Фейк аккаунттар жана алардын Кыргыз саясатчылары менен болгон байланышы

Facebook тармагында шайлоо убагында коомдук пикирди манипуляция кылгандыгы байкалган 400 жалган аккаунтту жабуу - бул Кыргызстан сегментиндеги мындай масштабдагы ири платформанын алгачкы жооп кайтаруусу. Бул иликтөөчү журналисттер менен Медиа полиси институтунун эксперттеринин биргелешкен аракеттеринен улам орун алды.

 

Бул туурасында Кыргызстандагы Интерньюс өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Элина Каракулова билдирди, ал прогрессивдүү күчтөрдүн бирдиктүү иш алып баруусунун маанилүүлүгүн баса белгилеп келет.

 

kloop.kg журналисттери менен Медиа полиси институтунун эксперттери тизмени түз эле Facebook өкүлдөрүнүн колуна карматышты. 

 

Иликтөөчүлөр тобу бардыгы болуп 800 аккаунтту (алардын ичинен 400дү ФБ өзү өчүрдү) талдап, троллинг фермаларынын буюртмачыларын жана алардын көмүскө экономикасын ачыкка чыгара алды.

 

 

Бул иликтөө КРдагы Интерньюстун TRACK долбоорунун колдоосунда түзүлүп, басылманын көз карандысыз эмгеги болуп саналат. Иликтөөдө Андрей Захаров, Владимир Тхорик, Метин Джумагулов жана Азамат Тынаев сыяктуу белгилүү иликтөөчү журналисттер, ошондой эле эл аралык фактчекерлер жардамын көрсөтүштү.

 

Элина Каракулованын айтымында, калк арасында медиа сабаттуулукту жогорулатуу боюнча долбоорлордун ишке ашуусу менен бул багытта иш алып баруу улана бермекчи.  

 

Facebook адистери дүйнө жүзү боюнча жалпы жонунан 17 кампания-фейктерди аныктап, анын үчөө Кыргызстандан табылды. Отчетто колдонуучулар бул тармактардын ишмердүүлүгүнүн аз гана бөлүгүнө арызданып келгендиги белгиленген.   

 

Facebook адистери Медиа полиси институтуна так ушу суроо-талаптан улам компания Борбор Азиядагы троллдор фабрикаларынын ишмердүүлүгүнө көңүлүн бургандыгын жазышты. 

 

«Биз бул туурасында ички командаларды маалымдап, андан аркы аракеттерди аныктоонун үстүндө иш алып барып жаттык. Бул биздин платформалардын бүтүндүгүн сактоодогу, анын ичинде январдагы шайлоону эске алганда, туура жолдо экенибизди баамдоодо абдан баалуу болду», деп алар Медиа полиси институтуна билдиришти.

 

 

Медиа Полиси институтун дирукторун Бегаим Усенованын айтымында, шектүү аккаунттарга карата иликтөө, алар качан түзүлүп, кимдин сүрөтүн колдонуп келгендиги ж. б. боюнча жүргүзүлгөн. Көзгө илинген мүнөздүү белгилери өзүнчө жазылып алынган. Троллдор абдан агрессиялык мүнөздө болуп, каршы тараптарды, журналисттерди кодулоого катышып, кастык тилин колдонуп келишкен.

 

Аларды агрессивдүү жүрүм-турумунан улам айырмалоого болот эле. Бара-бара фейктер тактикасын өзгөртө башташкан: алар өздөрүн инфлюенсерлер сымал алып жүрүп, башкалары агрессивдүү эмес, бирок окурмандарды кырдаалдын талаш экен деген ойго түрткөн комментарийлерди жазып, үчүнчүлөрү жөн гана комментарийлерге лайк басып келишкен. Аккаунттар өз ара дос болуп, колдонуучулардын чыныгы баракчаларын туурашкан.

 

“Андан ары биз түзгөн фейктердин маалымат базасын Facebook-ка тапшырып, ал жерде кайра текшерүүдөн кийин аталган аккаунттар жабылган. Жалган маалыматка каршы күрөштө медиасабаттуулук жана жарандык катышуу эң башкы курал катары чыгат деп ойлойбуз. Ал эми Facebook менен кызматташуу жарандык коомдун жалган маалымат менен жана реалдуу адамдарды, активисттерди, журналисттерди, ошондой эле шайлоо иш-чараларынын жүрүшүндө талакерлерди жалган аккаунттар менен айкын жаман көрсөтүүгө каршы күрөшүндөгү аракеттерге жардам көрсөтмөкчү”, -деп белгилейт Бегаим Усенова.

 

 

Бул аккаунттар тобунан башкысы катары «Медиацентр» чыккан.

