Интерньюс «Өзгөчө абал маалында журналисттердин иши» аттуу вебинар өткөрөт

   

Кыргызстандагы Интерньюс өкүлчүлүгү редакторлор жана журналисттер арасында «Өзгөчө абал маалында журналисттердин иши» аттуу вебинарга катышуу үчүн сынак жарыялайт.

 

Биз бул вебинарды өзгөчө абал режиминин аяктоо мөөнөтү туурасында акыркы чечимдин жок болгондугуна байланыштуу өткөрүп жатабыз.

 

Вебинардын жүрүшүндө Медиа полиси институтунун юристи Алтынай Исаева журналисттер жана ММКлардын өзгөчө абал маалында укуктары туурасында, жоопкерчилик жаатындагы мыйзамдардын акыркы жаңылыктары туурасында айтып берип, ошондой эле суроолорго жооп бермекчи.

 

Вебинар орус тилинде 9-апрелде 16.00дон 17.00го чейин өтөт.

 

Кыргыз тилинде – 10-апрелде 16.00дон 17.00го чейин өтөт.

 

Вебинарга катышуу орундары чектелген, ошондуктан 2020-жылдын 9-апрелине саат 13.00гө чейин алдын ала катталуу зарыл.

 

 

Катталуу формасы

 

 

Тандалган гана катышуучулар арызда көрсөтүлгөн электрондук дарегине катышууга шилтеме түрүндө чакыруу алышат.

 

Бардык суроолор боюнча КРдагы Интерньюстун тренинг-борборунун жана контент өндүрүшү боюнча координатору Элима Жапаровага [email protected] электрондук дареги боюнча кайрылыңыздар.

 

Бөлүшүү