Кыргызстан ММКлары жаңы реалдуулукта COVID-19 менен кандайча иш алып барууда. «Салам медиа», Баткен.

КРдагы Интерньюс негизги шериктери туурасында алардын өлкөдө коронавирус пандемиясынан улам киргизилген өзгөчө абал жана толук карантин шартында жаңы реалдуулукка ыңгайлашуусунун контексинде бир катар басылмаларды чыгарат. Бүгүн биз Баткендеги аймактык «Салам Медиа» радиостанциясы туурасында сөз кылмакчыбыз.

 

Жыйырма жыл ичинде чакан кабар студиясынан Кыргызстандагы техникалык жактан эң мыкты радиостанцияга айланды. Бүгүн «Салам» бул Баткендин «үнү» гана болбостон, борбордон эң эле алыстатылган аймагынан видеосюжеттер менен камсыздап келет.

Мунун баары КРдагы Интерньюстун «Медиа-К» долбоорунун алкагында негизги шериктерин үч жылдык институциялык колдоосунан улам мүмкүн болду.

 

 

Өзгөчө абал учурундагы эфир

 

20 жылдан бери Улукбүбү Амирова  «Салам» радиосунда алып баруучу кесибин аркалап келет. Улукбүбү радиостанцияны өзүнүн экинчи үйү катары көрөт. Рынокто туруктуу иш алып баруунун кыйынчылыктарына карабай ал аймактагы кабарын сактап калуунун ар кыл ыкмаларын издеп келет.

 

Бүтүн өлкө өзгөчө абал режиминде жашоо сүрүп жаткан коронавирус пандемиясынын оор күндөрү «Салам» өзүнүн обого чыгуусун токтопостон улантууда. Улукбүбү студияга көчүп келип, ободогу мурдагыдай эле өзүнүн жаркын таанымал үнү менен жергиликтүү угуучулардын маанайын көтөрүп келет.

 

Студия конокторунун санын чектөөгө туура келгени менен, Амирова алар радиоугуучуларына шаардагы, аймактагы кырдаал туурасында майда-чүйдөсүнө чейин кабарлап берүүсү үчүн жергиликтүү аткаминерлер -шаар мэри, район акими, доктурлар менен түз эфирде байланышып келет.

Радио кызматкерлери, үйдөн иш алып барып, интернет аркылуу эфирди толуктап, алыстатылган түрдө плейлисттерди толтурушат.

 

Амированын айтымында пандемия маалында аймакта калк арасында көптөгөн ушак-айың тарап, ал жалган маалыматтарга, фейктерге каршылык көрсөтүп келет. Ошондой эле радио аркылуу коронавирустан кандайча сактануу керектиги, кандай санитардык ыкмаларды колдонуу керектиги, кандай адаттар ооруну жугузуп алууну алдын алуудагы чаралар боло тургандыгы туурасында көптөгөн пайдалуу маалымат берилүүдө.

 

Радио обосунда адаттагыдай эле көптөгөн музыка, куттуктоолор орун алып, алар бүгүнкү күнү аргасыз обочолонуудагы бардык адамдарга убактылуу сыноодон өтүүгө жардам берүүдө.

 

 

 

Медиа-К долбоору менен ийгиликтүү алакалашуу

 

2018-жылдан тартып «Салам медиа» КРдагы Интерньюстун негизги шериги катары контентти өндүрүүгө жана студиясын техникалык жактан кайра жабдууга гранттык жана техникалык колдоо алып келет.

 

Салам Радио 2000-жылдын башындагы жабдуусун алмаштырып өз радиостудиясын жаңыртып, сапаттуу алып барууларды жазууга мүмкүнчүлүк алды. Эми студия Facebook жана YouTube каналдарында түз алып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, аудиториясын кеңейтүүгө жетишти.

 

Салам радиосунун студиялык жабдууларын жаңылоосунун техникалык өзгөчөлүктөрү туурасында кененирээк төмөндө орусча окуңуз:

internews.kg

 

Үч жыл ичинде жамааты медиа ишмердүүлүгүнүн ар кыл багыттары боюнча бир катар кеңештерди алды.

 

Шериктешүүнүн башында эки жыл мурун Интерньюс кеңешчилеринин көчмө резиденциясы өткөн. Бул иш-чара Салам радиосуна өз стратегиясын тандоого жана да өзүн радиостанция катары гана эмес, мультимедиаресурс катары жаңы баскычта көрсөтүп, «Салам медиа» катары жарнак кирешесин жогорулатуу жол берди.

 

Эки жыл аралыгында кызматкерлери ар кыл багыттагы ММКлар ишмердүүлүгү боюнча менеджмент, жарнак, онлайн-редакцияны башкаруу, дизайн, социалдык тармактар, видеоконтентти өндүрүү сыяктуу бир катар тренингдерден өтүштү.

 

 

Өткөн жылы аймактык радиостанциялар үчүн Тынчтык Кожобековдун көчмө тенингдеринде Салам радиостанциясынын бир нече кызматкери радио ободогу үн менен маалымат эмнеси менен маанилүү, радио берүүнүн максаттуу аудиториясын кандайча аныктоого болот, радиоэфирди программалоо деген эмне, диджейдин чеберчилиги эмнеде, ошондой эле эфирди музыкалык жактан кандайча жасалгалоо керектиги туурасында билишти.

 

 

Тренердин жардамында максаттуу аудиториясы, форматы аныкталып, жаңы слоган жана мезгилдик жазгы промороликтер иштелип чыкты. Аудиториянын музыкалык артыкчылыктарын аныктоо максатында телефондук сурамжылоо жүргүзүлдү.

 

Бүгүн «Салам медиа»

 

 

Instagram,

YouTube,

Facebook,

«Одноклассники»

 

 

         

сыяктуу бардык социалдык тармактарда жайгашкан.

 

 

 

«Салам медиа» үч жыл ичинде ары кирешелүү жана ары туруктуу мультимедиалык редакцияга айлануу милдетин алдына койду.

 

 

Радио салам бир катар ийгиликтерге жетишти.

 

Жыл аягына жарнактан кирешеси 15%га өстү. Интерньюс «Салам медиага» өз прайс-баракчасын, коммерциялык сунушун жана ММК презентациясын кайра карап чыгууга жардам берип, мунун аркасынан студия жарнактык келишимдер санын көбөйтүүгө жетишти.

 

 

Коммерциялык директору ошондой эле жарнак берүүчүлөр менен иш алып барууга жана медиаплан түзүүгө үйрөндү.

Дээрлик бардык ири жарнак агенттиктери редакциянын жарнак берүүчүлөр тизмесине кирип, киреше алуудагы өздөрүнүн ири салымын кошуп келет.

 

 

Салыштырмалуу кыска убакыттын ичинде негизги шеригибиз өзүнүн YouTube-каналынан киреше алууга жетишти.

 

 

 

Биздин telegram-каналыбызга жазыл!

 

КРдагы Интерньюс USAID жана FHI 360 тарабынан каржыланган «Медиа-К» долбоорунун алкагында негизги шериктер катары тандалып алынган медиаларга институциялык колдоо көрсөтөт.

Бөлүшүү