«Сентябрь» каналы «Жалбырак ТВ» болуп түзүлүп YouTube'да көрсөтүлө баштады

28 августа 17

Райондук соттун чечими менен жабылган «Сентябрь» каналы эми бардык белгилүү коомдук тармактарды колдонууда - Facebook, Instagram жана башкалар, ошондой эле YouTube каналында түз эфирге чыгып жатат.

Каналдын өкүлү Кайыргүл Урумканова маалымдагандай, жамаат мындан ары да иштеп, бүгүнкү күндө көрүүчү муктаж болгон маалыматты чагылдырууну чечти. «Сентябрь», өз ишмердүүлүгүн токтотууга ниеттенбейт жана бардык каражаттардын жардамы менен маалымат таратуу мүмкүнчүлүктөрүн издейт.

Анын айтымында, «Сентябрь», «Жалбырак ТВ»га айланып, Интернет мейкиндигин өздөштүрүүгө ниеттенүүдө бирок, азырынча укуктук маселелер чечилбей жатат.

«Бир апта мурун «Жалбырак ТВ» аталышындагы YouTube-каналы ачылды. Ага жазылгандардын саны 49 миңге жетти»,- деди Кайыргүл Урумканова.

Өткөн жуманын аягында, каналдын жетекчилигине Кыргызстандын маалымат технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети билдирүү жасады. Бул катында агенттик, экстремисттик деп табылган материалдарды жарыялагандыгы үчүн тыюу салган ТРК «Сентябрь» берүүлөрүн, соттук чечимди аткаруу менен чара көрүүнү суранган.

 
Бөлүшүү