Интерньюс COVID-19 пандемиясы учурундагы кыргызстандыктардын турмушу жөнүндөгү киноальманахтын бет ачарын өткөрдү

 

Сериалдын бир эпизоду 17-июнь күнү Кыргызстандагы COVID-19ду чагылдырууга арналган расмий эмес жолугушууда көрсөтүлдү. Жолугушуу медиауюмдардын, продакшн-студиялардын, фактчекерлердин жана пандемияга каршы күрөшүү үчүн байланыш кампаниясына активдүү катышкан инфлюэнсерлердин катышуусунда өттү.

 

Бул иш-чараны Интерньюс #жашадемал маалымат кампаниясына катышкан бардык уюмдарга ыраазылык билдирүү максатында өткөрдү. Бул кампания COVID-19га байланыштуу көйгөйлөрдү чагылдыруу үчүн USAID уюмунун колдоосу менен уюштурулган.

 

"2020-жылдын жай мезгилинде көзкарандысыз маалыматтык редакциялар калк үчүн социалдык кызматтардын жумушун аткарышты. Мындай оор мезгилде айрым журналисттер жана фактчекерлер кыйынчылык менен маалымат топтоп, ал эми продакшн-студиялар ден-соолуктарын жана өмүрлөрүн тобокелге салып, контент даярдап жатышты, - деди Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Элина Каракулова .

 

Катышуучулар бири-бири менен таанышып, өткөн жылдагы алган тажрыйбаларын жана сабактарын жалпылашты.

 

USAID уюмунун саламаттык сактоо тутумдарынын туруктуулугун бекемдөө долбоорунун тобокелдиктер боюнча коммуникация бөлүмүнүн башчысы Жанна Шегай презентация жасады.

 

Конокторго кыргыздардын пандемия мезгилиндеги жашоосу жөнүндө 10 сериялуу "2020" киноальманахынын "Кундуз" эпизоду көрсөтүлдү. Сериал июнь айынын аягында ТВда көрсөтүлөт, бул боюнча кошумча жарыялайбыз.

 
“2020” киноальманахы USAIDдин саламаттык сактоо тутумунун туруктуулугун жогорулатуу долбоорунун алкагында Кыргызстандагы Интерньюс менен кызматташтыкта даярдалган. Долбоор Кыргызстандын COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү аракеттерин колдоого багытталган.

2020-жылдын башынан бери USAID Кыргыз Республикасындагы пандемияга каршы күрөшүү үчүн 5 миллион доллардан ашык каражат бөлдү.

Бөлүшүү