Кыргызстан журналисттери массалык каршылыктарды жана саясий кризисти кандайча чагылдырып жатышат

 

Кыргызстандын көз карандысыз ММК журналисттеринин активдүү ишинен улам дүйнө жүзү шайлоо күнү эмне болгондугу, 4-октябрь күнү шайлоо участкаларында кандай тартип бузуулар орун алгандыгынан кабар алды.

 

Репортерлер Бишкектеги борбордук аянттагы массалык митингден түз көрсөтүүлөрүн ыкчам алып барып жатышты. Байланыш жана интернетке жеткилик менен болгон көйгөйлөргө карабастан журналисттер 5-октябрь күнү каршы чыккандарды кууп жаткан маалда орун алган чыныгы кырдаалды көрсөтүүгө аракет кылышты.   

Көптөгөн журналисттер ден соолугун жана өмүрүн тобокелге салып, жаңжал чордонунан өзгөчө милдеттеги милиция отрядынын (ОМОНдун) аскерлеринин дээрлик ок атуусунун астынан, күрүлдөткөн гранаталардын чуусу астында берүүлөрүн алып барып жатышты. Айрым журналисттер укук коргоо органдары митингге чыккандарды кууп чыгаруу үчүн колдонгон жаш агызуучу газдан ашыкча жутуп да алышты. 

 

Журналисттер парламент имаратын (Ак үйдү) басып алган маалында, бийлик түзүмүндөгү кескин өзгөрүүлөр орун алып жана 6-октябрь таңында Бишкек сыяктуу эле Ош, Баткен, Каракол, Талас шаарларында уланып жаткан баш аламандык жана тартипсиздик маалында өздөрүнүн кесиптик милдетин аткарып жатышты.

 

Азаттык, Настоящее время, Некст ТВ, Клооп, Кактус медиа, Аки пресс, Элгезит, 24.kg, "Говори ТВ"  жана башка басылмалардын журналисттеринин эрдигин баса белгилеп кетүү керек.

скриншот . Жибек Бегалиеванын  5чи октябрда чагылдыруу .

 

 

kaktus.media

Бишкекте бронемашина митингге чыккандарды тебелеп жатат .Элгезит.

 

Говори ТВ

Тюз эфир: Шайлоонун жыйынтыгына каршы болгон баардык партиялар аянтта чогулду

Бөлүшүү