#КүчЧындыкта маалымат кампаниясы. Фактчек-журналисттердин иштери жөнүндө

2020-жылы көз карандысыз журналисттер жана редакциялар пандемияга байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам, чоң кыйынчылыктарга туш болушту.

 

Фактчек-журналисттердин иштери тууралуу Дилбар Алимова – “ПолитКлиника” онлайн-басылмасынын башкы редактору айтып берет.

Журналисттер пандемияга чейин туш келишкен көптөгөн кыйынчылыктар пандемиядан кийин күчөп жүрүп олтурду: өкмөт журналисттердин суроолоруна көңүл бурбай, аларды аккредитациялоодон баш тартышты, ММК жана социалдык тармактарда Covid-19 темасы боюнча жалган маалыматтардын көбөйүшү байкалды, жарнамадан түшкөн киреше азайып, көптөгөн медиалар штатты кыскартууга жана башка чараларга барышты.

Бардык кыйынчылыктарга карабастан, журналисттер өз жумушунун олуттуулугун аңдап-сезишти. Алар коомдук маанилүү окуяларды чагылдыруусун гана улантышпастан, арийне коронавирустун өлкөдө активдүү жайылышы учурунда өз ресурстарын жалган маалымат менен күрөшүүдө бириктиришти.

Медиа полиси институту, Кыргызстандагы Интерньюстун «Медиа-К» долбоорунун колдоосу менен #КүчЧындыкта бирдиктүү хештеги менен журналисттерди коргоо боюнча маалыматтык өнөктүктү жүргүзүүдө.
Бөлүшүү