Гранттар. ЕБ программалары алкагында журналисттерге ыкчам колдоо

28 октября 20

Кыргызстандагы Интерньюс ЕБ программалары алкагында ProtectDefenders.eu-да корголгон байланыш формасын колдонуу менен такай күчүндө болгон ыкчам колдоо көрсөтүү багыты аркылуу ыкчам жардам алуу мүмкүнчүлүгүнө көңүлүңүздөрдү бурат.

protectdefenders.eu/ru

Сиздер редакция атынан журналисттердин экстремалдык шарттарда иш алып баруусунда керектүү коргоочу каражаттарын (шлемдер, жилеттер, костюмдар, беткаптар ж.у.с.) алуу үчүн арыз берсеңиздер болот.

ProtectDefenders.eu  тобокелдикке кабылган укук коргоочулардын тез иш жүзүндөгү жардамын камсыздоо максатында, ЕБга кирбеген түзүмдү да каржылоого тартылган Front Line DefendersFIDHOMCTRSFUAFEMHRFForum Asia жана EHAHRDP сыяктуу шериктер менен биргеликте иштелип чыккан программаларынын алкагында колдоосун камсыздайт.

Коркунучка кабылган жактарды колдоо багытындагы арыздар тиешелүү критерийлер, кырдаалдар жана керектөөлөрдүн жекече тартибинде каралат, анын ичинде арыз берүүчү жардамга ыкчам муктаж болгон учурда (альтернативалык булактарга жетишсиз жеткилиги эске алынат).

ЕБ тарабынан берилген гранттын максималдуу суммасы 10 000 еврону түзөт.

Ар кыл шерик-уюмдар да кошумча критерийлерди же чектөөлөрдү колдонушу мүмкүн.

Коркунучка кабылган укук коргоочулардын ыкчам каржылык жана материалдык колдоосун алууга укук берген ишмердүүлүктөр түрлөрүнө кийинкилер кирет:

  1. физикалык коопсуздук;
  2. санарип коопсуздугу;
  3. коммуникациялар;
  4. коопсуздук жаатында мүмкүнчүлүктөрдү күчтөнтүү;
  5. коопсуз жеткирүү;
  6. укуктук колдоо;
  7. медициналык жардам (психосоциалдык жардамды жана кайра калыбына келтирүүнү кошуп);
  8. гуманитардык жардам (үй-бүлө мүчөлөрүн колдоосун кошуп);
  9. ыкчам көчүү;
  10. шашылыш мониторинг, отчет түзүү жана лоббирлөө;
  11. башкасы.

Толугураак шилтеме боюнча орус тилинде көрсөңүздөр болот:

https://protectdefenders.eu/ru/strengthening-organisations.html

Ошол эле жерден арыз берүү формасын жүктөп же веб-форманы толтурсаңыздар болот.

Түздөн-түз RSF-га (чексиз репортерлор) кайрылууга болот  

 

RSF медианы же маалымат эркиндигин коргоп келген ММКлар менен жергиликтүү БӨУларга колдоо көрсөтөт.

Бул колдоо ММКлар менен БӨУларга көйгөйлөр пайда болгон учурда (мисалга, кол салуу, тинтүү жана вандализм учурларында) ыкчам мүмкүнчүлүктөрүн сактоого же калыбына келтирүүсүндө жардам берүүгө багытталган. Ошондой эле мүмкүнчүлүктөрдү бекемдеп, өнүктүрүүгө жол берет:

  • кызматкерлердин же өкүлдөрдүн даярдыгын камсыздоо эсебинен
  • маалымат эркиндиги жана маалымат булактарын коргоо үчүн иш-чараларды жана чыгып сүйлөгөн сөздөрдү колдоонун эсебинен

Жардам көрсөтүүгө жана мүмкүнчүлүктөрдү бекемдөөгө берилген арыздарды иштетүү аракети кошумча текшерүүнү жана даярдыкты талап кылып келет, андыктан кол салуу же вандализм актыларынын курмандыктары болгон ММКлар жана БӨУлар арыздарын иштетүүгө караганда көбүрөөк убакытты алмакчы.

RSF өз сайтында маал-маалы менен акыркы окуяларга байланыштуу же өз артыкчылыктарына жараша айрым сунуштарды берүүгө чакырууларды жайгаштырып турат.

Жардам алууга RSF арызын кандайча берүүгө болот

ММКлар же БӨУлар жардам алууга арыздарын кийинки дарек боюнча жөнөтсө болот: Reporters Without Borders
Assistance Desk
CS 90247
75083 Paris Cedex 02
France 
[email protected] (+33 1 4483 6056): БӨУлар жана ММКлардын жардам алуу арыздары  

Бөлүшүү