10 күндүк Интерньюс Универсалдуу журналист мектебин ийгиликтүү аяктады

 

Универсал журналист мектебинин (ШУУ)  алкагында Бишкек, Ош, Баткен, Каракол жана Чүй облусунан 19 катышуучу тренингден өтүштү.

 

УЖМ кыргыз тилдүү журналисттер үчүн мультимедиялык басылмаларда иштөөнүн практикалык көндүмдөрүн жогорулатуу максатында өткөрүлдү.

Тренингди Кыргызстандын медиа -тренерлери

Элима Джапарова, Курманбек Макешев,

Замира Кожобаева, Марс Тулегенов, Ибрагим Хасан-Ахунов өткөрүштү.

Конок лекцияларды Азамат Тынаев, Айнура Кабатай кызы,

Нурбек Арзымбаев, Максуда Айтиева, Исмаил Карыпов.

 

 Жыйынтыгында жаш журналисттер 15 видео ролик даярдашты. Алардын айрымдары смартфондордо биринчи жолу видео тартышты,  ал эми көпчүлүшү фото, видео жана инфорграфика коштогон  кыргыз тилинде тексттери менен   мультимедиялык материалдарды даярдашты.

 

Тренер Кожобаева Замира УЖМ Кыргызстандын ар кайсы

аймактарынан келген жаш жана жаңыдан иштеп баштаган  журналисттер, ошондой эле белгилүү тажрыйбасы бар редакция кызматкерлери катышканын белгиледи.

 

- Бүгүнкү күндө жогору  суроо -талапка ээ болуп турган  онлайн журналистика боюнча, катышуучулар көптөгөн жаңы маалыматтарды алышты жана маанилүү практикалык көндүмдөрдү үйрөнүштү. Эгерде мурда алар тек гана текст жазышса, же видео материалдарды гана тартышса, радиодо аудио менен иштеп келген болсо, алар тренинг учурунда тексттерди жазууну, аудио, видео, фотолорду колдонууну, ошондой эле инфографиканы түзүүнү үйрөнүштү. Натыйжада,  биз сайтка толук кандуу, деталдуу мультимедиялык материалды кантип даярдоону үйрөттүк, - деп белгиледи Кожобаева.

 

 

Гульжан Алтымышбаева: Гүлмайрам Айдарали кызы, (Баткен)

-Бул тренингде биз мурда билбеген көп нерселерди алдык. Негизинен биз камеранын мүмкүнчүлүктөрүн  өздөштүрдүк, видео тартууну жана монтаждоону, тексттерди туура жазууну, тагыраагы маалыматты туура көрсөтүүнү үйрөндүк. Биз  смартфондун  мүмкүнчүлүктөрүн жумушубузда колдонууну үйрөндүк.

 

 

 

Максат Лесбеков, Бишкек, Бешинчи каналы:

- Бул медиамектепте биз талдоо жургүзгөндү үйрөндүк, тренерлер бизди объективдүү болууга үйрөттү. Тренингде аудиторияга жана тренерлерге материалыбызды көрсөтүп, коомго эмне керек, кандай материалдар аудиториянын көңүлүн бурат экенин  билип алдык. Биз тексттерди туура жазууну үйрөндүк. Бул мектепте, азыркы мезгилдин талабы боюнча, бизди универсалдуу журналист болууга үйрөтүштү.

     
Бөлүшүү