Интерньюс 2020-жылы алакалашуу үчүн негизги шериктерин аныктады

Бул жылы сегиз медиакомпания USAID тарабынан FHI 360 шериктигинде каржыланган «Медиа-К» долбоорунун алкагында ар тараптуу колдоо алмакчы.

 

Эки жыл мурун биз негизги шериктерибиз деп атаган 12 ММКны колдоого алганбыз. 2020-жылы Интерньюстун «Медиа-К» долбоору институттук колдоосу үчүн медиаларды үчүнчү ирет тандап чыкты.

 

Булар биздин рынокто лидер болууга жөндөмдүү медиа уюмдар:

  • «Дааназат Ордо» ЖЧКсы – Баткендеги «Салам медиа»;

 

  • «Кыргыз медиа» жамааттык ММКлар бирикмеси, kyrgyzmedia.com;

 

  • «Элгезит медиа» КФ, сайты elgezit.kg;

 

  •  «Экономист» ЖЧКсы, сайты economist.kg;

 

  • «Клооп медиа» КФ, порталы kloop.kg;

 

  • КТРК медиакоммуникацияларынын республикалык окуу борбору - «Баластан» балдар телеканалы;

 

 

 

Тандалган негизги шериктер ар багыттагы өнүгүүсүн көрсөтүү шартында мындан аркы кеңири колдоо алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту, алар мониторинг жана баалоонун жыйынтыктарынын негизинде бааланмакчы.

Алар стратегиялык өнүгүүсүнүн пландарын ишке ашыруу үчүн Интерньюстан кошо каржылоо алышмакчы.

Аталган пландарга Интерньюстун болгон салымы – бул коммерциялык ишмердүүлүк, онлайн-стратегияларды өнүктүрүү жана контентти өндүрүү боюнча кеңеш берүү жана тренингдерди өткөрүү.

Негизги шериктер ошондой эле уюштуруучулук баалоо, такай мүнөздөгү тренинг-резиденция түрүндө колдоо алышмакчы.

Институциялык колдоосу:

- комплекстүү баалоого жана стратегиялык планды иштеп чыгуу;

- жеке контенттин сапатын жакшыртуу;

- жарнактан кирешени жогорулатуу;

- инновациялык форматтарды жана ачык маалыматты колдонуу менен санарип контентти өндүрүү;

- ченем/метрика жана жеке аудиторияны түшүнүү;

- финансылык башкаруусунун күчөтүү;

- техникалык жабдууларын модернизациялоо жаатында көмөк көрсөтмөкчү.

 
Бөлүшүү