Бешинчи каналдын эмгек жамааты өз ишин жыйынтыктап жатат

28 декабря 17

Бешинчи каналдын жамааты өз ишмердүүлүгүн аяктайт. Бул тууралуу телекомпаниянын редакциясы өз сайттында кабарлады.

 28-декабрда, эфирге жаңылыктардын акыркы берүүлөрү чыгат. Ошондой эле акыркы саат 20:00догу жыйынтыктоочу берүүсү телеканалдын тарыхына, буга чейин иштеп кеткен жана учурдагы жамаатына арналат. 

Бешинчи канал биринчи жолу эфирге 11 жыл мурун, 2007-жылы 12-февралда чыккан. Толук сетканы өзүнүн берүүсү менен камсыз кылган КТРКдан тышкаркы жалгыз телеканал эле.  

Жаңылыктары ар саат сайын түз эфирде көрсөтүлгөн Кыргызстандагы биринчи телеканал. Андан соң мындай тажрыйбаны башка каналдар да колдонуп баштады. Анын ичинде мамлекеттик дагы бар.

Жаңылыктардан тышкары, Бешинчи каналда таңкы көңүл-ачуучу программа түз эфирде көргөзүлүп жатты. 11 жыл ичинде Бешинчи каналда ондогон түрдүү теледолбоорлор даярдалган. Атап өтсөк, “Путешествие к центру Евразии”, “Другая жизнь с Натальей Кролевич”, “Салт-Санат”, “Майдан”, “Жайлоо”, “Ранчо”,  “Кухня”, “Эпоха перемен”, “Дата”,  “Пятое измерение”, “Мигранты”, “Точка на карте”, “Два туриста на мели”, “Мнение”, “Два мира ТЭЦ”, “Дорожный строитель”, “Городская среда”, “Кыштакча”, “Люди”, "Үлгү", Кабарчынын күндөлүгү", "Партия", "Гезиттер кербени", "Төртүнчү бийлик", "Дүрбү",  “Закымга айланган замандар”, “Квартира”, “Вечер на Пятом” жана башкалар.

Ошондой эле ушул жылдын башынан бери каналдык кызматкерлери өз демилгеси жана күчү менен турк сериалдарды кыргызчага которуп, көрүүчүлөргө тартуулады. Аз да болсо бул долбоор теле көрүүчүлөрдүн бир бөлүгүнүн сүймөнчүлүгүнө ээ болду. 

Бешинчи каналдын жамааты ар дайым бир максатты көздөгөн- көрүүчүлөргө мекенибиз Кыргызстандын кооздугун, өнөрлүү, боорукер жана меймандос элин, кандай кыйынчылыктар менен өлкөбүз курулганын жана аны түптөөгө катышкан адамдарды көргөзүү эле. Мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша аткаминерлердин шалаакылыгын, паракорчулукту, жемкорлукту, байманаптык кылык-жоруктарды, адамдык акылсыздыкты жана маданиятсыздыкты жоюуга аракет кылдык. 

Дээрлик 11 жылдан бери Бешинчи каналдын командасында таланттуу, кесипкөй, кайдыгер эмес, акылдуу кызматкерлер эмгектеништи. Булар көгүлтүр экранга чыккандар гана эмес: көптөрү кадр артында кызматтанышса дагы Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн кичине болсо дагы салымын кошууга дайым умтулушкан. Андыктан биз алгылыктуу иш алып бардык деген пикирдебиз. 

Биздин жергиликтүү, керек болсо чет жерде жүргөн күйөрмандарыбызга ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Силер бизге үмүт берип, курч темаларды сунуштап, бизди сындасаңар дагы күчтүү болушубузга жардам бердиңиздер. Телеканалга коз артып басып алуу аракеттеринен сактап калдыңар. Акыркы 11 жыл биз сиздер үчүн эмгектенип, көптөрүңөр менен достук мамилесин түзө алдык. 

Бешинчи каналдын командасы өз ишмердүүлүгүн жыйынтыктоодо. 28-декабрь саат 20:00дө жанылыктардын акыркы чыгарылышы. Канал кантип ачылганын, жаңы кадамдарды таштоо кандай кыйынчылыктар жана кубанычтар менен коштолгонун, теле жаатында жасап көргөн эксперименттерден кандай майнап чыкты – баардыгын кайрадан эске салабыз. Бешинчи каналдын кызгыл сары түстөгү микрофону дүйнөнүн кайсы булун-бурчуна чейин жеткенин эскеребиз. Биздин журналисттер кабылган коркунучтар, ыңгайсыз, күлкүлүү учурларды эстеп күлөбүз. Бешинчинин 11 жылдык тарыхын казып чыгып, көрүнүктүү учурларына токтолобуз.

 28-декабрда 20:00дөгү жаңылыктардын чыгарылышын өткөрүп жибербеңиздер. Көңүл бурганыңыздар үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз.  

Баардыгыңыздарды терең урамттоо менен "Бешинчи каналдын" жалпы жамааты.

Булагы: 5news.kg
Бөлүшүү