Интерньюс гендердик зомбулукка каршы демилгесин колдойт

   

Кыргызстандагы Интерньюс "Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк жигердүү аракеттер" Бүткүл дүйнөлүк демилгесине катышат.

 

Быйыл 2021-жылдын 25-ноябрынан 10-декабрына чейин гендердик зомбулукка каршы бир катар иш-чаралар жана акциялар өткөрүлүүдө.

 

“Медиа-К” долбоору бардык багыттар боюнча гендердик зомбулук көйгөйүн түшүнүүгө, ошондой эле аялдарды жана кыздарды коомдук жигердүүлүккө тартууга жардам берген контентти өндүрүүнү колдоо саясатын карманат.

 

Интерньюс кыздардын билим алуусунун маанилүү ролун ачып берүүчү, үй-бүлөлүк тарбиядагы терс стереотиптерди жок кылууга көмөктөшүүчү контентти түзүүнү кубаттайт, ошондой эле тандоо эркиндигин жана өз укуктарын коргоого жардамдашат.

 

Ошентип, аялдарга карата зордук-зомбулуктун себептери жана кесепеттери тууралуу коомчулуктун маалымдуулугун арттырган түрдүү контент даярдалат.

 

#КүчЧындыкта маалымат кампаниясынын жүрүшүндө сөз эркиндигин жана демократиялык баалуулуктардын артыкчылыктуулугун, анын ичинде аялдардын саясатка жана шайлоого катышуусунун маанилүүлүгүн сактоо призмасы аркылуу саясий процесстердин маанилүү аспектилерин түшүндүргөн видеороликтер даярдалды.

 

   

Интерньюс жыл сайын өтүүчү “Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк жигердүүлүк” Бүткүл дүйнөлүк демилгесинин алкагында материалдардын тематикалык жыйнагын чыгарууга ниеттенүүдө.

Бөлүшүү