КРдагы Интерньюс инфекциялык оорукана доктурларына жардам көрсөтөт

 

Көптөгөн уюмдар, ишкерлер жана жеке жактар коронавирус менен күрөшүүдө өз жардамын көрсөтүүгө даяр. Алар каражаттарын өз алдынча чогултуп, айрым абдан муктаж медициналык мекемелердин эсептерине которууда.

 

Бүтүн өлкө тургундары үчүн оор кырдаалда КРдагы Интерньюс кызматкерлери да Республикалык инфекциялык оорукана доктурларын колдоо максатында өздөрүнүн бир күндүк эмгек акысын которуп берүүнү чечишти.

 

 

Биз медицина кызматкерлерине алардын жан аябаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын бардык жарандарын аларга жардам көрсөтүп:

 

үйдө отурууга,

 

карантин тартиптерин сактоого,

 

өзгөчө абал талаптарын аткарууга чакырмакчыбыз.

 

 Фото  kabar.kg  COVID-19 Республикалык штаб

Бөлүшүү