 

«Иликтөөбүзгө ылайык Кыргызстандагы маалымат айдыңында жүргөндөргө, өкмөттө иштегендерге жана Media center аттуу медиакомпанияга байланышы болгондугу анык болду», деп билдиришти адистер.

 

Бул фейк тармагынын иши 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жана 2021жылдын 10-январындагы президенттик шайлоонун тегерегинде топтолгондугу анык болду. Муну менен бирге Facebook бул аккаунттар саясий дебаттардын “дароо бир нече тарабына иш алып барган” деп билдирди.

 

«Азаттык» радиосунун журналисти Токтосун Шамбетов фейктер менен иш алып барган Меdia Center сайты мурдагы спикер Асылбек Жээнбековдун учурунда басма сөз катчысы болгон Нуркан Керимбаевге таандык экендигин аныктап чыкты.

 

Facebook компаниясынын изилдөөсүнө ылайык, жабылган аккаунттардын, баракчалардын, топтордун айрымдары мурда-кийин маалымат айдыңында жүргөндөргө, өкмөттө иштегендерге жана “Меdia Center” аттуу медиага байланышы болгон.

Жабылган тармактардагы түйүн 2020-жылдагы парламенттик жана 2021-жылдагы президенттик шайлоо учурунда бир катар саясатчыларды колдосо, айрымдарын тынбай сындап турган. Компаниянын маалыматына ылайык бул аккаунттар өздөрүнө ыңгайлуу кабарларды көбүрөөк таркатыш үчүн Facebook-ка чыккан жарнамалык материалдарга 1250 доллар сарпташкан.

 

Эскерте кетсек, Асылбек Жээнбеков былтыр октябрь айында өкмөттүк деп аталган «Биримдик» партиясы менен парламенттик шайлоого аттанган. 

 

Ал эми Нуркан Керимбаев бир кезде «Кабар» улуттук маалымат агенттигинин жетекчисинин орун басары болуп да иштеген. Керимбаев экс-спикер анын жакшы таанышы экенин танбайт. Бирок шайлоодо кайсы бир саясий күчтөрдүн пайдасына Интернетте тролль, фейк өнөктүгүн жүргүзбөгөндүгүн айтууда.

 

Керимбаев “Меdia Center” сайты былтыркы парламенттик шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) расмий каттоодон өтүп, партиялардын үгүт материалдарын жайгаштырып иштегенин билдирди. Ачылганына бир жыл жетип-жетпеген медиага капчыктуу партиялар жарнама берген. 

 

«Биз «Бир Бол», «Республика», «Кыргызстан» жана «Биримдик партиялары менен иштештик. Алар берген материалдарды сайтыбызга жайгаштырып берип жаттык. Мен муну мындай божомолдоп жатам: төрт партиянын өзүнүн пиар компаниясы бар. Алардын СММ (SMM) командасы бөлүшөт, социалдык тармактар аркылуу таратат. Балким ошондон да болушу мүмкүн», деди Керимбаев.

 

Керимбаевдин айтымында ушу тапта Меdia Center сайтында төрт кызматкер онлайн режимде үйдөн иштейт.

 

«Азаттык» «Клооп» басылмасынын кызматкери жана фейктер туурасында иликтөөлөрдүн авторлордун бири Рустам Халимов менен маектешти. Ал кайсы бир медиада журналисттик иликтөөлөр жарыяланган учурда сайттын баракчалары троллдор чабуулуна кабылат деп билдирди.

«Клооп» басылмасы Интернеттеги шектүү аккаунттар боюнча Facebook компаниясына кайрылып келген. Халимов кожоюндарын улам алмаштырып, буюртма алып иштеген туруктуу фейктер бар экендигин айтты:   

 

«Анча тажрыйбасы жок Интернет колдонуучулары ал маалыматтарга ишенип алышы мүмкүн. Бирок бизге фейк экени белгилүү болчу. Алар бири-бири менен социалдык тармактарда дос, андыктан байланыштуу экенин түшүндүк. Биз бул бир эле адамдар деп так айта албайбыз, бирок бир эле топко ар кайсы саясий күчтөр алардын кызыкчылыгы үчүн иштеп берүүнү өтүнүп кайрылышы мүмкүн экенин билебиз».

 

Кыргызстанда «Клооп», Kaktus.Media, Temirov Live жана «Азаттык» медиалары тармактарды каптаган фейктер, троллдор жана боттор жөнүндө байма-бай иликтөө жүргүзүп келишет.

 

Кененирээк кийинки шилтеме боюнча окуңуздар:

Асылбек Жээнбековдун троллдор жана фейктер менен байланышы — «Азаттык»

 

ММК материалдары боюнча.

 

ТЕМА БОЮНЧА:

 

Бөлүшүү