“Шайлоо алдындагы жана андан кийинки дискурста кастык тили жана сарказм” изилдөө

Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектеби Кыргыз Республикасындагы Интерньюстун “Медиа-К” долбоорунун колдоосу менен 2021-жылдын 15-декабрынан 22-январга чейинки аралыкта жүргүзүлгөн “Шайлоо алдындагы жана андан кийинки дискурста кастык тили жана сарказм” изилдөөсүн сунуштайт.

Бул изилдөө көп тилдүү медиамониторингдин жана тандалып алынган онлайн медиа жана социалдык тармактардын контентиндеги Кыргызстандагы кезексиз президенттик шайлоо тууралуу талкууларда учураган кастык тилинин талдоосуна негизделет.

Президенттик шайлоо өнөктүгү учурундагы кастык тилинин документтештирилген деңгээли парламенттик шайлоо мезгилиндеги көрсөткүчтүн жарымына барабар болгону аныкталды. Бирок бул коомдо талаш-тартыштын маданияты же тармактык этиканын деңгээли жогорулаганын билдирбейт.

Эксперттер муну үгүт кампаниясынын пассивдүүлүгү, талапкерлердин бир өңчөй курамы менен шайлоонун мөөнөтүнөн эрте өткөнү, ошондой эле ар түрдүү коомдук-саясий окуялар көп болуп кеткенинен улам журналисттер, колдонуучулар жана спикерлер "социалдык түгөнүүгө" дуушар болгону менен түшүндүрүшүп, бул себептер ошол учурдагы жагдайларга кызыгууну азайтып, коомдук талкууга да өз таасирин тийгизди деп белгилешет.

 

Изилдөөчүлөр кастык тилинин тенденцияларын жана динамикасын изилдеп, аны сабырсыздыктын түрлөрү боюнча классификациялашкан жана бир тенденция экинчи тенденциянын жайылышына түрткү берген себептерди аныкташкан.

 
 Диаграмма 1. 2020-2021-жылдардагы шайлоо дискурстарында талданган материалдардагы сабырсыздык тенденцияларынын салыштырма динамикасы

Мындан тышкары, социалдык тармактарда жана форумдарда Интернеттеги жалпыга маалымдоо каражаттарындагы адепсиз лексика, жаргон жана кордоо сөздөрүн камтыган материалдардын астынан бир катар куйкум жана маскаралоо комментарийлери жана сүрөттөр табылды. Маскаралоо, сарказм сөздөрү конкреттүү бир адамды аудитория тарабынан негативдүү кабыл алышын күчөтүү жана кастык тилин жашыруу үчүн колдонулган.

Ошондой эле интернеттеги талкууларда жана ЖМКларда түрдүү пикир келишпестиктерди чакырган, оппоненттердин позицияларын бурмалоого барган туура эмес аргументтөөлөр документтештирилди. Баяндамада кастык тилинин мындай лексикаларынын түрү Батышка каршы риторикада көрүнгөнү, талапкерлерге жана ар түрдүү инсандарга чындыкка туура келбеген паралеллдер айтылып, аларды жаныбарлар менен салыштырып, гумандуулукка жатпаган метафораларды түзүшкөнү айтылат. 

Эксперттер аудиторияга коомдук дискурста толеранттуу технологиялардын натыйжалуулугун түшүндүрүү максатында маалыматтык кампанияларды иштеп чыгууну жана өткөрүүнү, пикирлердин плюрализмин жана сөз эркиндигин эске алуу менен саясий туура лексика жана стилистиканы жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакциялык практикасына киргизүү боюнча ишти улантууну сунушташат. Ошондой эле азчылыктардын, калктын социалдык жана басмырланган топторунун үнүн жакшы чагылдырып, аудиторияга алардын конституциялык укуктарын түшүндүрүп берүү керек, ошондой эле медиада жарыяланган макалалардын астында жооптуу журналистика (модерация, алдын ала модерация) менен иштөө керек. медиа.

    Шайлоо алдындагы жана андан кийинки дискурста кастык тили жана сарказм - презентация бул жерде.
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
Уюм тууралуу. Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектеби – медианы өнүктүрүүнү, коом менен байланышууну, сөз эркиндигин жайылтууну, медиадагы кастык тили жана басмырлоо менен күрөшүүнү максат кылган уюм. Медиа-изилдөөлөргө жана онлайн-контентти экспертизалоого, ЖМКда, интернетте жана ачык дискурста кастык тилин иликтөөгө, сезимтал тематикага кампанияларды уюштурууга, журналисттерге жана онлайн контентти уюштуруучуларга, укук коргоочуларга, анын ичинде талаш-тартыш бар аймактарда тренингдерди уюштурууга адистешкен. 2011-жылдан баштап БАдагы Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектеби түрдүү чөйрөдөн кастык тилинин мониторингинин жана изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарынын негизинде 24 баяндама жана сунуштардын топтомун чыгарды.

  www.ca-mediators.net;

https://www.facebook.com/peacemakingS/; [email protected]

Бөлүшүү