Чөңөрдөн кантип кактус өсүп чыкты

1 августа 17

Zanoza.kg мультимедиялык-маалыматтык порталды ойлоп табып жана түзгөн топ Kaktus.media маалыматтык-кызыктыруучу порталында иш жүргүзгөнү башташты.

Сайттын түзүүчүлөрү айткандай, аттын өзгөрүүсүнө бир нече себептери бар. Эң башкысы бул – окурмандардын, жарнама берүүчүлөрдүн жана өнөктөштөрдүн кызыкчылыктарын коргоо.

Айрыкча, жакында Бишкектин Первомайский райондук соту Венера Жакыпбекова “ПроМедия” коомдук фондуна Zanoza соода белгисин кандайдыр бир жолдо колдонууга тыюу салган чечимди чыгарган. Чечим дароо өзүнүн күчүнө кирди.

Соттук аткаруучулар сайтка өз эрки менен чечимди аткарууга 10 күн беришкен. “ПроМедия”нын түзүүчүлөрү Zanoza.kg сайтынын жалгыз түзүүчүсү жана ээси болгонун билдиришти, бирок мыйзамды да сыйлаганын айтышты.

Сайттын аты гана эмес, негизги ою да өзгөрдү. Көбүраак кызыктыруучу-билим берүүчү маалымат берилет. Сайт аракеттүү жаңылыктардын булагы болуп калат.

Саясат менен кызыккан окурмандар өзүнө кызыктуу маалыматты Нарын Айыптын сайтында окуп алышса болот narynaiyp.com.

Азыркы учурда иштетилип жаткан kaktakto.com жакында анализдик материалдарды окуганы жеткиликтүү болот.

Сайттын кошо-уюмдаштыруучусу Дина Маслова өзүнүн Facebook баракчасында жазды:

— Давно пора расширять горизонты: искать аудиторию в других нишах, в других странах…

Мы хотели показать, что сайт – это люди, а не вывеска. Это команда, которая хочет и умеет работать и не собирается сдаваться…

(Кыргызчасы)

— Өсүүгө так убакыт келип калды: башка тармактардан, өлкөлөрдөн аудиторияны тапканы аракет кылыш керек...

Биздин көрсөткүбүз келген сайт – бул адамдар болгону, көрнөк эмес. Бул эч качан артка кайтпаган, иштегени каалаган жана билген адамдардын тобу.

Бөлүшүү