бигалиев, бул демилгени колдогону үчүн ЕБга ыраазычылык билдирип, бул долбоор «өтө маанилүү жана өз ал убагында ишке ашырыла баштаганын, Internews Евробиримдиктин долбоорлору менен көп жылдан бери иштеп келет», -деп белгиледи.

 

“Медианын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн, бейөкмөт уюмдардын, актвистттердин жана өкмөттүк структуралардын катышуусуз ишке ашырууга мүмкүн эмес болгон долбоорго болгон күчүбүздү жумшаганга даярбыз”, - деди Бигалиев мырза.

 

Интерньюстун кызматкерлери иш-чара учурундагы эки презентацияда долбоор жана анын алкагында уюштурула турган иш-чаралар тууралуу кенен маалымат беришти.

Аткаруучулар командасын жетектей турган долбоордун директору Вадим Садоншоев учурда баардыгы өзгөрүп жаткан заманда долбоордун мааниси чоң экенин белгилеп, Интерньюс жергиликтүү өнөктөрү менен тыгыз кызматташа тургандыгын, жарандардын жалган маалыматтарга туруктуулугун күчөтүү үчүн өнөктөр менен кызматташууда көңүл чордонунда бенефицарийлер болоорун белгиледи.

 

«Бул долбоордун алкагында Интерньюс медиа-өнөктөрдүн миссияларын же максаттарын өзгөртүүгө мажбурлабайт, же жаңы медиа-өнөктөрдү жаратканга умтулбайт, тескерисинче, учурдагы катышуучуларды колдоп, аларга ишенимдүү маалымат менен кененирээк аудиторияны камтууга жардам бергенге умтулат», - деди Садоншоев мырза.

Долбоор Борбордук Азияда 2022-жылдын 1-августунан тарта 18 ай аралыгында ишке ашырылат. Ал биринчи кезекте көз карандысыз медиа-кесипкөйлөр, контент өндүрүүчүлөр, жарандык активисттер жана бейөкмөт уюмдар менен иштешет.

Долбоордун жалпы бюджети 3,8 млн еврону түзөт.

 

Кошумча маалыматтарды алыш үчүн долбоордун директору Вадим Садоншоевге +992 902 000 999 (WhatsApp, Signal) телефону же [email protected] электрондук почтасы аркылуу кайрылсаңыз болот.

Бөлүшүү