2019-жылдын чыгармачылык сунуштар учун сынагынын жыйынтыгы

 

Медиа-К» долбоору алкагында Кыргызстандагы Интерньюс контентти иштеп чыгаруу боюнча чыгармачылык сынагынын жыйнтыгы чыгарылды.

Интерньюстун «Медиа-К» долбоору- бул жарнама, бизнес, медиарынокту бириктируу, ТВ-өлчөмдөрүнүн жаңы системалары жана сапаттуу атамекендик контент.

Биз «санарипке» ийгиликтүү өткөндөн кийин жана Кыргызстанда көбүрөөк санда телеканалдар пайда болгондон кийин, ар бирибиздин кызыктуу, сапаттуу жана профессионалдуу телевизиондук программаларды көрө алуубузду каалайбыз.

Бул сынак Кыргызстандагы баардык телеканалдаронлайн-медиалар, продакшн-студиялар жана көзкарандысыз продюсерлер үчүн ачык болуп өттү.

Жалпы 200гө жакын чыгармачылык сунуштар кирди. Тандоо комиссиясы конкурска келип түшкөн  өтүнмөлөрдөн тандап алып, сегиз  долбоорлорду аныктады:

 

Сынактын жеңүүчүлөрүн арасында:

 

ОсОО «Соль»

Автор Айгуль Аджиева,  «Бакчы кыз» долбоору

Эрезеге жетелек бакчы кыздардын тагдыры жөнүндө документтүү фильм.

 

ОО «Лаборатория инноваций»

Автор Юлия Горяйнова, «Люди дела» долбоору (Ишкер адамдар)

Кыргызстандагы ар кандай аймактарынын кесипкөй  каармандар боюнча мултимедиалык  сериялуу лонгриддер.

 

ОсОО  «Элгезит»

Автор Семетей Аманбеков, «Детективы Киргизии» долбоору  (Тыңчылар)

Советтик доордун эң ири кылмыштар жөнүндө документтүү сериал.

 

ОО «Журналисты»

Автор Марс Тулегенов, «Жомоктор дуйносу» долбоору

Балдарга арналып жазылган жомоктор жана куурчактар менен коюла турган телеспектакль.

 

ОФ «Центр Медиа Развития»

Автор Нургуль Абдыкеримова, factcheck.kg долбоору

factcheck.kg сайтты колдоонуу жана калп кабарлардын айбын ачуу.

 

ОО «Медиа и культура»

Автор Шайырбек Эркин, «Жашоого күрөш» долбоору

«Жашоого күрөш» документалдуу фильмдер. Долбоордун максаты, коомдогу өзгөчө каармандар аркылуу, максаттардын, кыялдардын бийиктигин даңазалоо.

 

ОФ «Творческий центр»

Автор Суйун Сулайманова, «Санжыра» долбоору

Кыргыз урууларынын санжыра боюнча анимациалык сериалы.

 

ТРК «Ынтымак»

«Экология жизни» долбоору (Жашоонун экологиясы)

Кыргызстандагы аймактарынын туристтик потенциалды көрсөтүү үчүн теледолбоору.

 
Бөлүшүү