Интерньюс 10 күндүк "Универсалдуу журналист" мектебин ачты

   

"Универсал журналист мектеби" редакциялардын  кызматкерлери,  фрилансерлер жана журналистика факультетинин студенттери реалдуу практикалык кросс-платформа медиа көндүмдөрүн издегендер үчүн интенсивдүү курс.

 

Тренингди Кыргызстандын  медиа-тренерлери кыргыз тилинде өткөрүшөт,  ошондой эле чет өлкөлүк белгилүү медиа эксперттердин мастер-класстары каралган.

 

Тренерлер: Элима Джапарова, Курманбек Макешев,

Замира Кожобаева, Марс Тулегенов, Ибрагим Хасан-Ахунов,

Конок лекцияларын:  Азамат Тынаев, Айнура Кабатай кызы,

Нурбек Арзымбаев, Максуда Айтиева, Исмаил Карыпов өткөрүшөт.

 

Мектепте окуп жүргөндө катышуучулар жаңы медианын жана онлайн иштин өзгөчөлүктөрү боюнча теориялык билимдерди гана алышпастан, иш жүзүндө текст жана видео контентти түзүү көндүмдөрүн өздөштүрүшөт.

 

   

Мектептин студенттери редактордук топто иштөөнүн өзгөчөлүктөрү менен таанышат.

Алар сценарийдин планын түзүүнү, камера жана смартфон менен видео тартууну жана монтаждоону, басылмаларында инфографиканы колдонууну үйрөнүшөт.

     

Интерньюстун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору Элина Каракулова белгилегендей,  Media-K долбоору дата журналистикасын  жана журналисттик иликтөөлөрдү, социалдык маанилүү контентти түзүү сыяктуу келечектүү багыттарды колдойт. Мунун баары редакция кызматкерлеринен көп кырдуу даярдыкты талап кылат. Андыктан универсалдуу журналист мектеби кийин адистикти тандоо, улантуу жана профессионалдык жактан андан ары өнүктүрүү үчүн жакшы башталыш болуп саналат.

      фото internews.kg
Бөлүшүү