Кыргызстандагы Интерньюс блогерлер жана инфлюенсерлер үчүн буткемп өткөрөт
Кыргызстандагы Интерньюстун “Медиа-К” долбоору блогерлердин жана контент жаратуучулардын арасында “BloggerBol” буткемпине катышууга сынак жарыялайт.
“BloggerBol” – бул блогерлер менен контент-жаратмандар үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн аянтчасы, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууга, социалдык көйгөйлөрдү ачык айкын жана жаратмандык менен чагылдырганды, актуалдуу жаңылыктарды даярдаганды, керектүү суроолорду бергенди, чыгармачылык аркылуу пикир билдиргенди үйрөнгөнгө мүмкүнчүлүк бар.
“BloggerBol” буткемпи – бул төрт күндүк окутуу лагери. Убакыт аралыгында анын катышуучулары төмөндө көрсөтүлгөн багыттар боюнча медиа, блогинг жана SMM тармагында контент жаратуу боюнча билим алып, тийиштүү көндүмдөргө үйрөнүшөт:
- Экология: климаттын өзгөрүшү жана курчап турган чөйрөнү коргоо;
- Гендердик теңдик: гендердик маселелер, феминизм, үй-бүлөдөгү жана аялдарга, балдарга карата зомбулук;
- Социалдык активизм: жарандуулук, билим, социалдык маселелер, денсоолук, инклюзия ж.б.
Эгерде сиз:
- Блогерликти жаңы эле баштасаңыз жана аккаунтуңузду кызыктуу жана пайдалуу контент менен толтургуңуз келсе;
- Жогоруда көрсөтүлгөн багыттардын биринде контент жаратып жатсаңыз же жараткыңыз келсе;
- Кыйын инфлюенсер сизге устат болсо деп кыялдансаңыз;
- Коом үчүн маанилүү көйгөйлөрдү туура жана так чагылдыргыңыз келсе;
- Сторителлингдин аспаптарын колдонуу менен контент жаратуу көндүмдөрүңүздү жакшыртып, блог алып баруудан акча-каражат тапкыңыз келсе, анда биз сизди күтөбүз!
Буткемп учурунда катышуучулар сторителлингдин негиздери, видео жана фото тартуудагы креативдүү ыкмалар менен таанышышат. Дагы башкалардын укуктарын бузбай өз пикирин билдиргенди, долбоорлорун сунуштаганды, блогдон акча-каражатты тапканды жана коомдук тармактар үчүн ар түрдүү контентти жаратканды үйрөнүшөт.
Буткемптеги окутуудан кийин анын катышуучулары онлайн-марафонго катышышат – алар эки ай менторлорунун жардамы менен контенттерди жаратышат. Онлайн-марафондун жеңүүчүлөрүнө техникалык колдоо көрсөтүлөт.
Ким катыша алат:
- 18-35 жашка чейинки адамдар;
- кыргыз тилинде эркин сүйлөгөндөр жана кыргыз тилиндеги видеконтентти жаратууга кызыккандар;
- “BloggerBol” буткемпине катышууга 5 күнүн бөлө алгандар (4 күн окутуу жана келип-кеткенге бир күн);
- контент жаратуу менен узак мөөнөт алектенгендер;
- “BloggerBol’дун” экология, гендердик теңдик, социалдык активизм темалары боюнча мурда жарыяланган бери дегенде 1-3 материалы барлар.
Катышуу үчүн онлайн-билдирмени 2023-жылдын 31 августу саат 23:00гө чейин толтуруу зарыл.
ОНЛАЙН-БИЛДИРМЕ (бул жерди бассаңыз, толтуруу формасы ачылат).
Көңүл буруңуздар! Билдирмеге жогоруда көрсөтүлгөн багыттардын бири боюнча жарыяланган актуалдуу контентиңизге гипершилтемени коюшуңуз керек, ошондой эле #BloggerBol2 хэштегин коюп жана @internewskg деп белгилеп Instagram платформасында кошумча сынактык видео жарыялаш керек.
- Биз сизди кызыктырган теманы ачып берген кыргыз тилиндеги кызыктуу видеоролигиңизди (бирди же бир нечени) күтөбүз;
- Видеороликтин хронометражы (узактыгы) 1 мүнөт 30 секундадан ашпашы зарыл;
- Комиссия сынактык иштердин негизинде катышуучуларды тандап алат.
Уюштуруучулар транспорт, жайгашуу жана тамактануу чыгымдарын өзүнө алат. Буткемптин алкагында каралбаган башка чыгымдарды катышуучулар өзүлөрү төлөшөт.
Буткемптин даталары:
- Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын катышуучуларына буткемп Ош шаарында 2023-жылы 20-24-сентябрда өтөт.
- Талас, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын катышуучуларына буткемп Бостери айылында 2023-жылы 27-сентябрдан 1-октябрга чейин өтөт.
Кошумча суроолор жаралса Интерньюстун КРдеги өкүлчүлүгүнүн программалык координатору Исмаил Карыповго кайрылсаңыздар болот:
Почта: [email protected]
Телеграм: https://t.me/IsmailKarypov